Tag Archives: уста

УСТА, УЗАНУУ, УСТАЧЫЛЫК

«Кулукедей уста бол, Кыргыз элдин ичинде, Өлбөй турган нуска бол» (Токтогул). Бул — жердиги катуу буюмдарга узануучу чебер. Буга кара уста (темирчи), зергер (күмүш уста) (ат жабдыктарынын чебери: өрүмчү, кайыкчы, кайышчы, анан жыгаччы, кырмаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүз уста (мүйүзчү), тери буюмдарынын чебери (көн, шири, көөкөр, көнөк, көнөчөк, көңдөөл, чыны кап жасоочу) өңдүүлөр кирет. УЗАНУУ — зергерчилик,… Калганын окуу »

МҮЙҮЗЧҮЛҮК

МҮЙҮЗЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү устачылыктын бир түрү. Мүйүз устанын аспап-куралдары башка чеберлерден анча айырмаланбайт. Зергерчиликке таандык: кол араа, балка, ийди (ийги), үшкү (көзөгүч), бычак, үрпү, өгөө өңдүүлөр кирет. Элдик салттуу мүйүз буюмдарына өз бетинче узануу аракеттери чынында басаңдап баратат. Бүгүнкү чеберлер — мүйүз усталар атайын өнөр жай негизинде биргелешип иштөө аркылуу жалаң белек-бечкектерди чыгарышып, алар дүкөндөргө… Калганын окуу »

МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ

МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ — Ат жабдыктарын узанууда татаал өрүмдөрдүн бир түрү. Жортуулга камчылана турган камчылардын түшкүнү сокмоктуу болгон. Түшкүндүн сабын чеберлер күздө кыйылган тобулгу (табылгы) же ыргайдан сапташкан. Камчы түшкүнүн көбүнчө жылкынын, торпоктун терисинен өрүшөт. Өрүм сегизден тартып, жыйырма талга дейре жуп сан менен өрүлөт. Өрүлүүчү көктүн талын күндүн табына кургаткандан кийин ашаткыга салып ийлейт. Күдөрү түрдө аябай… Калганын окуу »

МИСТӨӨ

МИСТӨӨ — жездин бетине калай жугузуу. Усталар жездин сары, кызыл түрлөрүн билет. Мындай жаркырак металлдардан ат жабдыктардын көркөм шөкөттөрүнөн, кыз-келиндердин өздүк кооз буюмдарынан башка мистабак, аптаба, чөөгүн, чайнек өңдүү ж.б.у.с. идиш-аяктарды ойдогудай жасап алышкан. Жезди, колону эритүүнүн өздүк ыкмасы күмүштүкүнө өтө окшош болуп, таза жездин өзүнө бирдеме салуу же коюу анча нарктуулукка жатпаган. Демек, жездин ичин калайлоодо илгери… Калганын окуу »

ЖЫГАЧ УСТА

ЖЫГАЧ УСТА (жыгаччы) — Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу чебер. «Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат. «Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» — эр ээрин, айырмачты, ыңырчакты, «Кырмачы» — табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү, кашыкты, сокуну, чыны кутуну, бишкекти, «Тактачы» — сандыкты, үкөктү, жагданды, жүк тактаны, саба тактаны, чанааны, чийнени, чарпаяны, «Комуз уста» —… Калганын окуу »