"Күчүм бар, акылдын кереги жок" - Блог - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Блог » "Күчүм бар, акылдын кереги жок"
15:49
"Күчүм бар, акылдын кереги жок"


Жыл сайын Колумбияда болчу бак кыйуу боюнча мелдеште финалга эки адам чыгат: бири канадалык, экинчиси болсо норвегиялык.

Алар 8 саат тынбай бактарды кыйыш керек болчу. Соңунда кыйылган бактардын санына жараша жеңүүчү аныкталмак.

Канадалык адам олбурлуу, булчуңдуу болуп, 8 саат бою тынбай катуу иштейт. Анын балтасынан бактар уламдан – улам кулай берет.

Норвегиялык адам болсо ар бир саат сайын он мүнөткө эс алып турган. Канадалык адам муну көрүп, атаандашын чарчап калды деген ишенимге келет да өз күчүнө катуу кубанат.

Бирок, мелдештин акырында, кыйылган бактарды санай келгенде, норвегиялык адам атаандашына караганда көбүрөөк бак кыйганы айкын болот.

Канадалык буга аң-таң болуп жеңүүчүдөн кантип андан ашып кеткенин сурайт.

-         "Жөп-жөнөкөй” дейт норвегиялык адам.

-         "Ар бир саат сайын 10 мүнөткө эс алып,  сен иштеп аткан убакта мен балтамды курчутум турдум”.



Нравится
Бөлүм: Притча | Кароолор: 2346 | Кошкон: Admin | Тегдер: притча | Рейтинг: 2.0/6
Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш


Талкууну катталган гана колдонуучулар кошо алышат
[ Катталуу | Кирүү ]



 
Жогору ↑