Tag Archives: тили

АРЫЗ

Арыз – жеке адамдын же топтошкон адамдардын тиешелүү кызмат адамдарына жазуу (кээде оозеки) түрүндөгү расмий билдирүүсү. Арызды кол менен же А4 форматындагы кагазга жазып берүүгө болот. Арыз жазуу үчүн атайы даярдалган бланктарды (формаларды) да пайдаланууга болот. Мындай стандарт бланктар министрлик, ведомство, мекеме, уюмдар тарабынан иштелип чыгып, алардын ички ишмердүүлүгүн уюштурууда керектелет. Арыз сунуш, өтүнүч, арыздануу, даттануу мазмунунда болушу мүмкүн. Арыздын төмөнкү түрлөрү кеңири жайылган:… Калганын окуу »

ЭТИМОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ

Академик Константин Кузьмич Юдахин «Кыргызча-орусча сөздүктө» башка тилдерден алынган чет сөздөрдү атайын белги менен көрсөткөн. Иран тилдеринен алынган сөздөргө ир., араб тилинен алынган сөздөргө ар., дагы ушу сыяктуу белгилерди койгон.

ТӨЛ СӨЗДӨРДҮ ТАРЫХЫЙ АСПЕКТИДЕ КАРОО

Адам сезиминде чагылдырылган түшүнүк сөз менен белгиленет. Сөздүн тыбыштык түзүлүшү – турпат, билдирген туюнтмасы – мазмун. Мазмун турпаты менен таанылат. Турпаты жок мазмун, мазмуну жок турпат болбойт. Бул экөө бир жашап, тең жүргөнү менен булар да өзгөрүлөт.

ТИЛДИН ТАРЫХЫ

Тилдин тарыхы элдин тарыхы менен, элдин тарыхы тилдин тарыхы менен тыгыз байланышкан. Анткени тил ар дайым өз коллективи менен бирге жашайт. Коллективдин өсүшү менен өнүгөт, бөлүнүшү менен майдаланат.

ОРУС ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР

Тилдердеги лексикалык карым-катыш адам коомунун бардык мезгилинде географиялык чөйрөгө жараша болуп келген. Байыркы адамдар да чет тилде сүйлөгөн, калктар менен беттешип калганда алардын тилин билүүгө мажбур болушкан. Байыркы орус тайпалары христиан динин кабыл алганга чейин эле, чектеш жашаган түрк уруулары менен аралашып, мал багып, жер айдап, бири-бири менен соода кылып турушкан.

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН БАЙЫРКЫДАН КАЛГАН ЛЕКСИКАСЫ

Биздин замандын VI–VIII кылымдарында түрк будундарынын (элдеринин) тамгасы болгон. Ошол тамгалар чегилген таш, граниттен жасалган эскерткичтердин бетинде байыркы адабий тилдин үлгүсү сакталып турат. Мына ошол тилди азыркы түрк тилдеринин тарыхын үйрөнүүгө негиз кылып алабыз.

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ ОРУС ТИЛИНИН ТААСИРИ

Кыргыз тили изилденип, предмет катарында окутулушу Улуу Октябрь революциясынан кийинки жылдарга туура келет. XIX кылымдын 2-жарымында чыгып турган «Түркстан валиаты (1870–1883)» менен «Дала валиаты (1883–1902)» газетасынын бир номериналып текшерсек, андагы 6524 сөздүн ичинде 369 сөз (жекече 89) орус тилинен киргендиги аныкталат. Бул сан ошол газетанын 5,5%ке барабар экендигин билдирет.

АРАБ ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨРДҮН ФУНКЦИЯСЫ

Турмуш, тиричиликте дайым колдонула турган кызматы көп сөздөр: акыйкат, азап, айып, доор, жыныс, залал, каат, кадыр, кайрат, кубат, карып, каржы, карыз, касиет, кыял, мазак, максат, мурас, мүнөт, сабыр, талап, тарап, урмат, шарт ж. б. Коомдук иштерге катышкан терминдер: адап, залым, зулум, илим, насиат, осуят, өкүл, өкүм, сапар, саясат, саякат, тагдыр, тарбия, укук, мамлекет, мекеме: дөөлөт, идара.

АРАБ ТИЛИНЕН АЛЫНГАН СӨЗДӨР

К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» араб тилинин таасиринде пайда болгон сөздөр –2177, бул сөздүктүн 5,57% барабар. Кыргыз ысымдарында да араб сөздөрү көп кездешет. Түрк калкына, анын ичинде Кыргызстанда араб тилинин лексикасы менен ислам дини X–XI кылымдарда эле тарала баштаган деп болжоо керек.