МАНАС ТААНУУ - Кыргыз адабияты - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Кыргыз адабияты

МАНАС ТААНУУ

МАНАС ТААНУУ,  "Манас” эпосун изилдөө –  кыргыз адабияттаануу илиминин, анын ичинде фольклористиканын "Манас” эпосун жыйноону, изилдөөнү, бастырып чыгарууну ишке ашыруучу тармагы. Манасда эпостун чыгыш доору, идеясы жана  каармандары, жомоктун сюжети жана  композициясы, типологиялык байланышы, айтуучулардын чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү, варианттарынын идеялык-көркөмдүк салмагы, бири-бири менен жакындыктары, айырмасы, поэтикасы, элдүүлүгү, жарыяланыш тарыхы, басылыштары (илимий жана  массалык), окутуу проблемалары, эпостун кыргыз маданиятындагы  орду ж. б. проблемалар изилденүүдө. Атайын илим катары  өзүнчө  багыт алып илимий принциптер түзүлгөн. Алгачкы изилдөөчүлөр В. В. Радлов, Ч. Валиханов, Г. Алмаши эпосту жыйноо менен бирге европалыктарга биринчи жолу комментарийлеп тааныштырган, кыскача пикирлерин айткан. Советтик мезгилде казак жазуучусу, академик М. Ауэзов 1928-жылдан баштап эпосту изилдөөгө  киришип, "Кыргыздын элдик, баатырдык поэмасы    "Манас” деген фундаменталдуу эмгегинде эпостун жаралыш мезгили, көркөмдүк  өзгөчөлүктөрү, манасчылардын индивидуалдуулугу, чыгарманын негизги  өзөк окуялары, идея-темасы боюнча  илимий көз караштарын билдирген. Орус окумуштуусу, профессор Е. Д. Поливанов орус тилине эпосту которуунун принциптерин иштеп чыккан.

М. Богданова эпоско илимий баа берип, анын идеясын, темасын, поэтикасын жогору баалаган. К. Рахматуллин манасчылардын чыгармачылык жалпылыктары, өзгөчөлүктөрү, варианттарынын карым-катышы боюнча  изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Академик В. М. Жирмунский "Манас” эпосун  үйрөнүүгө  киришүү” деген эмгегинде чыгармага дүйн. контексттен, чыгыш-батыш адабий синтезинен баа берген жана  мифологиялык белгилерди ачып көрсөтүп, салыштырма-тарыхый аспектиден эпосту изилдеп чыккан. Академик Б. Юнусалиев эпосту жыйноо, изилдөө, жарыялоо боюнча  практикалык иштерди көп жүргүзгөн, ондогон макалаларды, анын ичинде бириктирилген вариантка кириш сөз жазган, дээрлик чыгарманын бардык  өзөктүү  маселелери боюнча   өз оюн айткан. КРУИАсынын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборундагы окумуштуулар тобу (С. Мусаев, Р. Кыдырбаева, Э. Абдылдаев, К. Кырбашев, О. Сооронов, С. Бегалиев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбеков, М. Мамыров, А. Акматалиев ж. б.) эпосту изилдөө ишин тереңдеткен. Эпостун ар түркүн проблемаларына арналган 20га жакын диссертациялык эмгек (А. Сыдыков, Т. Ормонов, А. Сапарбаев, Р. Эгембердиев, И. Молдобаев, К. Жумалиев, Д. Саалиева, Б. Оторбаев ж. б.) корголгон. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан "Манас” энциклопедиясынын эки томдугу чыккан. Алдыда эпосту дүйн. масштабда салыштырма-типологиялык, тарыхый-салыштырма, мифологиялык багытта изилдөө, философия, социология, этнография, психология, педагогика, космология илимдеринин жардамы менен комплекстүү  баа берүү, кыргыз элинин байыркы түшүнүктөрүн талдап чыгуу, поэтикасын ар тараптан изилдөө, башка тилдерге которуунун илимий жол-жоболорун аныктоо, идеялык-көркөмдүк деңгээли жеткилең бардык варианттарын басып чыгаруу, илимий басылмаларын ишке ашыруу, иск-вонун башка тармактарына оодарууга илимий негиз түзүү, мектепте, жогорку окуу жайларында окутуунун дидактикалык-методикалык ыкмаларын көрсөтүү сыяктуу көптөгөн проблемалары бар. 

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Кыргыз адабияты | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 4620 | Тегдер: манас таануу, Манас | Рейтинг: 2.4/5

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑