Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү. - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү.
Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү.


   Гарварддын беш студенти биринчи жолу космоско гамбургер жөнөтүшүп, мурда эч качан болуп көрбөгөн эксперимент кылышты. Алар бул "Скайфолл” деген аталыштагы экспериментти баштан аяк камерага тартып алышып Интернетке жүктөшкөн.
   Студенттер кадимки эле гамбургерди Массачюсетс штатынан бир канча күн мурда сатып алышкан жана эксперимент болгонго чейин гамбургер катуу абалга келген. Гамбургер шамалга туруштук берүү үчүн спрей чачып, процессти чагылдыруу үчүн видеокамера жана GPS орнотушкан. Баардыгы даяр болгон соң буларды гелий толтурулган шарга бекитип космоско учурушкан.
   Бутерброд стратосферага чейин көтөрүлүп, болжол менен 30 километр бийиктикке жеткен соң шар жарылып гамбургер кайра жерге кулаган. Көптү көрүп калган бул бутерброд Бостондун жанындагы токойдо, учурулган жерден 200 км алыстыкта бактын башында табылган. Бактын башындагы "космонавтты” бир канча күндөн кийин гана алышкан.
 
Студенттер бул гамбургерди биринчи "космонавт-гамбургер” деп аташууда.



Нравится
Кароолор: 2148 | Кошкон: Admin | Тегдер: блог, студенттик жашоо, студенттер | Рейтинг: 3.0/7

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Үмут 17.12.2012 в 13:02Спам
Мындан бөлөк байкуштардын кылаарга иши жок... smile
0
Антсе да, укмуштуудай эксперимент. Студенттер - дагы бир жолу оригиналдуу адамдар экенин далилдешти. biggrin
0
Талкууну катталган гана колдонуучулар кошо алышат
[ Катталуу | Кирүү ]



 
Жогору ↑