"МАЙДАН" РОМАНЫ - Кыргыз адабияты - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Кыргыз адабияты

"МАЙДАН" РОМАНЫ

"МАЙДАН”    роман. У. Абдукаимовдун бул "Майдан” романынын 1-бөлүгү  1961-ж. жана  2-бөлүгү  1966-ж. чыккан. Жазуучунун өмүр аягында жараткан адабий керээзи, бүткүл жашоосундагы чыгармачыл изденүүлөрүнүн жыйынтыгы.

"Майдан”    көп аспектүү, көп пландуу Ата Мекендик согуш темасына арналган роман. Мындай сапат окуянын географиялык чөйрөсүнүн масштабдуулугуна, каармандардын көп сандуулугуна гана эмес, ал баарынан мурда адам турмушунун концепциясын, адамдын жан дүйнөсүн ачууга негизделген. У. Абдукаимовдун баяндоосунда колхозчунун жана  интелегенттин, солдаттын жана  генералдын, студенттин жана  мугалимдин турмушу көз алдыбыздан  өтөт. Окуянын татаал түйүндөрү кыштактан шаарга, шаардан алыскы фронтко чейин барат. Кыргыз адабиятында биринчи жолу Москва, Сталинград алдындагы салгылашуулар нукура эпикалык кеңдикте жана  реалисттик-психологиялык тереңдикте сүрөттөлөт. Жазуучунун көркөм политрасынан жазылган образдардан тышкары тарыхый адамдардын, көрүнүктүү полководецтердин элеси тартылат. Мына ушунун баары "Майдан” романынын полифониялык ыргагын жаратат. Адам турмушунун не бир татаал жактарын, адамдар арасындагы не бир чиелешкен байланыштарды ачуу романдын негизги

максаты экени, анчейин жайбаракат ыргакта жазылган экспозициялык бөлүктө  эле байкалат. Кыдырбек аскердик кадр кызматында жүрүп, айлына отпускага келет. Ушул учурдан пайдаланып ал качандыр бир көңүлүнө түшкөн Бермет аттуу кызга жолугуу үчүн жайлоого барат. Бермет студентка, атасыныкында эс алдууда жүрөт. . . Окуя ушул "сүйгөн жигит” м-н "сүйбөгөн кыздын” тегерегинде болуп, ошолордун айланасында бүтө турган сыяктуу. Романдын негизин түзө турган конфликт да негизинен ушулардын арасында болуп, ушулардын арасында чечилчүдөй. Автор  үй-бүлөлүк романдын сюжеттик чиелениш салтын аң-сезимдүү  түрдө  кабыл алат да,  өзүнчө  өнүктүрөт. "Майдандын” экспозициясындагы жайбаракат интонация тез эле өзгөрөт. Согуштун башталышы жөнүндөгү кабарды Кыдырбек кайрадан жолдо келатып, бала кезде бирге окуган Сарыгул деген немеден угат да, "Советтер Союзунун башына айбаттуу коркунуч түшкөнүн” туура түшүнүп, дем алышын күтпөй эле жөнөп кетет. Мына ошентип, бул согушта өмүр, өлүм тагдыры жөнүндө сөз боло тургандыгы, романдын негизги идеялык мотиви ушул оор сыноо экендиги ачык боло баштайт. Жазуучу сүрөттөп жаткан темасын ар тараптан кеңири камтууга, анын соц. филос. моралдык маңызын ачууга умтулат, б. а. автордун сүрөттөөсү б-ча бул согушта каармандыкка, эрдикке шыктандырган ар бир солдаттын моралдык императиви бийик граждандык аң-сезимдүүлүк болуу керек экендиги биринчи планга коюлуп, баяндоонун динамизми укмуштай ылдамдык менен өнүккөн.

Ошентип согуштун каардуу айкырыгы Москва алдындагы токойдон тээ алыстагы шаар-кыштактарга угулду. Элдин башына трагедия, зор сыноо түштү. Бул трагедияны, бул сыноону ким кандай көтөрүп, кандай жеңди? Автор проблеманы тайсалдабай, жалтанбай дал ушинтип тикесинен койгон. Согуштун бөтөнчө татаал кырдаалдары ар кимди өз-өз ордуна жайгаштырды. Ошолордун бири – Качике. Бир караганда кичине эрки жок, бош, пас кишидей көрүнөт. Ал турмак турмушта жолу болбогон "жолсуздардын” тибине да окшойт.  Үстүртөн караганда ошондой, а чынында Качикенин жан дүйнөсү, психологиясы алда канча татаал, терең  жана  бай. У. Абдукаимовдун көркөм-дүк жаңылыгы адамды бир беткей, бир четинен эмес, ар түрдүү ракурстан көрүп, анын майда-чүйдө  турмуштук көрүнүштөн тартып, өмүр, өлүм жөнүндөгү чоң филос. ой жүгүртүүлөрүнө чейин төкпөй-чачпай сүрөттөөсүнө негизделген. Бул үчүн автор роман формасына мүнөздүү  болгон ар түрдүү  ыктарды: көркөм баяндоо, автордук мүнөздөмө, тарыхый хроника, эпистолярдык сүрөт-төөлөр, монологдор ж. б.  кеңири колдонгон. Дал ушул абал, албетте, Качикенин образына да тикеден-тике тиешелүү. Романдын көркөмдүк сыйымдуулугу согуш чындыгын ар тараптан толук жана  кеңири сүрөттөөгө байланыштуу. Автор жеке турмушунда "жолу болбогон” Качикенин тагдырын гана сүрөттөп чектелбестен, адамдын

жеке таалайына караганда анын коомдук таалайы алды канча бийик, жогору экенин көрсөткөн. Ушундан улам Качикенин образы романдын финалында Мекендин, элдин алдында  өзүнүн бүткүл жоопкерчилигин сезген советтик жоокердин типтүү  образы болуп чыга келет. "Майдан” романынын сюжеттик  өнүгүшүндө Кыдырбек менен Берметтин, Абсамат менен Мырзабектин, Саадат менен Чынаркандын образдары орчундуу мааниге ээ. Бул образдарды ачууда автор иликтөө  пафосун көбүнчө  адамдын ички ой-толгонууларына, турмуштук кыжаалаттарына көңүл бурган. Бир беткей максаттан же каралган схемалуулуктан, статистикалык баяндамалардан алыстап, натыйжада ар бир каарман өзүнүн гана жекече адамдык касиет-сапаты, бөтөнчөлүгү менен бөлүнүп чыга келген. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы совет элинин каармандык эмгегин, фронттогу баатырдык иштерин реалисттик дем менен сүрөттөө жагынан, адамдардын жан дүйнөсүн ичкериден тереңделген психологиялык чыңалуу менен ача билүү  жагынан, стилдин жаңы курулмалары жагынан "Майдан” романы кыргыз прозасындагы Айтматовдун жаңы багытты өзүнчө улаган жана  бекемдеген новаторлук чыгармалардын катарына кошулду.

 


Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Кыргыз адабияты | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 3114 | Тегдер: роман, майдан | Рейтинг: 2.5/4

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑