Tag Archives: өрүм

ТҮШКҮН

«Кой башындай коргошун, Кошо түйгөн түшкүнгө» (Манас). Бул камчы өрүм. Анын узуну 34— 36 см болуп, муну өрүүдө өрүмчүлөр чеберчиликтен — чеберчиликке көтөрүлөт. Түшкүндү бекитүү өтө жооптуулукту талап кылат. Түшкүндүн чачысынын алдынан, ортосунан жана учунан өрүмү жанбас үчүн чеберлер өзүнчө түйүм берет. Анын узуну 2,5—3 см болот. Мындай камчылар абдан карылуу, камчыланууга да бышык келет. Аны камчынын «сокмогу»… Калганын окуу »

ТҮЗГҮНДӨӨ

ТҮЗГҮНДӨӨ — камчы өрүмүнүн учун бекитүү. Майда өрүмдүн учун жанып кетпегендей түйүү. Өрүмчүлөр өрүм бүтө жаздап калганда өзүнчө ичке көк тилип алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, көк илме чалма (ычкыр-ичкур) чалынат. Ал чалмадан эки көк, илмесинен да эки көк түз өрүлөт. Ошондо өрүм оролуна айланып, пружина сымалданып түшөт. Анан өзөктү экиге… Калганын окуу »

«ТЕРМЕ ӨРҮМ»

«Он эки талдан Булдурсун, Чапса кулак тундурсун» («Манас») Бул — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бир түрү. Ал көбүнчө жыйырма төрт көк менен өрүлөт. Аны бирден басып, бирден өткөрүп, төрт кыр кылып коет. Камчы үчүн муну алты тал аркылуу да өрүүгө болот. Бир көктү бир көк басып, бирөө үстүндө, бирөө астында кезектешип түшүп отурат. Тал ирээти менен жупташат да,… Калганын окуу »

СУЙСАЛ ӨРҮМҮ

«Толгоно түшкөн чоң камчы, Оң имерип алганы («Манас») Ал — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бири. Суйсал өрүмдүн «каз таңдай өрүмү» менен окшоштугу байкалып кетет. Бул да төрт талдан төрт жолу жупташат. Андыктан ага өрүмчүлөр он алты тал көктү тилишет. Эгер «Суйсал өрүмү» 18 тал тилинсе, тогуздан экиге бөлүнөт да, үчтөн басып отуруу зарыл. Айрым чеберлер «Суйсал Орүмү» үчүн… Калганын окуу »

ӨРМӨК

ӨРМӨК — ийрилген жүн жип менен көркөм өнөрдү жүзөгө ашыруучу кол дүкөн (Шайман). Өрмөктү курууга эки киши керек. Төрт чарчы жерге төрт казык кагылат да, ал боюнча бир адам жипти илип, жүгүрүп өтүп турат. Экинчиси, бир жерде отуруп, ар бир жипти өңү менен чаташтырбай күзүктөйт. Күзүк өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын эркек («өрмөктүн үстүңкү жиби) жиптерин өткөрүп,… Калганын окуу »

ӨРМӨЧҮЛҮК

ӨРМӨЧҮЛҮК (өрүмчүлүк) — ат жабдыктарына узануудагы элдик эски ыкмаларынын бири. Бул көркөм кол өнөрчүлүгүнүн татаал түрүнө кирет. Мунун негизги жердиги бир гана кайыш жана көк болот. Өрмө буюмдарын жасоонун маңызы көзгө илээшпеген көктүн тал-тал ичке тегиз жана өтө кылдат тилүүсүндө болуп саналат. Ошол тилим талдар бир жеринен үзүлбөсө, өрүмү кооз чыкса, бул өрмөчүлүктү аныктайт. Өрүм кайыш менен көктү… Калганын окуу »

ӨРҮМ, ӨРМӨ

(ӨРҮМ, ӨРМӨ) — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Кайышты жана көктү тилүү аркылуу ат жабдыктарын жүзөгө ашыруу. Өрүм экиге бөлүнөт: 1-жөнөкөй өрүм: Ага: «үч өрүм» («жон өрүм», «жом өрүм»), «жарым өрүм», «калмак өрүм», «ал даяр өрүм», «нокору өрүм», «жети кашка өрүм», «беш кашка өрүм», «мурунтук өрүм», «жөрмөм өрүм» өңдүүлөр кирет да, өрүм жалаң кайыш аркылуу өрүлөт 2-… Калганын окуу »

МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ

МУЗОО ТИШ ӨРҮМҮ — Ат жабдыктарын узанууда татаал өрүмдөрдүн бир түрү. Жортуулга камчылана турган камчылардын түшкүнү сокмоктуу болгон. Түшкүндүн сабын чеберлер күздө кыйылган тобулгу (табылгы) же ыргайдан сапташкан. Камчы түшкүнүн көбүнчө жылкынын, торпоктун терисинен өрүшөт. Өрүм сегизден тартып, жыйырма талга дейре жуп сан менен өрүлөт. Өрүлүүчү көктүн талын күндүн табына кургаткандан кийин ашаткыга салып ийлейт. Күдөрү түрдө аябай… Калганын окуу »

ЖЫЛААН БООР ӨРҮМҮ

«Чокусунда чогу бар, өзөгүнүн ичинде, сомдоп койгон огу бар» («Манас») Бул — камчы өрүмдүн негизги түрү. Буга көбүнчө жыйырма төрт тал көктү тилип, ич ара алмаштырат. Акыйкатта, татаал өрүмдү жүзөгө ашырууда өрүмчүнүн ашкере кылдаттыгы айкындалат. Жылан боор өрүмү биринин кооздугун бири арттырып турат. Эгер татаал өрүмдөрдүн бир талынан эле өрүмү жаңылса, өрүм таптакыр тескери жакка кетет. Демек, үзүлгөн… Калганын окуу »

«ЖӨРГӨМ ӨРҮМ»

«ЖӨРГӨМ ӨРҮМ»— (уй мурун өрүм). Бул уйдун таноосуна окшоштугунан ушундай аталат. Төрт-төрттөн төрт кыр болуп түшөт. Өрүмдө өзөктү чыңай керет. Аны бир-эки күн коюп, өзөктү катырып алып, өрүшүбүз зарыл. Эгер көгүбүз узун болсо «түшкүнүн» өзү менен кошо тилип бекитет. Эгер көк кыска болсо, кошумча көк улаштырылат. Түшкүн негизинен үч эли (5 см) болот. Эгер 8— 12 тал көк… Калганын окуу »