Tag Archives: укук

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген. Жарандык бул адамдын кандайдыр бир мамлекетке таандык экендиги. Укуктар менен милдеттердин жыйындысы мамлекетте жарандык укук абалын түзөт да, ошол аркылуу алар чет өлкөлүк жарандардан айырмаланат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ —МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫ. ПРЕЗИДЕНТТИ ШАЙЛОО. ПРЕЗИДЕНТТИН БИЙЛИК УКУГУ

Кыргыз Республикасынын Президенти жалпы эл тарабынан шайлангандыктан, элдик  бийликтин үстөмдүгүнүн өкүлү болот жана ошол элдик бийликти камсыз кылат, элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин символу болуп эсептелет.

ШАЙЛОО УКУГУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.

УКУК БУЗУУЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ. ЖАЗАЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Укук бузуз бул коомдун кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү же коомго коркунучтуу жана мыйзам тарабынан калыбына келтирилүүчү же жазалануучу иш-аракеттер. Укук бузуунун түрлөрүнө тартип бузуулар, администрациялык укук бузуулар жана кылмыштар кирет. Эми булардын ар бирин өзүнчө талдап көрөлү.

УКУК БУЗУУНУН СЕБЕПТЕРИ МЫЙЗАМДУУЛУК ЖАНА УКУК ТАРТИБИ

Укук бузуулардын себептери бир кыйла жана ар кандай, бирок негизинен анын башкы себептерине ээнбаштыкты, тентектикти жана тарбиясыздыкты, жоопкерчилик сезиминин жана жазаланып калам деген сестенүү сезиминин жоктугун киргизсек болот.

УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ФУНКЦИЯЛАРЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ

Мыйзам тарабынан белгиленген укук тартибин бузган адамдарга карата мамлекеттик мажбурлоо чараларын колдонуу аркылуу калктын таламдарын ар кандай кол салуулардан коргоочу органдар укук коргоо органдары деп аталат.

УКУК ТАРМАКТАРЫ БОЮНЧА ЖАЛПЫ ТҮШҮНҮК

Укук коомдогу боло турган бардык мамилелерди, башкача айтканда жарандардын, мамлекеттик органдардын, чарба жүргүзүүчү субъектилердин бири-бири менен болгон же өз ара мамилелерин жөнгө салып турарын билдик. Ал мамилелердин түрлөрү көп болгондуктан, өзгөчөлүктөрү боюнча тармактарга бөлүнүп, тартипке келтирилип, укук тармактары түзүлөт.

УКУК КОРГОО ЖАНА АЛ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮ

Укук коргоо иши негизинен мамлекет тарабынан түзүлгөн укук коргоо органдары жана сот органдары тарабынан жүзөгө ашырыларын мурдагы сабактарда өткөнбүз. Азыр болсо бул ишти жарандар тарабынан жүргүзүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин карап көрөлү. Укук бузууларды жоюуга жана укук бузгандарды кармап, тиешелүү жазасын берип, мыйзамдуулукту камсыз кылууга атайын органдардын аракеттери жетишсиздик кылат. Ошондуктан, ар бир жаран коомго жат көрүнүштөргө каршы… Калганын окуу »