Tag Archives: Толтой

ТОЛТОЙ

Айтылуу Кызыл-Суулук кыргыздардын оозеки чыгармачылык үлгүсүнүн дагы бир нускасы — «Толтой» эпосу. Бизде айтылып жана жазылып калган кенже жана чоң эпостордун ичинде өз алдынча эл арасына баатырдык чыгарма болуп тараган «Толтой» аттуу эпикалык чыгарма жок. Кесе айткан себебибиз «Толтой» деген ат менен эл арасында таралып жана жазылып калган чыгарма кезиктирбегендиктен айтылып жатат.

«ТОЛТОЙ» ЭПОСУ

«ТОЛТОЙ»  –  эпос. Кызылсуулук кыргыздарда эл арасында айтылып, баатырдык баян катары кеңири тараган чыгармалардан. Ал элдик мураска өтө берилген жа аны талыкпастан чогултуп келген Жусуп Мамайдын агасы Балбай тарабынан жазылып кагазга түшүрүлүгөн. Жазылган кол жазма «Маданий көңтөрүлүш» дүрбөлөңү  учурда Балбай жазыксыз жерден түрмөгө алынганда көптөгөн элдик мурастар менен бирге «Толтой» эпосу да жоголуп кеткен. Бирок, бул кол жазманы… Кененирээк »