Tag Archives: ырчы

АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ

Арстанбек — XIX кылымда жашаган кыргыз ырчыларынын эң көрүнүктүү өкүлү, чыгармачылык багыты жана мазмуну боюнча нускоочулардын тобуна кирет. Калк аны булбул атап, зор урмат көрсөткөн. Кыргыз адабияты, маданиятынын тарыхында зор из калтырган. Өз чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (XIX кылымдын аягы, жыйырманчы кылымдын башы) төкмө жана жазгыч акындарга, ырчы, комузчу, күүчүлөргө зор таасир тийгизген. 

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

Калыгул реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбай турган, ошону менен бирге эле аты, иштеген иштери легендага айланып, Калыгул олуя — деген лакап ысмы аңыз кептердеги Асан кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен, Акыл Карачач сыяктуу ысымдар менен бир катар айтылып калган улуу инсан. Болжол менен Калыгул XVIII кылымдын акыркы чейрегинин ичинде дүйнөгө келип, XIX кылымдын биринчи жарымын толук көргөн… Калганын окуу »

ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ

БОРОНЧИЕВ  Ысмайыл (1910, Чүй  өрөөнү –  1978, Бишкек) Б. жашынан эле ырга ыкласы түшкөн. 1936-ж. филармонияга кабыл алынышы анын талантынын жетилишине, көп кырдуу  өнөрүнүн калыптанышына мыкты шарт түзгөн. Б. биринчи көрүштө эле Калык:   Акындык деген кен болот, Агып жаткан майга окшоп. Маалында жутуп калбасаң, Батып кетет айга окшоп. Талантың болсо тартынба, Таянчың болом артыңда деп, чыг-лыгына ак жол каалаптыр. Б. өзү Калык м-н Осмонкулду устатым деп… Калганын окуу »

ЖЕҢИЖОК КӨКӨ УУЛУ

ЖЕҢИЖОК (Өз аты-жөнү – Көкө  уулу Өтө; 1918)  – ырчы, төкмө  акын. Бала кезинен ата-энесинен ажырап, аталаш агасынын  үйүндө  чоңойгон. Кийин ооруганда болуштун буйругу  м-н куулуп, Аксыдагы оокаттуу таякелерине барып, ошол жерде орун-очок алып, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Аксыдан Нурмолдодон таалим алып, сабатын жойгон. Акын Кыргызстан Россиянын курамында оторчулуктан ыдык көрүп жашаган чакта  өмүр кечирген. Теңсиздикке капталган карапайым калктын саясий сезими ойгонуп, оторчул саясатка нааразычылык… Калганын окуу »

КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ

КОРГОЛ Досу уулу  (1882–1962, Кетментөбө р-ну) – чебер, өткүр ырчы, талантуу аткаруучу. Атасы баба дыйкан уста, мергенчи, ары чоң комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Коргол атасынын бүт күүлөрүн үйрөнүп, айтылуу Ниязалыдан да комуздун бардык жол-жобосун  өздөштүргөн. Коргол  ата-энесинен эрте ажырап көп кыйынчылыкты көргөн. Байга малай болуп, кыйын күндө  жүргөндө  башын бошотуп, эл аралатып,  өнөрүн жөндөп, көп кырлуу чоң  ырчылардан болуп калышына Токтогулдун салымы зор. Ал… Калганын окуу »

МУЗООКЕ ЖАМАНКАРЫ УУЛУ

МУЗООКЕ Жаманкары уулу (1800, Акталаа р-ну – 1878) –белгилүү ырчы. Музооке эч кимге жалданып ырдабай, жалаң өнөрү менен жан баккан момун адам болгондуктан, анын азабын да тарткан. Кочкордо бир ашта ырдап жүрсө, өнөрүнө суктанып, эки чоң манап «мен ырчы кылам” деп, талашып ашка жолтоо болушат. Аштын ээси Музоокени өлөсөлүү сабатып, бир жесир кемпирдин үйүнө таштап коёт. КРУИАнын Кол жазмалар… Калганын окуу »

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ

ТОКТОГУЛ ЫРЧЫ (14 к-да жашап өткөн) – легендарлуу манасчы, төкмө акын. «Манас» эпосун эң алгач ким айтканы илимге азыр белгисиз. Эл ичинде уламыш боюнча  кырк чоронун көрүнүктүүлөрүнүн бири «Ычкыры бапик кырк  мууну, Ырамандын Ырчы уулун (өз аты Каратай) Манас каза болгондо, анын эрдигин, эл-журтка сиңирген эмгегин, кылган кызматын кошок кылып айткан экен. Кийинчерээк ошол кошокторду жана  эл оозунда айтылып келе жаткан аңыз… Калганын окуу »