Жатаканадагы "үч тамга" - Блог - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Блог » Жатаканадагы "үч тамга"
09:29
Жатаканадагы "үч тамга"


Бир окуу жайга текшерүү менен комиссия келип калат. Ал убакта кеч күз болгондуктан эрте эле кеч кире турган. Бул окуу жайдын жатаканасы, вокзалдан университетке өтчү жолдо болчу. Ошол жатакананын шок студенттери сүйлөшүп алышып, комиссия өтүп бараткан убакта, баардык терезелердин светтерин өчүрүп, үч тамга көрүнүп калгандай кылып кээ бир терезелерди күйгүзүп коюууну чечишет.

 

  Комиссия декан менен келе жатат дейт. Маңдайындагы жатаканада болсо караңгы терезелердин фонунда "үч тамга” күйүп турат. Анда да жөн күйбөстөн, жанагы үч тамга улам өчүп-күйүп, комиссиянын жинине тийген экен. Комиссия деканды катуу  коркутканбы, айтор, эртеси жатаканада териштирүү башталат.

 

Баардыгы билмексен болуп ийинин куушурат: "Менин комнатамда свет күйүп туруптурбу? А эмне болот экен? Мен китеп окуп аткам (сабак жазып аткам, телевизор көрүп аткам...ж.б.).” "Меники өчүп туруптурбу? А эмне болот экен? Мен комнатада жок болчумун (уктап аткам, лампочка күйуп кеткен...).”

 

Иши кылып студенттердин баардыгы макоо, эч кимдин күнөөсү жок. Анда декан, комиссия кетип баратканда баягы кайра кайталанбасын деп, күйүп турган ар бир бөлмөгө светти күйгүзбөш үчүн бирден активист коёт.

 

Бирок, баарынан кызыгы, комиссия кетип баратканда баягы "үч тамга” өчүп, калган терезелердин баардыгы күйүп калган экен.



Нравится
Бөлүм: Студенттик жашоо | Кароолор: 4412 | Кошкон: Admin | Тегдер: тамаша, студенттик жашоо | Рейтинг: 2.5/21
Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш


Талкууну катталган гана колдонуучулар кошо алышат
[ Катталуу | Кирүү ]



 
Жогору ↑