Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар


 1 2 3 ... 23 24 »

Авс уруусунан болуп, биринчи Акаба антташуусунан кийин Исламды кабыл алган. Мадиналык жетимиш киши менен биргеликте экинчи Акаба антташуусу  үчүн Меккеге келген. Антташуудан мурун Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) менен жолугууну каалап, бир канча жолдоштору менен абасы Аббастын үйүндө болгон  Пайгамбарыбызга келишти. Бирок Аббас Аз. Пайгамбарыбыздын Мадиналыктар менен болгон байланышын Курайш уруусунан жашыруу керектигин түшүнгөндүгү үчүн, аларга бир гана Акабада көрүшө ала тургандыгын айтты.

Кеңири окуу >>
Ислам | Кароолор: 1372 | Author: Эсенбек | Кошкон: Admin | Дата: 01.04.2015 | Пикирлер (0)

Толук аты Абу Абдуррахман Абдуллах бин Масуд бин Гафил бин Хабиб ал-Хузали. Туулган жылы белгисиз. Абдуллах бин Масуд, алгачкы мусулмандардан болгон. Куфада тафсир жана фыкых мектептеринин куруучусу. Аз. Хадижа менен Аз. Алиден кийинки эле үчүнчү мусулман болгондугу  эл оозунда айтылып келген. Бирок ал өзү алтынчы мусулман болушунан сыймыктанаарын белгилеп кеткен. Атасы Масуд, энеси Умму Абд бинти Абдувад. Атасы жөнүндө кеңири маалымат жок. Анын Зухра уулдарынан  Абд бин Харистин тобунан экендиги белгилүү. 

Кеңири окуу >>
Ислам | Кароолор: 1898 | Author: Эсенбек | Кошкон: Admin | Дата: 01.04.2015 | Пикирлер (0)

Ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы. Таалим көргөн ыймандуу,ыкластуу эне- Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү, үй-бүлөнүн бакыты,бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү, бүлөсү үчүн күйүп-бышкан боорукер камкор жан. Биздин жарык дүйнөгө келишибизге ата-энелерибиз себепкер болгон жана алар биз үчүн эң зарыл, эң улуу жана кадырлуу адамдар.Тогуз ай бою курсагында, бир нече жыл кучагында,андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн ардактуу энелерге тең келе турган зат, аларга тең аталык сүйүүгө, сыйга татыктуу эч бир жан жаратылбаптыр.

Кеңири окуу >>
Эсселер | Кароолор: 22881 | Author: Эсенбек | Кошкон: Admin | Дата: 01.04.2015 | Пикирлер (0)

Эгерде дүйнөдө согуш болбосо дүйнө эли тынчтыкта жашайт. “Тынчтык бар жерде ырыс бар” деген макал бекеринен айтылбаса керек. Эгерде адамдар бири-бири менен тил табыша алса, мамлекет менен мамлекет туура көз карашта болсо, анда дүйнөдө согуш аз болмок. Согуштун айынан көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылып, үйлөр, заводдор, фабрикалар зыянга учурайт. 

Кеңири окуу >>
Эсселер | Кароолор: 8023 | Кошкон: Admin | Дата: 31.03.2015 | Пикирлер (0)

Укук коргоо иши негизинен мамлекет тарабынан түзүлгөн укук коргоо органдары жана сот органдары тарабынан жүзөгө ашырыларын мурдагы сабактарда өткөнбүз. Азыр болсо бул ишти жарандар тарабынан жүргүзүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин карап көрөлү.

Укук бузууларды жоюуга жана укук бузгандарды кармап, тиешелүү жазасын берип, мыйзамдуулукту камсыз кылууга атайын органдардын аракеттери жетишсиздик кылат. Ошондуктан, ар бир жаран коомго жат көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүүсү талапка ылайык. Бул укук бузуучуга каршы жүргүзүлгөн күрөш гана эмес, өз укугун коргогондук деп да билүү керек. Себеби, кандай гана укук бузуу болбосун, ал коомго каршы жасалган иш, ал эми коом болсо ар бир жарандан турат.

Кеңири окуу >>
Адам жана коом | Кароолор: 2515 | Кошкон: Admin | Дата: 07.02.2015 | Пикирлер (0)

Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган. Анын жетекчилери көрүнүктүү этнограф, түркологдор А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон.

Кошкон: Элиза Сталбекова 
КУУ, Тарых жана чөлкөм таануу факультети
Кеңири окуу >>
Инсандар | Кароолор: 2118 | Кошкон: Admin | Дата: 16.05.2013 | Пикирлер (0)

Коомдун өнүгүүсүндө, өзгөрүүсүндө саясый лидерлер (англ. тилинен алынган "leader”- алып баруучу, жетектөөчү дегенди билдирет) чоң ролго ээ экендиги талашсыз. Эгерде саясый лидердин ким экендигин тактоого аракет кылсак, анда саясый лидер- саясый уюмдун, топтун, саясый партиянын же жалпы коомдун кадыр-барктуу мүчөсү. Ал өзүнүн жеке таасири менен саясый окуяларда жана саясый процесстерде зор роль ойнойт.

Кеңири окуу >>
Адам жана коом | Кароолор: 2956 | Кошкон: Admin | Дата: 23.04.2013 | Пикирлер (0)

Коомдук саясий уюмдар Эгемендүү мамлекеттин калыптанышына Кыргызстандагы саясий партиялар, коомдук уюмдар орчундуу салымдарын кошуп келүүдө. Жалгыз КП үстөмдүк кылган учурда айкындуулук болбой, компартиянын багытына каршы чыккандар аеосуз жазаланып, куугунтукталып келген. Өлкө демократиялык жолдон четтеп, буйрукчул-тоталитардык тартипте жашады. 1991-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) расмий каттоодон өттү.

Кеңири окуу >>
Адам жана коом | Кароолор: 4974 | Кошкон: Admin | Дата: 23.04.2013 | Пикирлер (0)

Юнусалиев Б.М. 1913-жылы 6-октябрда Чуй областына караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында төрөлгөн.1970-жылы 18-февралда каза болгон. Кыргыз совет тилчиси,турколог, "Манасты”изилдөөчү,коомдук ишмер. Кыргы ССР ИАнын академиги (1954), филология илимдернин доктору (1954),профессор (1954),Кыргыз ССРнин илимге эмгек синирген ишмери (1963). 1938-жылдан КПСС мучѳсү. 1933-1935 Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатына инспектор.1935-1938-жж Москвадагы ВКП(б) БКнын жогорку партия курсун окуган. 
Кеңири окуу >>
Инсандар | Кароолор: 9010 | Кошкон: Admin | Дата: 18.04.2013 | Пикирлер (0)

Сыдык Карачев жыйырманчы жылдын башында эле кыргыз жазма адабиятына ат салыша чыккан жаш таланттуулардан болгон. Ал, жетим калып жаштайынан татар-кожоюндун эшигинде малай жүрөт. Эс тарткан чагында баштапкы татар мектебинен бир аз окуп кат тааныйт. Ошондон баштап жаш Сыдык көркөм адабият китептерин сүйүп калат. 1924-жылга дейре жаш акын татар тилинде жазган бирин-эки ырларын татар газетасында жарыялап келген.
Кеңири окуу >>
Инсандар | Кароолор: 3717 | Кошкон: Admin | Дата: 26.03.2013 | Пикирлер (0)

1-10 11-20 21-30 ... 221-230 231-240



 
Жогору ↑