Tag Archives: уулу

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, Ысыккөл р-ну – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыздар арасында кеңири белгилүү ойчул, акылман. К. реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбаган, бирок, аты легендага айланып, калк арасында Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен акылман делип үлөгөр ысымдар менен бирге айтылуучу адам. Калк арасында өзгөчө  зор кадыр-баркка ээ болгондугуна карабастан Калыгул Бай уулунун  өмүр жолу, чыгармалары ж-дө  такталган маалыматтар аз. Мунун себеби,… Калганын окуу »

КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ

КОРГОЛ Досу уулу  (1882–1962, Кетментөбө р-ну) – чебер, өткүр ырчы, талантуу аткаруучу. Атасы баба дыйкан уста, мергенчи, ары чоң комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Коргол атасынын бүт күүлөрүн үйрөнүп, айтылуу Ниязалыдан да комуздун бардык жол-жобосун  өздөштүргөн. Коргол  ата-энесинен эрте ажырап көп кыйынчылыкты көргөн. Байга малай болуп, кыйын күндө  жүргөндө  башын бошотуп, эл аралатып,  өнөрүн жөндөп, көп кырлуу чоң  ырчылардан болуп калышына Токтогулдун салымы зор. Ал… Калганын окуу »

КУМАР УУЛУ БАЛЫК

КУМАР  уулу Балык (Бекмурат) (1799–1887, Кетментөбө  өрөөнү) –19-кылымда жашаган легендарлуу улуу манасчы. Атасы эрте  өлүп, энесинин төркүнүн паана тутуп, Таласка көчүп келишет. Жашынан атасыз жетим калгандыктан өмүрүнүн алгачкы учуру оорчулукта  өтүп, көрүнгөндүн жумушун кылып жүрүп, акыры Олуя-Атадагы Кокон бегине малай болот. 1921–25-жылдары Кетментөбө, Талас, Чүй өрөөндөрүн басып алган Кокон хандыгынын жер-жерлерге койгон бектери жергиликтүү элден ар түрдүү чыгымдарды мал түрүндө жыйнап, Коконго жөнөтүп турган.… Калганын окуу »

МАМБЕТ ЧОКМОР УУЛУ

МАМБЕТ  Чокмор уулу (1896, Тоң  р-ну  –  1973)  –  манасчы. Ал  өз вариантын жаздырып жүргөн учурда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай: «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты” өз дилинде айтпаса, жаттап бирөөдөн үйрөнүп алууга болбойт” – деген. Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон чоролордун аян берүүсүнөн, «айтасың” деп кыстаганынан кийин гана «Манас” айтып калгандыгын эскертет. 20 жашында Тастар-Ата деген жерде жүрүп,… Калганын окуу »

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Кочкор р-ну – 1917) – түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны; «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл… Калганын окуу »

МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ

МОЛДО НИЯЗ  Эрназар  уулу (1823, Кадамжай р-ну  –1898)  –  жазгыч акын, агартуучу жана  кыргыз тилинде эң  алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст  – «Санаттар” аттуу кол китептердин автору. Алтынчы атасынан наркы бабаларынын ысымына «бий” деген  сөз кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий ж. б. ) теги түптүү болуп келип, кийинки аталары дин кызматына, дыйканчылыкка ж. б. турмуштук жагдайларга аралашып кетип, кийин жардыланып калган. Мис., бешинчи (бабага)… Калганын окуу »

МУЗООКЕ ЖАМАНКАРЫ УУЛУ

МУЗООКЕ Жаманкары уулу (1800, Акталаа р-ну – 1878) –белгилүү ырчы. Музооке эч кимге жалданып ырдабай, жалаң өнөрү менен жан баккан момун адам болгондуктан, анын азабын да тарткан. Кочкордо бир ашта ырдап жүрсө, өнөрүнө суктанып, эки чоң манап «мен ырчы кылам” деп, талашып ашка жолтоо болушат. Аштын ээси Музоокени өлөсөлүү сабатып, бир жесир кемпирдин үйүнө таштап коёт. КРУИАнын Кол жазмалар… Калганын окуу »

НАЙМАНБАЙ БАЛЫК УУЛУ

НАЙМАНБАЙ Балык уулу (1844–1913) –  айтыш акыны, жомокчулардын тибине кирет. Совет мезгилинде сындалып, иликтөө алганынан четтетилген ири ырчылардын катарында турат. Өз заманында жашаган акындардын көпчүлүгү менен айтышкан. Толук эмес маалымат боюнча  да алардын саны бир топ: Калмырза, Бекназар, Эсенаман, Жаманкул, Токтогул, Эшмамбет, Нурмолдо, Куйручук, Кара Курман, Наркүлдүн ырындагы маалыматка караганда, анын да чоо-жайын тарткан көрүнөт. Нурмолдо менен Найманбайдын беттешүүсү өтө… Калганын окуу »

НАРКУЛ УУЛУ НУРМОЛДО

НАРКУЛ  уулу Нурмолдо (1838, Ала-Бука р-ну  –  1920)  –  белгилүү  жазгыч жана  төкмө  акын, даанышман ойчул жана  агартуучу. Ата-теги хан ордолорунда, илим-билим борборлорунда, дин ислам изилдөөчүлөрүнүн арасында жашап өткөн илимкөй адамдар болгон. Атасы Наркул, калган ата-бабаларын нары көздөй атаганда: Молдо Темир, Кара кычкач, Молдо кыргыз, Нурмуххаммат, Молдо Сайпидин, Абасхан, Чурчар, Аличур болгондугу айтылат. Нурмолдо 9 жашынан Коштерек кыштагында мечиттен сабатын ачкан. Окуткан молдо анын  өтө  зээндүү жана  идирек экенин байкап, эки жылдан… Калганын окуу »

CАГЫМБАЙ ОРОЗБАК УУЛУ

САГЫМБАЙ Орозбак уулу (1867 же 1868, Ысыккөл р-ну)  – Кыргыз элине кеңири белгилүү  болгон чоң  манасчы,  – Сагымбай Орозбак уулунун туулган жылы так маалымат эмес, манасчы өзү өлөр жылы 63 жаштамын дечү экен. Ошол сөзгө таянып 1867-ж. туулган делип жүрөт. Эгер манасчы өз жашын кыргыздардын жыл сүрүү эсеби боюнча  айтса, анын чын жашы 63 эмес 62, ал эми туулган жылы 1868-ж. болот. Сагымбайдын атасы… Калганын окуу »