КЫЯМАТ - Кыргыз адабияты - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Кыргыз адабияты

КЫЯМАТ

"КЫЯМАТ” –  (1986) Ч.  Айтматовдун адабий чөйрөдө  карама-каршылыктуу кызуу талаш-тартыштарды жараткан романы. Чыгарманын аталышы жөнүндө  автор мындай дейт: "Эмне  үчүн "Плаха” деп аталды. Менимче, ал романдын мазмунунан келип чыкты го деп ойлойм. Баталга    бул баш алынчу секи же мыйзам окулчу дөбө  гана эмес. Адам  өз өмүрүндө эртеби-кечпи баталгага туш келет. Ал кезде баталгага чыгып барган болот, албетте ал ажалдан тыш, аман-соо эле калат, а кээде чыкпай да калышы мүмкүн. Бул жерде аталыш-баталгага баруу кандай күч, кандай баа менен келээрин, дегеле мындай азап-тозоктуу жолго баруунун мааниси барбы-мына ушул жөнүндө  айтып турат”. "Кыямат” сов. социалисттик системанын ырдоосунун алдында, "кайра куруу”, "айкындуулук” деп аталган мезгилде жазылып жарыкка келди. Соц. реализм принциптеринин негизиндеги советтик адабияттаануу илими  өзгөчө  басым жасап "искусство    коомдук аң-сезимдин бир формасы” деп  үйрөтүп келгендей романдын идеялык, тематикалык мазмунунда саясий социалдык багыттуулук негизги орундардын бирин ээлейт. " Кыямат     ар кандай идеологиялык, коомдук-саясий сенектикти, тоталитардык социалисттик системасын догматикалык принциптерин айыптаган көркөм чыгарма. Романдын сюжеттик-композициялык курулушу жазуучунун мурдагы чыгармаларынан кыйла татаал. Автор романды жазуудагы идеялык-көркөмдүк максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн 20-кылымдын акырындагы реалисттик романдын карамагындагы мүмкүн болгон конструктивдик каражаттардын баарысын пайдаланган. Белгилүү  адабиятчы Г. Гачев романга мистерия да, притча да, турмуш да, айбанаттар жөнүндөгү  эпос да, философиялык  диалог да, реалисттик баяндоо да катышкан "синкреттүү  китеп” деп аныктама берет. Роман  өз-өзүнчө  логикалык башталышка жана  аякталышка эгедер бир нече аңгеме-баяндардан турат. Алар: Акбара менен Ташчайнардын баяны, Авдийдин диний көз караштарынын тарых-таржымалы, нашакорлордун жүрүшү, Обер-Кандаловдун хунтасынын эт планын толтуруу үчүн Моюнкумдагы кыргын чабыты, грузин элинин "Жетинин бири” аңгемеси, Понтий Пилат, Иисус Назарянин жөнүндөгү инжил легендасы, Бостон менен Базарбайдын окуясы. Мына ушул бири-биринен мезгилдик, мейкиндик ар кыл аралыкта турган окуяларды жазуучу бир проблемалык түйүнгө –  башкаруучулук саясаты, бийлик менен коомчулуктун ортосундагы дисгармониянын түпкү себеби болгон адам эркин тушаган идеологиялык сенектик, догматизмдин кесепет натыйжаларын көрсөтүүгө байлайт.

Чыгарманын сюжеттик окуяларынын  өнүгүүсүнөн андай догматикалык бийликтин диний, саясий, экономикалык түрлөрүн кезиктиребиз. Канондоштурулган дин илимин жаңылоо,  өзгөртүү  керек деген идеялары  үчүн семинардан куулган романдын негизги, борбордук каарманы Авдий Каллистратовдун Координатор-Ата менен болгон жогорку интеллектуалдык деңгээлдеги талашында төмөнкүдөй ойлорду учуратабыз: "Кылымдап катып калган, сенектиктен бошотуп, догматизмден куткарып, адам рухуна өзүнүн назилий ажыты болгон Кудайды даана тааный турган эркиндик берүү  керек, библиялык доордон мурдагы доордо бир айтылып калган экен деп, христианчылыктын эки миң жылдан бери айтылып келаткан жобосуна бир сөз кошо албаганыбыз кандай? Сиз чындыкка монополия орнотуп коюш  үчүн күрөшүп жатасыз, бирок ал деген бери болгондо  өзүн  өзү  алдоочулук болбойбу, анткени кандай гана окуу-илим болбосун, кудайдын өзүнөн чыккан күндө да, чындыкты бир жолу биротоло түбөлүккө билип, өздөштүрүп алган окуу-илим болбойт. Эгер андай болсо, анда ал окуу-илим өлүү да!” Христианчылыкка карата айтылган бул ой аркылуу автор ошондой эле чыгарманын жалпы контекстинде параллелдүү түрдө социализм саясатындагы сенектикти сынга алып жатканын байкоого болот.  Өзүнүн чындыгын канчалык далилдөөгө  тырышпасын, Жараткан Эгени канчалык зор сүйүү  менен сүйбөсүн Авдий чиркөөдөн  куулат. Анын жекече кылган аракеттеринен эч майнап чыкпай,  өз чындыгы  үчүн курман болууга, азап чегүүгө  даяр болгон устаты Иисус Христостой кермеге керилип, мерт болот. Эгерде семинарист Авдий диний догмаларга каршы  чыкса, романдын экинчи бир каарманы чабан Бостон  Үркүнчиев саясий-экономикалык башкаруу системасындагы догмалар менен келишкиси келбейт. Ал жеке менчиктүүлүктү  кабыл албаган социалисттик системадагы "меники эмес элдики” деген түшүнүккө түзөтүү, чарба жүргүзүүнүн принциптерин жаңылоо керектиги ж-дө  оюн канча айтпасын, анын каршысындагы дагы бир "каарман”    парторг    гезит-кишиси Кочкорбаевдин "бул  – социализмдин ыйык принциптерине каршы чыгуу” деп турганы турган. Бөлтүрүктөрдү уядан алаарда эле аларды сатып акча кылышты ойлогон Базарбай да  өзүнүн акмакчылык ишин мамл. маанилүү  иш катары көргөзүп, "аларды кайра ордуна алып барып коюу керек” деген Бостонго "Сен бийиликке каршы чыгып атканыңды алдагы кулактык аң-сезимге жык толгон башың  менен  ойлон” деп керооздонот. Акыры ушунун кесепетинен уулу Кенжештен ажыраган Бостон ачуунун, күйүттүн күчү  менен барып Базарбайды атып салат.  Өз чындыгын коргоодогу чыдоонун чеги ушуга жетти. "Бостон так ушул сааттан баштап аттабас чийилди аттап өткөнүн, өзү үчүн да акыр заман келгенин түшүндү” дейт автор.

Башкача айтканда бул жерде да Иисустун, Авдийдин, Сандронун башына түшкөн акыр заман Бостонго да жетти. Автор " Кыямат ” романында жогоруда кыскача сөз кылынган көркөм образдар системасы аркылуу  өзү  жашап жаткан мезгилдин, коомдун карама-каршылыгы курчуп чегине жеткиндигин, акыр заман жакындап келгендигин, б. а. тоталитардык социалисттик системанын акыр заманы келгенин, жеке каршылыктардан майнап чыкпастыгын көргөзүү  менен жалпы коомчулук ар кандай кыйынчылык, азаптарга чыдап, тобокелге баруу, иштиктүү  өзгөртүүлөрдү, аракеттерди жасашы керек экендиги жөнүндөгү идеяны айткан. Романдын негизги сюжеттик – композициялык архитектоникасы мына ушул идеянын айланасында өнүктүрүлгөн.

 


Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Кыргыз адабияты | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 7275 | Тегдер: роман, Кыямат | Рейтинг: 1.8/10

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑