МЫЙЗАМ
МЫЙЗАМ – кеңири мааниде бардык нормативдик-укуктук актылар, мамлекет белгилеген жалпыга милдеттүү бардык эрежелер. Укуктук мааниде мамлекеттик бийликтин жогорку өкүлдүк органы тарабынан же жалпы калктын өз эркин тикелей билдирүүсү аркылуу (мис. Референдум) кабыл алынып, өтө маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу нормативдик акт. М. мааниси боюнча конституциялык жана жөнөкөй болуп бөлүнөт. Конституциялык М. конституциядан, конституцияга өзгөртүү киргизүү максатында кабыл алынган.… Далее »