Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

КАРАГУЛ БОТОМ

"КАРАГУЛ БОТОМ” – дастан. Турмушта болуп өткөн окуя. "Карагул ботом” элге таасирдүүлүгү, өзөктү өрттөгөн оор жоготууну элестүү сөздөр менен кошокко айландырган ыры, муун-жүндү бошоткон кайгылуу обону аркылуу ого бетер артылган. " Карагул ботомдун” эл ичинде айтылып жүргөн 5–6 варианты бар. Башка жанрларга окшоп, уламыштардын деле эпизоддон эпизодго чубап айта берүүгө ылайыктуусу (окуялары кызыктуу болсо) тескерисинче алымча-кошумча кошууга муктаж эместери болот.  " Карагул ботом ” булардын экинчи тибине кирет. Ошол себептүү  бардык  үлгүлөрүнүн көлөмү  чакан. Башкача айтканда, мергенчинин жаңылып,  өз уулун атып алышы, ошондо кошулган кошок чыгарманын негизги  өзөгүн түзөт. Ал эми Калыктын " Карагул ботомунда” Ашыр деген мергенчи чалдын Убагул, Эрегул, Байыргул, Дүйшөгул кенжеси Карагул деген беш уулу болгон. Эки уулу доодо, эки уулу жоодо  өлүп, Карагул жалгыз калат. Калык " Карагул ботомдун” маанисин тереңдетип, көркөмдүгүн артылта өз алдынча оригиналдуу иштеп чыккан. Калыктын вариантындагы экинчи өзгөчөлүк " Карагул ботом дун” ар саптарын комуз менен айтып, аткаруу чеберчилигине баш ийдирилген. Калыкта Карагулду жоготуу жеке эле кемпир-чалдын гана эмес, эжесинин, элдин да оор жоготуусу катары берилет. 

 

Толгоноорум бир боорум, 

Томуктан сынды оң колум. 

Томуктан колду сындырган, 

Тозоку какбаш оңбогун. 

Тоо кийикке асылып, 

Толгоноорумду сомдодуң. 

Кайберен аттың семиз деп, 

Кайберендин каргышы, 

Карагулду аттың эми издеп. 

Канатым сынып, кайрылып, 

Карагулдан айрылып. 

Кайдан табам мен издеп. 

 

Окуя "кайберендин каргышы, Карагулду аттың  эми издеп” дегенден баштап, чиеленип  өнүгүүнүн экинчи этабына өтөт. Бул жерде Карагул эжесинин кошогу аркылуу мергендин кумарына кызыгып, кайберендерди аёосуз кырган. Алды-артын ойлобогон ач көздүгүнүн бетин ачып берет. Ашынган  ач көздүк эртеби кечпи, адамды бир мүшкүлгө  салбай койбойт. "Эмнени кордосоң, кордугуна каласың” делет элде. Бул динде да "Дүйнөгө кызыгуу оту – өлүмдөн өчөт” деген ынанымдуу айтылат. Табият бар байлыгын тартуулап, ашынып баратсаң ушинтип жазалап да коёт. Муну, Калык: 

 

"Текесин аттың кооз деп,

Телкисин аттың бооз деп.

Улагын аттың эгиз деп, 

Кысырын аттың семиз деп. 

Ушулардын каргышы, 

Уулуңду аттың  эми издеп” –  деп эң  жеткиликтүү  таасын берген. " Карагул ботомдогу” мыкты варианттардын бири Сарыкунандыкы. Ал Калыктын эң  жакын шакирти болгондуктан, экөөнүн варианттары бири-бирине абдан окшош.

Бирок, Сарыкунандыкына сюжеттик өзөгү далма-дал келген менен чыгарманын ар учур мерчемдерин баяндоого келгенде өз алдынча чечмелеген табылгалары арбын.   Бул чыгарманы айтылуу комузчу А. Эшмамбетов да Калыктан  үйрөнүп алып, мыкты аткарган. Ал радио фондуга жазылып калган. " Карагул ботом ” –  төкмө А. Айталиевдин кайгыга ширелген муңдуу обону, жогорку чеберчиликтеги аткаруучулук устаттыгы менен кыргыз түгүл тектеш элдерге чейин таанылды. Ошентип, " Карагул ботом ” бар негизги турмуштан алынып, адам менен табияттын ыйык биримдигинин сыры тереңде экендигин айкындаган жана Калык, Сарыкунандан алп айтуучулардын өнөрканасынан өтүп, ого бетер муңдуу чыгармага айланган курч драмалуу, терең трагедиялуу дастан.

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 565 | Тегдер: Дастан, Карагул ботом, оэма | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       

Яндекс.Метрика Создать сайт бесплатно
Жогору ↑