«СЫНГАН КЫЛЫЧ» – ТАРЫХЫЙ РОМАНЫ - Кыргыз адабияты - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Кыргыз адабияты

«СЫНГАН КЫЛЫЧ» – ТАРЫХЫЙ РОМАНЫ

«СЫНГАН КЫЛЫЧ» –  тарыхый роман. Биринчи китеби 1966-ж., экинчи китеби 1971-жылы жарыкка чыккан. Идеялык-тематикалык. проблематикасы боюнча  башкаларга окшобогон «Сынгын кылыч» романы 1971, 1983-жылдагы партиялык пленумдарда  социалисттик идеологиянын куугунтугуна алынып, «...эки жолу тагдыры башка кылычтардын мизине коюлуп, эки жолу катуу чабуулга кабылып, эки жолу сынып түшүп, эки жолу кайра бүтөлүп, эки жолу кайра ордуна келген» (К. Даутов). Көрсө, бул чыгарма мезгилинен эрте жаралган экен. Тулку боюна кыргыз улутунун элитардык маданиятын, улуттук дымагын, тарыхтан ээлеген ордун, рухий кудуретин, салт-санаасын, үмүт-мүдөөсүн сиңирген бул тарыхый роман 1998-жылы кайра басылды. «Сынгын кылыч» романынын тагдыры кыргыз элинин улуттук эркиндиги менен тагдырлаш экендигине окурмандар дагы бир ирет ынанды   көрүнөт. Бешинчи басылышында романдын сюжеттик окуялары дагы бир топ кошумчалар менен толукталган. Бул роман кыргыз элинин ул. тарыхындагы өзүнчө бир доор-Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин коомдук абалын көркөм сүрөттөгөн тарыхый роман. Чыгармада айрым коомдук өнүгүүнүн терең катмарларына жасалган тарыхый экскурстарды эске албаганда да, Алим хан такка олтурган 1801-жылдан Исках-Болот хан даргага асылган 1876-жылга чейинки 75 жыл ичиндеги элдин башынан өткөн окуялар чагылдырылган. 75 жыл бир кылымга жакын убакытта элдин күрөшү, мүдөөсү, ойлоп тапкан амалы бир максатка багытталган. Ал-өз алдынча, көз карандысыз мамлекет куруу, ул. намыстын туусун бийик кармоо, улуттук эркиндикти эңсөө. Жазуучу эркиндиктин, көз карандысыздыктын символу катары канаттуунун падышасы-бүркүттү тандаган. Элдин эркиндиги хандык тарабынан тушалып, журт кыйналган мезгилдин жеке көрүнүшү. Колунан бүркүтү учуп, кайра өзүнө кол салып, көзүн оё чокуган Сарыбай мүнүшкөрдүн трагедиясы аркылуу берилген. Жазуучу  өзү  тутунган бул идеяны ишке ашыруу  үчүн Сарыбайдын трагедиясы менен гана чектелбейт. Жалаң  салык салуу менен элди сокур Сарыбайдай жүдөтүп, карайлаткан Кокон хандыгын кулатуу үчүн болгон күрөштө эл ичинен суурулуп чыккан кол башчы Исках-Болот хан «Бүркүт-план» түзөт. «Бүркүт план» менен элдик көтөрүлүштүн күчү  көркөм сүрөттөлөт. Ошону менен бирге Исках колго түшөөр күнү кароол таштын  үстүнө  чыгып,  өз «ааламын» тегерете тиктеп турганда кайдан-жайдан бүркүт учуп келет. Бүркүттөй эркиндикти эңсеген Исках-Болот мындай дейт: «Оо кайран баатырдыктын, бийиктиктин кырааны. сөөлөтүн кара, келбетин кара...»  "Баатыр куштун шаңшыганынан "Кел, кайран эр, учалы! Пастык, ыпластык жок жайларга, чагылгандуу кара булуттун нары  үстү  жайнап турган жарык  күнгө  чабыт кылалы. Жүр, кайран эр”    деген чакырык уккандай чөккөн көңүлү көтөрүлүп, эркиндикти самоо, тилөө, ардуу толгон жүрөгү  лак-лак согот”. Чебер сүрөт-кер Т. Касымбеков чыгармада жогорудагыдай эпизоддор аркылуу "Элдик турмуштун жан сырын”    негизги элдик мүдөөнү  чагылдырган. Эркиндик жөнүндөгү  кылымдар боюу калыптанган элдик түшүнүктөн улам, балким, кайра жаралган эгемендүү Кыргызстандын гербинен бүркүттүн сүрөтү орун алды.

Чыгарманын тарыхый роман катары кийинки муундарга берүүчү нравалык сабагы арбын. Анын кийинки 1998-жылкы кайра басылышында "Сынгын кылыч”, "Кел-кел” романындагы түндүк    түштүк кыргызды бириктирүү  идеясын чагылдырган Алымбек жана  Курманжан даткалардын саясий ишмердүүлүгү тууралуу окуялар жөнүндөгү автордук ой дагы тереңдеди.

Улуттук биримдиктин зарылдыгы, анын куну чыгармада түбөлүккө  баш кошуп мамлекеттин кичинекей бөлүкчөсү болгон бир  үй-бүлө  ээлери датка жубайлар Алымбек датка менен Курманжан датканын саясий ишмердүүлүгү  аркылуу берилиши да (анын тарыхый негизи да чындык) символикалуу. Жазуучу түндүк-түштүк кыргыздардын ынтымагынын наркын жогорку чеберчиликте сүрөттөй алган.

Романдын "Сынгын кылыч” деп аталышы да бекеринен эмес. Окурманга белгилүү, чыгармада кылычка сыйынат, кылыч менен курмандык чалынат, кылыч менен адам башы кесилип, топтой томолонот, кылыч байланып сапарга аттанышат, кылыч белекке берилет. Бул жөнүндө жазуучу өзү мындай дейт: "Кыргыз элинде "назарын сындырба”, "шагын сындырба” деген сөз бар. Мындай сөз көбүнчө  кичүү  менен улуунун ортосундагы мамиледе көрүнөт. Улуу адам кичүү  киши бир  нерсеге умтулган,  үмүт кылганда ага камкордук кылып шагын сындырбоо керек. Ал эми  бул роман    кыргыз рухунун тебелениши, улуттун өз жеринде өзүнүн кор болушу, саны аз улуттун көп сандуу улуттар тарабынан басмырланышы”. 

ынгын кылыч  өзүнүн көркөм аянты, идеялык-тематикалык проблематикасы, образдар системасы, структуралык түзүлүш жагынан татаал чыгарма. Анда тээ тарыхтын терең  катмарында жаткан санжыраларга жасалган экскурстар менен бирге Алтынбешиктен тараган 13 муундун тагдыры, Ферганага бий болгон Теңиряр, андан туулган мыкты уул Нарбото бийдин улуттук үчүн болгон демилгеси, анын баласы Алимхандын Кокон хандыгына биринчи хан шайланышы XIX кылымдагы кыргыз элинин коомдук саясий абалы, анын жашоо шарты, экономикасы, башка элдер менен болгон байланышы, маданияты, нарк – нускасы, дини, салт – санаасы эрикалык кеңири планда сүрөттөлөт; – романда байыркы чыгыштын дидактикалык маанайдагы санат – насыят ырлары (Календердин ыры) элдик көркөм чыг-лыктын  өзгөчө  түрү  болгон кошоктор (Курманжан датканын кошогу), улуттун кайгы    кубанычын  үч кылына сыйдырган комуз күүлөрү (Сарыбай черткен күүлөр) аркылуу лирикалык ой – толгоолор чагылдырылган: – улуттун тагдырына туш келген опурталдуу тарыхый шартта саясий карама-каршылыктардын жүзүн ачуу үчүн чебер прозаик Т. касымбеков Шералини ак кийизге олтургузганда чалынган адам курмандыгынан баштап далай жүрөк титиреткен ички карама – каршылыктарды: Нүзүптүн башынын алынышы, Алымбектинбашын кыйа чабуу, кыпчактарды кыруу сценасы, Мусулманкулдун өлүмү, Болот-Искахтын дарга асылышы сыяктуу эпизоддордо драма жанрына таандык курч диалог, реплика кайым айтышууларды кеңири пайдаланган.

  бала туулганда кулагына азан айтып ат койуудан баштап, адам курман болгондо аш берүү  (Жаманкулдун ашы) салтына чейин улутка таандык каада салт, үрп-адат, атадан балага, энеден кызга калуучу азем буюмдар, кийген кийим, ичкен тамак тууралуу этнографиялык материалдар кеңири берилет.

ынгын кылыч” романы аркылуу Т. Касымбеков кыргыз адабиятында образ жаратуунун сапаттык жаңы аралдарын ачты. Романдагы каармандар менен кейипкерлердин саны 180 ден ашат. Жазуучу жараткан образдар системасын  өзүнчө классификациялоого болот:

– хандардын образы (Алим хан, Шерали хан, Худаяр хан, Мала хан, султан Сейид хан, Насирдин хан, Исках (Болот) хан);

– бийлердин образы (Нарбото бий, Эсенбай бий, Карабек бий, Жангарач бий, Үмөтаалы бий, Осмон бий, Абил бий);

– бектердин образы (Адылда бек, Насирдин бек, Султанмурат бек, Ибрагим бек);

– аталыктардын образы (Нүзүп, Мусулманкул, Алымкул);

– даткалардын образы (Ажыбай датка, шер датка, Нармамбет датка, Алымбек датка, Курманжан датка);

– баатырлардын, балбандардын образы (Алмамбет, Таш – Палван, Бекназар, Ташкалле, Эшим);

– айымдардын образы (Жаркын айым, Каракаш айым, Кундуз айым);

– чыккынчылардын образы (Шады – ынак, Касым миңбашы, Нияз кушбеги, Абурахман);

– мүнүшкөрдүн образы (Сарыбай);

– дыйкандын образы (Теңирберди);

– момундардын образы (Мадалы, Кулкиши).

Романда катышкан каармандардын көпчүлүгү тарыхый инсандар: Нарбото, Алим хан, Өмүр – хан, Мадали, Шерали, Ажыбай датка, Нүзүп, Мусулманкул, Алымкул молдо, Кудаяр, Абдурахман, Алымбек датка, Курманжан датка, Абдылдабек, Жангарач, Байтик, Скобелев, Ионов, Болот (Исках) ж. б. Аталган тарыхый инсандардын көркөм образын түзүү  үчүн автор тарыхый булактар, архивдик документалдуу материалдар менен көшөрө  иштеген. Көркөм образ менен тарыхый булактарда материалдарды салыштыруу менен алардын ортосундагы бир топ дал келүүлөрдү  байкоого болот. Мис., романдагы негизги каармандардын бири Мусулманкулдун образы менен реалдуу турмушта жашаган Мусулманкул кол башчынын  өмүр    тагдыры, ишмердүүлүгүнүн ортосунда түздөн-түз байланыш бар. Мусулманкулдун Кокон хандыгында аскердик күчтүн жетекчиси болгондугу кыпчактарга артыкчылык бергени, Кудаяр хандын такка олтурушуна активдүү  роль ойногондугу, ага  өз кызын аялдыкка бергени, кийин кайнатасына каршы чыккан Кудаяр кыпчактын атын жер бетинен  өчүрүп салууга буйрук кылгандыгы, миң  башынын бир жолу  өлүмдөн качып кутулуп, экинчи кармаганда Кокондо  өлтүрүлүшү  чыгармада сүрөттөлгөндөй эле чындык катары тарыхый булактарда да тастыкталат.Албетте, көркөм чыгарма тарыхый чындыктын түздөн-түз көчүрмөсү эмес. Тарыхый инсандардын коомдук

процесстеги ишмердүүлүгү чебер сүрөткер Т. Касымбеков тарабынан көркөм интерпретицияга алынып, алардын образы жогорку деңгээлде жалпыланган. Айталы, тарыхый инсандардын ичинен романда Алай ханышасы аталган Курманжан датканын кайталангыс образы түзүлгөн. Жан-дүйнөсүнө  улуу чыгыштын адебин сиңирген асылзаада бул аялдан Курманжан өзүнүн зирек акылы, сыпайы мүнөзү, ички ыйбаасы, жароокер мамилеси, аяр мээрим менен убагында даңазасы таш жарып турган дөөлөттүү Алымбек датканын арзуусуна татып, байбиче курагында да кебелбес эр адамды сагыныч кумарына зарыктырып турат. Чыканагына куш жаздык коюп,  өмүрлүк жубайын меймандап күтө  билген бул табышмактуу аруу аялды мээримине арбалган Алымбек датка "зеригем, ай” деген жалыныч көөдөнүндө  "күү чертип” турганын  өзү  байкабай калат. Бул Курманжандын жубайлык асылзаадалыгы дейли. Анын энелик улуулугу Абдылдабекке болгон сагынычынан  өзгөчө  көрүнөт. Бирок дарга асууда ачылат. Ошону менен бирге  Курманжан аяр дипломат, кыраакы саясатчы. "Экспедиция” аталган падышачылык Россиянын кандуу кыргындар дүйн. басма сөздө айыптала баштаганда Скобелев дал ушул "азия амазонкасындай” болгон сырдуу аялга биригүү, баш ийүү  сунушу менен киши жиберүүгө мажбур болот. Түркстандагы кандуу кыргындын кунун эскертүү максатына Курманжан майор Ионов м-н Шабдан Жантаев келгенде "айыпсыз шейит өлгөндөргө куран окуу” өтүнүчү менен ички нааразычылыгын туйундурат. Ушунун  өзү  дипломатиялык мамиле эле. Ал эми шартнаамга кол койуунун талаптары аркылуу Курманжан аялдан чыккан саясатчы экендигин далилдей алган. Роман тарыхый инсандардын көркөм образынан башка да эл ичинен чыккан типтүү  каармандардын не бир укмуш мүнөздөрү иштелип чыккан. мүнүшкөр Сарыбайдын, жаш жесир Айзааданын, Абил бийдин, баатыр Бекназардын, момун Мадылдын образдары окурмандын рухий кудуретин күүгө келтирүүчү касиетке ээ.

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Кыргыз адабияты | Кошкон: Admin (05.12.2012)
Кароолор: 9555 | Тегдер: роман, СЫнган кылыч | Рейтинг: 2.4/14

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑