КАРАЧ ДӨӨ - Дастандар жана эпостор - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

КАРАЧ ДӨӨ

"КАРАЧ ДӨӨ”    дастан. "Карач дөө”    жөө  жомоктун нугунда 1939-ж. К. Акиев тарабынан ырга айландырылган дастан. Аны акын  өзү  да эскерет. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Чыгарманын негизинде "Болот” сыяктуу жөө жомоктун жаткандыгы мазмун жагынан салыштырууда ачык көрүнөт. Жомок боюнча  байдын кенжеси "балапан жүнү түшө элек, балтыр эти толо электигинен” пайдаланып, Кара дөө, Көк дөө, Кызыл дөө атасынын кара шаарын талкалап, калың малын айдап кетет. Болот эрезеге жетип, жоо артынан барып,  үч дөөнү  өлтүрүп, аялдарын  алып, туткундагыларды бошотуп элине кайтат. Дастанда да Кадаң баатырдын үч уулу болуп, анын Ак дөө, Кара дөө, Көк дөөлөр менен жоолашып тургандыгы баяндалат. Кадаңдын уулу Кара Мергенден ашкере алп Карачтын туула тургандыгын  үч дөөнүн энеси желмогуз кемпир алдын-ала билет. Ушул мезгилде дөөлөр Кадаңдын элин басып, мал-жанын талоонго түшүрөт. Карач алптын күчкө  толуп, элдин  өткөндөгү  өчүн, кеткендеги кегин кууп, аларды  өлтүрүп, олжолонгон кыз-келиндерди, туткундалып кулдукка кеткен эр-азаматтарды, таланган мал-мүлктү кайтарып элине кайтат. "Карач дөөдөгү” жомоктун изи ушул. К. Акиев жогоркудай жөө  жомоктук мазмунду ырга түшүрүп, эпикалык чыгарма жаратууда качанкы бир мезгилде өткөн баатырлыкты жана  белгисиздикти элдик баатырдын дөө, желмогуз кемпир менен болгон күрөшүн баяндаган кыялданууну кадимки реалдуулукка, эпикалык тарыхыйлуулукка жакындатат. Чыгарманын эпикалык доору катарында калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарды басып кирген мезгили саналат. Кара дөө, Ак дөө, Көк дөө, желмогуз кемпир сыяктуу жөө жомоктун каарман-персонаждары аталганы менен кадимки эле эпикалык душмандын (монгол, калмак) жүгүн көтөрөт. Анткени, тарыхый жагдайдын  өзгөрүшү  менен Калыктын көркөм-эстетикалык сезимин кайсы бир учурдагы, кайсы бир

жердеги жомоктук каармандын мифологиялык терс күчтөргө  (дөө-шаа, жез кемпир ж. б.) ашкере апыртмалуу күрөшү толук канааттандыра бербейт. Угуучулар айтуучудан конкреттүүлүктү, реалдуу тарыхый доордун ырдалышын талап кыла баштайт. Ушундай жагдайда жомокто, же уламышта каармандын экинчи өмүрү башталат. 

Табиятынан сезимтал, эпикалык чыгармаларды жаратып айтуунун ири устаты К. Акиев жомоктук оң  каармандын баатырдык күрөшүн эпикалык доордун кызыкчылыгына баш ийдирип, ошонун духунда дастандык чыгарма түзүү аракетинде көп күч жумшайт. Жалпысынан чыгарма жөө  жомоктон эпоско  өтүү  стадиясында турат. Чыгыш доору, мазмундук, композициялык, көркөмдүк жагынан толук калыптанган деп эсептөө кыйын. Анткени, " Карач дөөдө” бир жагынан жөө жомоктун окуясынын изи жатат. Экинчиден, чыгармада конкреттүү  тарыхый доордун окуялары, адам аттары жана  реалдуу топономика камтылат. Натыйжада, байыркы баатырдык жөө  жомоктордогудай шарттуулукка караганда анда эпикалык тарыхыйлуулук басымдуулук кылат. Ички маңызы, идеялык багыты боюнча  жомоктун окуясы жана  ашкере алп Карачтын баатырдык кыймыл-аракети конкреттүү  тарыхый же кыргыздардын калмак төбөлдөрүнүн баскынчылык жортуулуна каршы көз каранды эместигин коргоп, күрөшүп турган мезгилине байланыштуу сүрөттөлөт. Чыгарманын башталышында кыргыздардын Нарын-Кол, Кенимпол,  Үч Каркыра, Улан, Ысык-Көлдү  жердеп, ойрот-калмактар менен коңшу жашап, алар менен өз ара кагылышып тургандыгы баяндалат. Кийин Карачтын жогорку үч дөө менен согушкандыгы ж-дө  сөз болот. Натыйжада " Карач дөө ”  үч баштуу желмогуз кемпир, алп дөө  сыяктуу мифологиялык кейипкердин жана  апыртмалуу окуялардын чагылышкандыгына карабастан, 17–18-кылымдын аралыгындагы тарыхый жана  топономикалык реалдуулуктун изи жатат. Карачтын образын түзүүдө, бир жагынан кереметтүү-апыртмалуу мүнөздөмөлөр (аны ат көтөрө  албай коюшу, кырк сабадагы кымызды көңтөрө  ичиши, төрөлгөндө  эле калмак менен маңгулдун дүрбөлөңгө түшүшү, үч баштуу желмогуз кемпирдин эки башын катып алып, "балтыр эти ката электе, балапан жүнү түшө электе” тумчуктуруп  өлтүрүп келиш  үчүн кыргыздарды кыдырышы ж. б.) колдонулса, экинчиден, реалдуу мүнөздөмө, баяндамалар, сүрөттөө, ой жүгүр-түүлөр орун алган. Каарман, персонаждарга берилген кереметтүү-апыртмалуу мүнөздөмөлөр алардын кулк-мүнөзүнөн, речинен орун алган реалдуу жагдайлар менен жуурулуша албай, кандайдыр бир ажырымдыкты туудуруп турат. Натыйжада, чыгарманын стили  бир нукка түшүп, толук калыптанган эмес. Бул дастандын кийин гана түзүлүп, эл арасында айтылгандыгын, акындын экинчи кайрылбагандыгы менен түшүндүрүлөт.

Бирок, чыгарманын идеялык мотиви көксөп келген ой-мүдөөсүн чагылыштырып, калктын көркөм-эстетикалык табитин канагаттандырып турат. 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 751 | Тегдер: дөө, Карач дөө, Дастан, поэма | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑