ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЧӨЙРӨДӨГҮ БАЙЛАНЫШТАРЫ
Бул багытта Кыргызстан эл чарбасынын бардык тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө аракеттенүүдө. Кыргыз Республикасы экономикалык жана социалдык байланыштарды түзүүдө да биринчи кезекте КМШга кирген мамлекеттер, өзгөчө Орто Азия жана Казакстан менен байланышты өнүктүрүүгө көңүл бурулган. 90-жж. биринчи жарымында Кыргызстандын экспорттук-импорттук байланышында Россия биринчи, Казакстан, Өзбекстан, Украина, Түркмөнстан, Тажикстан, Белоруссия андан кийинки орундарды ээлеп келген.… Далее »