ЫРЧЫУУЛ (ЫРАМАНДЫН ЫРЧЫ УУЛ)
ЫРЧЫУУЛ, Каратай – кырк чоронун бири. «Манас” эпосунун варианттарынын бардыгында кырк чоронун катарында «Ырамандын ырчы уул» деген ылакап аты менен аталат да өз ысымы эскерилбейт. Манастын Орго кан менен болгон согушунда Оргонун аялы Санамкүл өзүнүн эки баласын алып, Манаска көп тартуу менен келип жан соога сурайт. Каратайдын ишке жөндөмдүү, өзү сөзмөр, шок, ар нерсеге ыктуулугун байкаган Манас аны Санамкүлдөн жигиттикке… Кененирээк »