"ТОО АРАСЫНДА" РОМАНЫ - Кыргыз адабияты - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Кыргыз адабияты

"ТОО АРАСЫНДА" РОМАНЫ

""ТОО АРАСЫНДА” – роман өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарынын аягында – отузунчу жылдардын башындагы окуяларды камтып, тарыхый бурулуш доордогу кыргыз элинин турмушун, адамдардын образдарын, тиричилигин жана кулк-мүнөзүн, табият көрүнүштөрүн көркөм сүрөттөгөн эпикалык чыгарма. Анын эки китеби 1955–58-ж. жарык көргөн.

"Тоо арасында” Т. Сыдыкбековдун 1937–38-ж. жарыяланган "Кең-Суу” романынын кайра иштелген варианты. Автордун чыгармачылыгында гана эмес жалпы эле кыргыз жазма адабиятынын тарыхындагы төл башы романдардын бири. "Кең-Суунун” коллективдештирүү окуялары көрсөтүлгөн экинчи китеби өз учурунда тапчыл идеялогиянын көз карашынан катуу сынга дуушар болгон. Айтылган сын-пикирлерди эске алып, Т. Сыдыкбеков романды редакциялап, 1940–1941-ж. кайрадан чыгарган. Экинчи басылышында чыгармага негизинен идеялык мүнөз-дөгү, анчалык орчундуу эмес  өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми элүүнчү  жылдарда кайрадан иштелип чыккан роман көркөмдүктүн жаңы сапаттык баскычына көтөрүлгөн. Адабияттаануу илиминде «Тоо арасында» мурдагы чыгарманын жаңы редакциясы эмес, жаңы чыгарма катары бааланган. Жаңы вариантта чыгарманын көлөмү  эки эседен ашуун көбөйгөн. Көп жаңы главалар киргизилип, эл турмушунун жаңы катмарлары көрсөтүлгөн. Эгерде "Кең-Суунун” стилинде көптөгөн чийкилик учураса, жаңы вариантта алар жоюлуп, жазуучу элдин тил байлыгын эң сонун өздөштүргөн сөз чебери катары көрүнөт. Чыгарманын сюжетинде олуттуу  өзгөрүүлөр  болуп, жаңы сюжеттик сызыктар, эпизоддор жана деталдар киргизилген. "Кең-Суу” романындагыдай эле жаңы вариантта окуянын өзөгүн Сапарбай, Саадат, Сапарбай – Калмыкбаев жана Сапарбай – Шарше мамилелери түзөт. Бирок, бул кейипкерлердин ортосундагы карама-каршылык жана күрөш алда канча ырааттуу өнүгөт.

Баш каарман Сапарбай айылдан эч жакка чыкпаган , билими чектелүү карапайым жигит. Ошон үчүн ал адегенде Алматы шаарынан бүтүрүп келген Саадаттын жетегинде болот. Бирок, ал бара-бара окуялардын маанисин түшүнүп, Саадат мыйзамга сыйбаган иштерди жасап жатканына көзү жетет. Ошондон тартып эки негизги каармандын ортосунда карама-каршылык пайда болот. Жаңы вариантта Сапарбайдын идеялуу эволюциясы алда канча ырааттуу көрсөтүлөт. Эми ал Саадат менен да, Калпакбаев менен да ачык күрөшүп, ушул күрөштө аң-сезими өсүп жетилип тажрыйбасы артат. Ал Совет бийлиги ак эмгеги менен күн көргөн кедейлер тарабында экендигин түшүнөт. Жогору жактын көрсөт-мөлөрүн аткарууда Сапарбай аша чабууга каршы туруп, ар дайым адилет болууга аракеттенет. Бирок, романда баш каармандын адилеттикти жактаган багыты аягына чейин сакталган эмес. Экинчи китепте Сапарбай Шаршенин зордукчул иштерине тоскоолдук кыла албайт. Дегеле романдын бул бөлүгүндө баш каарман бир катар эпизоддордо экинчи планга сүрүлүп калат. Анын ушундай алсыздыгы Шарше сыяктуу радикалдардын  үстөмдүк кылышы обьективдүү  турмуш чындыгын чагылдырат. Анткени, коллективдештирүү  көптөгөн аша чабуулар, репрессиялык жалаалар менен коштолгондугу тарыхтан белгилүү. "Тоо арасында” романында ар бири  өзүнө  гана мүнөздүү  касиеттери менен айырмаланган колориттүү  жоон топ кейипкерлер бар. Алар – Саадат, Соке, Ыманбай, Шарше, Шоорук, Курман, Матай, Өскөнбай, Самтыр ж. б. Ушунун өзү Т. Сыдыкбековдун образ куруудагы чебердиги тууралуу айтып турат. Аталган кейипкерлердин арасынан көркөм жалпылоо күчү жагынан Ыманбайдын образын бөлүп көрсөтүү кажет. Анын бейнесинде көчмөн кыргыздарга мүнөздүү эң  негизги терс сапаттар чагылдырылган. Ыманбайдын баёолугу, караңгылыгы, эртеңкисин ойлобогон, күнүмдүк кызматчылык менен гана чектелген акылы, сабырсыз, башаламан жүрүш-турушу эл турмушундагы драмалуу бурулуш учурунда бөтөнчө  ачылып көрүнөт. Ашкере кыйчалыш кырдаалдар анын мүнөзүндөгү  апендилик сапаттарды айгине кылат. Өзүнүн мисалында ошол доордогу кыргыз букарасынын турмуш жолун чагылдыруусу жагынан Ыманбай улуттук адабиятта жаратылган алгачкы "элдик тип” деп айтууга болот. Бул мааниде Ыманбайдын образы жеке романдагы эмес, бүткүл кыргыз адабиятындагы орундуу табылгалардын бири. Анын образында комедиялык жана трагедиялык касиет-белгилери эриш-аркак. Кейипкердин иш-аракети жана кулк-мүнөзү канчалык комедиялуу болсо, жашаган шарт-жагдайы, иштеринин натыйжалары ошончолук трагедиялуу. Арийне, "Тоо арасында” романында көркөмдүк мүчүлүштөр да бар. Маселен, чыгарманын сюжеттик курулуш айрым учурларда чаржайыт, айрыкча экинчи китепте мазмунга эч кандай кошумча киргизбеген артыкбаш эпизоддор бар. Ошондой эле башкы каарман Сапарбайдын иш-аракетин көрсөтүүдө белгилүү  даражада бир беткейлик орун алган. Чыгармада негизинен анын коомдук иштери көрсөтүлгөн, ал эми жеке турмушу, адамдык касиеттери, кулк-мүнөзү  купулга толоорун ачып бере алган эмес. Бирок, ушул сыяктуу айрым мүчүлүштөрүнө  карабастан "Тоо арасында” романы кыргыз адабиятынын тарыхында маанилүү  орун ээлеген этаптык чыгарма. Ал. улуттук жаш жазма адабият кыска мөөнөттүн ичинде  өнүгүүнүн татаал жолун басып  өтүп, профессионалдык деңгээлге жеткендигин айгинелеген.

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Кыргыз адабияты | Кошкон: Admin (06.12.2012)
Кароолор: 9481 | Тегдер: роман, Тоо арасында | Рейтинг: 2.3/26

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑