Tag Archives: устачылык

ҮШКҮ

ҮШКҮ — жыгач усталардын негизги аспабы. Чеберлер буга жумуру жыгач саптайт. Учу миздүү болот. Муну менен уук баштарын, кереге көздөрүн көзөйт. Кобул салгычтын төрт-алты тиши бар. Алардын аралыгы үч мм ге барабар. Кичине үшкү төрт тиштүү, чоң үшкү алты тиштүү болот. Чебер үшкүнү өзүн карай тартып, жыгачка «тап» (кобул) түшүрөт. Кереге жел көзбү, же тор көзбү, ошого ылайыктап,… Калганын окуу »

УСТА, УЗАНУУ, УСТАЧЫЛЫК

«Кулукедей уста бол, Кыргыз элдин ичинде, Өлбөй турган нуска бол» (Токтогул). Бул — жердиги катуу буюмдарга узануучу чебер. Буга кара уста (темирчи), зергер (күмүш уста) (ат жабдыктарынын чебери: өрүмчү, кайыкчы, кайышчы, анан жыгаччы, кырмаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүз уста (мүйүзчү), тери буюмдарынын чебери (көн, шири, көөкөр, көнөк, көнөчөк, көңдөөл, чыны кап жасоочу) өңдүүлөр кирет. УЗАНУУ — зергерчилик,… Калганын окуу »

ТЕЗ

«Тез бар жерде ийри жыгач жатпайт» (Макал). Бул — жыгач усталардын дүкөнү. Боз үйдүн кереге-уугун жасоодо тал таяктардын түзүн ийе турган, ийрисин түзөй турган аспабы. Мунун бийиктиги 80— 100 см дей келет да, ача жыгачтын ача жагы жогору каратылып, жерге орнотулат. Ага узундугу бир жарым метрдей ийилбес жоон жыгачтын бир жагы бекитилет. Анын 20 мм дей төмөн жеринен… Калганын окуу »

МҮЙҮЗЧҮЛҮК

МҮЙҮЗЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүгүндөгү устачылыктын бир түрү. Мүйүз устанын аспап-куралдары башка чеберлерден анча айырмаланбайт. Зергерчиликке таандык: кол араа, балка, ийди (ийги), үшкү (көзөгүч), бычак, үрпү, өгөө өңдүүлөр кирет. Элдик салттуу мүйүз буюмдарына өз бетинче узануу аракеттери чынында басаңдап баратат. Бүгүнкү чеберлер — мүйүз усталар атайын өнөр жай негизинде биргелешип иштөө аркылуу жалаң белек-бечкектерди чыгарышып, алар дүкөндөргө… Калганын окуу »