Tag Archives: Тянь-Шань

XVI-ХVII КЫЛЫМДАРДАГЫ ТЯНЬ-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ

Тянь—Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети—Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети—Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Та‘рйх—и Рашиди» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда1541—1544-жж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат.

ТЯН-ШАНЬ КЫРГЫЗДАРЫ ХVIII-XIX КЫЛЫМДАРДА

Ойроттор Енисейден алып кеткен кыргыздардын кийин кайда жашашканы жөнүндө так маалыматтар жок. 1746-ж. Усть-Каменогорскиге келишкен «кыргыз-калмактардын» айтканы боюнча аларды «Ургага көчүрүшкөн» жана ал жерде жүргүзүп турган хун-тайчжи Галдан-Цэрэнге (1727— 1745) салык төлөп турушкан. «Урга» дегени хун-тайчжинин Илеге жакын жерге жайгашкан ордосун билдирген. Ошентип, Енисейден алынып кеткен кыргыздар өздөрүнүн Тянь-Шандагы туугандарына жапжакын келишкен, бирок алардын бири-биринен кабар алышканы жана… Калганын окуу »

ТЯНЬ-ШАНДЫН ЖАНА ЖЕТИ-СУУНУН БАЙЫРКЫ ЖАНА ОРТО КЫЛЫМДАР МЕЗГИЛДЕРИНДЕГИ МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУ

Борбордук Тянь-Шандын эстеликтерин талдап чыгуу Тянь-Шандын көчмөндөрү өздөрүнүн саясый, маданий жана экономикалык турмушунда, баарынан мурда, Чүй өрөөнү менен, кененирээк Жети-Суу жана Фергана менен тыгыз байланышта турганын көрсөттү. Жети-Сууну, Талас жана Чу өрөөндөрүн системалуу изилдөөлөр жана алардын биз тараптан атайын эки басылмада жыйынтыкталышы азыр бизге бул райондордун өнүгүшүндө Жети-Суу менен Тянь-Шандын көчмөн урууларынын ролу жөнүндөгү маселени коюуга мүмкүндүк берип… Калганын окуу »

ТЯНЬ-ШАНДЫН ЖАНА ПАМИР-АЛАЙДЫН ТАРЫХЫЙ ГЕОГРАФИЯСЫ

Орто Азиянын тарыхын изилдеп-үйрөнүүдө орус илими биринчи орунда турат. В. Бартольд орто азиялык элдерди тарыхый жактан изилдеп үйрөнүүгө негиз салгандан бери жарым кылымдан көбүрөөк убакыт өттү. Анын биринчи илимий сапары Жети-Суу менен Тянь-Шанда болгон, ал өзүнүн бүткүл өмүрүндө бул аймакка көп жолу кайрылган болсо да, анын тарыхы кийин В. Бартольддун илимий кызыкчылыктарынын борборунда турган эмес.

ТЯНЬ-ШАНДЫН ТАРЫХЫЙ ТОПОГРАФИЯСЫ

1944, 1945 жана 1947-жылдардагы иштер объективдүү себептерден улам бизге бир кыйла фундаменталдуу корутундуга келүү үчүн мүмкүндүк бере турган ири көлөмдөгү казуулар менен аяктаган эмес. Ошондой болсо да чогулган материалдар тарыхый жагдайдагы айрым бир маселелерди коюу үчүн жетишерлик деп айтсак болот, азыр биз ошол маселелерге токтолмокчубуз. Бул баарынан мурда, Шырдакбек чеби жана анын тарыхый аты жөнүндөгү маселе.