Tag Archives: шырдак

СЕП

«Кымкаптын өөнүн эп кылган, Кыздарына сеп кылган, Баркуттун өөнүн эп кылган, Балдарына сеп кылган» (Калык). Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм- кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз, шалча, ала кийиз, килем, сөйкө, желбирөөч, күбөк, чолпу, чачкан, кеп такыя, билерик, шакек, оймок, бой тумар, төөнөгүч, сыяктуу… Кененирээк »

КИЛЕМ БУЮМДАРЫНЫН КӨЧӨТҮ

КИЛЕМ БУЮМДАРЫНЫН КӨЧӨТҮ — Буюм бетине түшүрүлгөн кооздук, түр. Буюм — көркөм көчөттөрү аркылуу даңазаланат. Мунун салттуу көчөттөрү көркөм кол өнөрчүлүктүн берки түрлөрүнүн оюм-көчөттөрү менен мыйзамченемдүүлүктө жалпы үндөшүп турат. Килем буюмдарынын төрт жүздөн ашуун көчөтү кездешет. Алар өрмөкчүлүктөгү жана чырмакчылыктагы көркөмдүктөр менен айкалышат. Мисалы, «мүйүз оюму» («кочкорек», «кайкалак») килемчиликтеги оюм-көчөттүн негизин түзөт. «Кабырга», «ашкана көчөт», «тогуз төбө» көчөт… Кененирээк »

КИЛЕМ

«Байчечекей жайнатып, Алтын жиптүү зор килем» (оозеки адабият). Түктүү көркөм көчөт салынып, колдо токулган үй ичин жасалгалоочу буюм. Кыргызда негизинен жүл (түк) жана Араби килем токулат. Килем аркагы өрмөктөй эле кадимки жүндөн жана мурунку эриш жиптердин калдыктарынан ийрилет. Араби килем түксүз болот. Анын өзүнчө көчөтү салынып, ал жеңил, бир эсептен бышык жана кооз. Килемге негизинен койдун жазгы кылчык… Кененирээк »