Tag Archives: топоним

АРТЫЛЫШТЫН-БЕЛИ

АРТЫЛЫШТЫН-БЕЛИ — топоним. Ат-Башы кыштагынан 35 км түндүк-батышта, Кара-Коюн өрөөнүнөн Чаптуу-Жерге ашкан бел. Белдеги эски көрүстөндүн жанында «Манастын таш тулгасы» — деп аталган үч кызыл тоголок таш бар. Бул жөнүндө мындай уламыш бар: «Манас жигиттери менен Кошой-Тоодогу ордодон келе жатып Тазбайматка: биз барганча Артылыштын-Белине бир аз шам-шум эткидей тамак даярдап тур деп жиберет. Ошондо Тазбаймат жанказанга тулга кылып… Калганын окуу »

АРГЫН

АРГЫН — этноним. Кыргызга жамаатташ жайгашкан түрк урууларынын бири. Азыркы учурда казактардын орто жүз курамынын ичиндеги эң ири уруусу. 8 —кылымда Жети-Сууну, анын ичинде Таласты жердеген аргу уруусу менен байланышы бар. А., аргу экөө тең «аралаш», «курама», «ар кошкон уруулардын бирикмеси» маанисин туюнтат. Эпосто А. өз алдынча уруу катары сүрөттөлөт. Бул кыргыз менен казактын 16—18-кылымга таандык тарыхый алакалары… Калганын окуу »

АНЖЫЯН

АНЖЫЯН — топоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. Эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, А. Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот. Кыргыздардын… Калганын окуу »

АК-СУУ РАЙОНУНУН ТОПОНИМДЕРИ

Ар нерсенин түзүлүлүшүнѳ жана онүгүшүнѳ  жаратылыштын, коомдун, саясийѳзгѳрүүлѳрдүн мыйзам ченемдүүлүгү зор таасир этерии белгилүү. Андыктан кол башынан орун алган Ак-Суу аймагынын түптѳлүшүнѳ, калыптанышына да бир нече тарыхый маалыматтар, орчундуу себептер түрткү бологон.