Tag Archives: ыр

АЙТЫШ ЫРЛАРЫ

Айтыш ырлары — кыйла мезгилди кучагына алган, бизге белгисиз замандардан бери карай жашан келе жаткан жана эл арасына кеңири тараган жанр. Айтыш эки же андан көп адамдын катышуусу менен аткарылат. Мына ушундан эле эки кишинин бетме-бет чыкканын, бир-бирин жеңүү үчүн сынашканын байкайбыз. Айтыштын өзү негизинен чечендикти сыноого байланыштуу келип чыккан түр.

АРМАН ЫРЛАРЫ

Кыргыз элинин оозеки поэзиясында лирикалык чыгармалардын алган орду чоң. Адам жан-дүйнөсүнүн түйшөлүүсүн, кайгы-капага түшкөн мун-зарлуу учурлардагы алахыбалдарын чагылдырган лирикалык чыгармалардын бир түрү — арман ырлары. Жаратылыштагы жарык-караңгы, ысык-суук сыяктуу контраст көрүнүштөрдөй, адам турмушу да кубаныч-шаттык, өксүк-армандар менен коштолуп, эриш-аркак жүрүп олтурат. Ансыз (карама-каршылыксыз) өсүү да жок. Ушул түшүнүктөн алганда көркөм чыгарманын мейли оозеки түрүндө, мейли жазма түрүндө болсун арман… Калганын окуу »

ДИН ЫРЛАРЫ

Диндик ырлардын элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнөн дагы бир өзгөчөлүгү — аларды аткарууда кандайдыр бир турмуштук шарт, себеп түрткү болот жана ошого ылайыкташкан ырым-жырым, жөрөлгөлөрдүн аткарылыш процессинде ырдалат. Айрым диндик ырлардын өздөрүнө таандык байыртадан келе жаткан салттык обондору жана атайы адистешкен аткаруучулары да бар.

КАЛП

Бүгүнкү күндө илим жүзүндө эпикалык жана лирикалык жанрлардын айрымдары изилдөөнүн алкагына алынып, кайсы бир деңгээлде тиешелүү баасын алды. Бирок, алардын ичинде калп тууралуу али сөз козголо элек. Мунун объективдүү себептери дагы бар өңдөнөт. Алсак, калп фольклордун кеңири тараган көп колдонулбаган, эл оозунда көп кездешпеген үлгүлөрүнөн болгондугу, же анчейин өнүкпөгөндүгү, айтылбагандыгы, жанр катары али толук жетиле электиги өңдүү жагдайын… Калганын окуу »

КОШОК

Кошок жанры кыргыз оозеки адабиятынын архаикалык үлгүлөрүнө жатат. Кошок адам баласынын тирүүчүлүгүнө байланыштуу болуп, адам кайтыш болгондо ошого аза күтүү, жоктоо, кайгыруу бул адамдын тарыхында эчак эле пайда болгон көрүнүш десе болот, бул жанрдын башаты тарыхтын күңүртүндө калган менен биз кошоктун үлгүлөрүн байыркы орхон-енисей жазма эстеликтеринен кезиктиребиз.

САНАТ, НАСЫЯТ ЫРЛАРЫ

Санат, насыяттар лирикалык жанрдын түрүнө кирет, башка ушул жанрга кирген түрлөрүнөн (дин, сүйүү, балдар, эмгек, арман, кошок ырларынан) санат насыят ырлары философиялык ой жүгүртүүлөр менен айырмаланып турат, бул ырларда нускалык (дидактика) үгүт, үлгү ойлор күчтүү жана кеңири берилет.

СҮЙҮҮ ЫРЛАРЫ

Сүйүү ырлары жалпы элге кеңири тарап, абдан чоң популярдуулукка жетишкен жанр. Ошону менен катар ал узак убакыттан бери элдик сезимдин назик ыргактарынын натыйжасы катары жашап келе жатат. Сүйүү ырлары адамдардын түздөн түз ички сезимдеринин продуктысы экендиги аны элдин тарыхый социалдык коомдук турмушу менен бирдикте кароого тоскоолдук кылбайт.

ТАРЫХЫЙ ЫРЛАР

Тарыхый ырлардын эң башкы темасы эл-жерди коргоо болуп эсептелет. Башкы каарман эл башына түшкөн кыйынчылыкты жан дүйнөсү менен кабыл алып «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген адамдык милдетин абийирдүүлүк менен аткарат. Тарыхый ырларда мамлекеттин тарыхы чагылдырылып, ошол тарыхый окуяларга карата болгон элдин көз карашы берилет. Тарыхый адамдарга арналган ырларда ошол мезгилде болуп өткөн орчундуу окуялар, ошол тарыхый… Калганын окуу »

ТЕРМЕ ЫРЛАР

Терме ырлар адамдын аң-сезиминде чагылган, турмушта таразаланган, баамга урунган бардык көрүнүштөрдүн, салт, нускалардын терип, тепчилип, термеленип ырга салынышы, «Терме» деген аталыш ошондон келип чыккан. Терме ырлар адамдарга, айрыкча жаштарга насааттуу келип, дидактикалык чыгармалардын катарына кирип, санат-насыят, үлгү ырларынын бир бутагын түзөт. 

«ЫР САБЫНДАГЫ ӨМҮР» ЧЫГАРМАСЫ ТУУРАЛУУ. КЕҢЕШ ЖУСУПОВ

20-кылымдын 60-жылдары кыргыз поэзиясы дүйнөлүк адабияттын активдүү таасирин алып, акындар мурдагыдай партияны, колхоз-совхозду, эмгек алдыңкыларын, социалисттик чарбаны курулай мактап жазуудан оолактап, өздөрүнүн ички жандүйнөсүнө бүлүк берген ойлорду, ички сырларын, жазбай коюуга мүмкүн болбогон абалга алып келген дилдеги булкунууларды жазууга катуу киришти. Мына ушул алтымышынчы жылдагы акындардын бул изденүүлөрү сөз өнөрү менен алектенгендерден да, окурмандардан да дүйнөлүк адабиятты гана… Калганын окуу »