Жашоонун мааниси - Блог - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Блог » Жашоонун мааниси
15:11
Жашоонун мааниси

Илгери бир кытай императору жашаган экен. Жаңыдан такка отурган император жаш жана илимге кызыккан адам болот. Император көп нерсени билген, бирок,  да көп нерсени билүүгө тырышып китептерди көп окуй турган. Качан ал хансарайдын китепканасындагы китептердин санын көргөндө баардыгын окуп бүтө албасын түшүнөт. Бир күнү ал акылман адамды чакырып адамзаттын бүткүл тарыхын жазып чыгууну буюрат.

 

Ошентип бир топ убакыт өтөт. Акылман талбай көп жыл бою эмгектенип акыры адамзаттын тарыхын чогултуп, жазып бүтөт. Император жаштык мезгилден өтүп калган болсо дагы, баягыдай эле илимге кызыгуусу күч эле. Акылмандын жазган эмгегин 500 китеп кылып императордун алдына алып келишкенде, император бул китептерге көп убакыт корото албасын түшүндүрүп, мындан дагы кыскартып жазуусун буюрат.

 

Акылман кайрадан бул буйрука көп жыл жумшап, бир күнү императордун алдына 50 китеп кылып алып келет. Император болсо картайып, алдан-күчтөн тайып калган кези эле. 50 китепти дагы окуй албасын түшунүп, акылманга, эң башкысын калтырып, мындан да кыркартууну суранат. 

 

Акылман баягы ишин кайра улантат. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, акылман, адамзаттын тарыхын бир китепке чакан кылып батырып, императордун алдына алып келет. Бул жолу император оозун кыбыратканга да алы келбей, өлүм төшөгүндө жаткан эле. Антсе да, император, аркы дүйнөгө кеткичекти, азыр дароо мындан да кыскартып беришин суранат.

Ошондо акылман китепти ачып, акыркы барагына минтип жазган экен: 

"АДАМ ТӨРӨЛӨТ,  КЫЙНАЛАТ, ӨЛӨТ”.



Нравится
Бөлүм: Притча | Кароолор: 3240 | Кошкон: Admin | Тегдер: притча | Рейтинг: 2.3/6
Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш


Талкууну катталган гана колдонуучулар кошо алышат
[ Катталуу | Кирүү ]



 
Жогору ↑