Дүйнөдөгү эң "крутой" студенттик жатакана - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Дүйнөдөгү эң "крутой" студенттик жатакана
Дүйнөдөгү эң "крутой" студенттик жатакана

                           

крутой жатакана

Жатакана деген сөздү уксак дароо эле көз алдыбызга 4-5 кабаттуу,  терезелери көп, терезенин алдында жайылган кир андан көп, кире бериште ажылдаган эже, биринчи кабатында жалгыз телевизор, эшиктин алдында "тигини чыкырып койчу” деген студенттер тартылат.

Бирок кийинки имаратты студенттердин жатаканасы деп айтуу кыйыныраак болот. Анткени бул имарат менен "жатакана” деген сөз анча деле бири бирине жараша бербейт.

Крутой жатакана26 800 кв.м түзгөн бул студенттик жатакана Даниянын борбору Копенгагендин Тиетген аттуу студенттик шаарчада 2006 жылы курулган. Тегерек формасында болгон бул имарат, жети кабатты түзүп,  360 бөлмөдөн турат. "Тегеректин” ичинде студенттер үчүн кеңири аянтча курулган. Архитектуралык формасын тегерек кылышканынын себеби тегерек -  теңдикти жана биримдикти билдирет. 

Имаратты беш вертикалдуу сызык болуп турат. Бул сызыктар имаратты секцияларга бөлүп, ошол эле убакта ички короого киргизе турган өтмө болуп саналат.

 

Ички короодон бөлмөлөрдү жана ашканаларды көрүүгө болот. Архитекторлор бөлмөлөрдү абада калкып тургандай көрүнүштө жасашкан.

 

Имараттын бети кызыл латунь менен кооздолгон. Кооздоо үчүн Копенгагендин эң мыкты дизайнерлерин чакырышкан.

Бардык жатаканалардай эле бул жерде да 12 бөлмөгө бир ашкана салынган. Алардын бардык саны 30. Ашканалар болушунча чоң салынып тамак-аш даярдоо үчүн бардык шарттар каралган. Ар бир кухняда 4 муздаткыч жана 2 меш бар. Даярдалган тамакты студенттер ар кандай түстөгү отургучтары бар столовойдо ичишет.

Студенттер үчүн окуу залдары.


Кененирээк караңыз Крутой жатакана



Нравится
Кароолор: 3713 | Кошкон: Admin | Тегдер: студенттик жашоо, жатакана | Рейтинг: 2.8/12

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



зор го
0
Талкууну катталган гана колдонуучулар кошо алышат
[ Катталуу | Кирүү ]



 
Жогору ↑