КУРМАНБЕК - Дастандар жана эпостор - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

КУРМАНБЕК

"КУРМАНБЕК”  эпосу Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында "калмак доору” аталып, эл эсинде, оозеки чынармалыгында катаал кезең  катарында бааланган 16–18-кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу  өмүр-баянына негизделип түзүлгөн көркөм чыгарма. Окуянын  өткөн орду да реалдуу, ага Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Кара Шаар-Камбыл, Орто Азия аймагындагы Анжыян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) сыяктуу шаарлардын жана  жер, суу аттары кирген. Чыгарманын тарыхый негизин Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, коңшу хандыктар м-н түзүлгөн дипломатиялык байланышын, калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарын белгилүү даражада аныктай турган фактылар тарыхый уламыштык, аңыз-аңгемечилик материалдардан жана  тарыхый булактардан да орун алган. Алсак, 1947-ж. А. Чоробаев Жалал-Абад областы, Сузак р-ну, Калмак-Кырчын сельсовети, Таран-Базар кыштагынын тургуну Шырдак карыядан Калмак-Кырчын уламышын жазып алып, анда илгерки заманда кыргыз-кыпчак уруусунан Курманбек аттуу баатыр чыгып, калмактар менен урушуп, алардын мизин кайтарып, баш ийдирип тургандыгы баяндалат. Жер кыдырып Кашкарга барып, Кашкардын каны Аккан менен достошуп кайтат. Ал кезде Курманбектин ордосу Кызыл-Суу деген жерде жайгашат. Арадан бир канча жыл өткөндө уулдуу болот. Аккан токсон нарга пул жүктөп, досунун баласын жентектеп келе жатып, Күлдөмбөс деген жерге жеткенде Корун аттуу калмактардын төрөсү  Курманбектин ордосун курчап алып согушуп жаткандыгын угат. Уруш бир канча  күнгө  созулуп, Курманбек душманды жеңип, Кызыл-Суунун батыш жээгине калмактын колун боо түшүрүп кырат. Ошондон улам "калмак кырчындай кырылды” деген сөз калып, согуш өткөн аймак "Калмак-Кырчын” аталып калат. Демек, Курманбек жашаган мезгилде ушул аймакта калмак-кыргыздардын ортосунда катуу согуштун болгондугу реалдуу окуя. Ал ошол уруш өткөн жердин "Калмак-Кырчын” аталып калышы менен да бекемделет. 

Курманбектин "калмак доорунда” жашаган тарыхый инсан экендиги башка тарыхый булактарда да маалымдалат. Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турган.

"Тарихи-Кашкариде” Ишим (Эшим) кыргыз мырзалары Курбанбек (Курманбек) жана  Малик Касим (Касым) менен жолугушкандыгы тууралуу маалымат орун алат. Сүйлөшүүгө Эшим Ташкенттен келет. Жолугушуу Курманбектин Ак-Суу (Ак-Калаа) коргонунда өтүп, калмактар менен урушунун жөн жайы макулдашылат.   Эшим хан 16–17-кылымдын

аралыгында жашаган реалдуу тарыхый адам, казак ханы, бирок, кыргыздар анын тегин кыргыз-кыпчактан чыгарат.

Эшим хан жөнүндө кыргыз арасында казактарга караганда уламыш, аңыз-аңгемелер көп сакталган. Тоголок Молдо уламыш, аңыз-аңгемени негиз кылып алып, "Эр Эшим” поэмасын жараткан. Эпосто Курманбек менен Аккандын досчулугуна кеңири орун берилет. Чындыгында да "калмак доорунда” "Чыгыш Түркстан аймагы” менен кыргыздар Кашкар менен тыгыз саясий-маданий жана  экономикалык байланышта болгон. Айрыкча 17-кылымда Кашкар жана  Жаркент хандыктарынын аймагында кушчу, чоң багыш, кыпчак, нойгут, тейит, булгачы, отуз уул ж. б. кыргыз урууларынын мамлекеттин саясий турмушуна активдүү аралашып, тарыхый окуяларга өз таасирин тийгизип турат. Чыгыш Түркстандын тарыхында Аппак хан (өз аты Абд ал-Матиф) 1602-ж. төрөлүп, отуз жашында Кашкардын ханы болот (ал да 17-к-да өмүр сүрөт). Аппак хан менен Курманбектин ортосунда жакшы мамиле түзүлүп, бири-биринин жерине каттап турушат. Анын Ак-Суу чебине келип кеткендиги, Ак-Суу чебин курууга жардамдашкандыгы, Абд ал-Латифтин Кашкарга хан болушунда кыргыздардын чоң  көмөк көрсөткөндүгү жөнүндө тарыхый булактар маалымат берет. Тарыхый маалыматтарга, калк арасында айтылган аңыз-аңгеме, уламыштарга жана  эпостун окуясына караганда, "Курманбек” эпосуна кандайдыр бир деңгээлде Абд ал-Латиф хандын  өмүр жолунун бир  үзүмү  чагылышкан  өңдүү. Санжырачы, кытай тарыхчысы  Үсөйүн ажы Курманбек м-н. Абд ал-Латиф ханды тарыхый  болгон адам катарында баяндайт. Курманбек экөө  достошуп, эки эл биригип, муңгул зулумдарына каршы күрөшүп турат. Натыйжада, эки элдин башчыларынын ортосунда дипломатиялык же достук мамиленин түзүлүшүнө, эки элдин жакындашуусуна 17-кылымдагы Кашкар хандыгынын ички, сырткы карама-каршылыктары, ойрот-калмак хандарынын баскынчылык саясатынын күч алышы, жогоркудай эле тарыхый кырдаалды кыргыздардын да  өз баштарынан  өткөрүп турушу себепчи болуп, калк башына түшкөн оорчулук жана  тагдырлаштык менен коштолгон. Эпосто калмак хандары Корун, Дөлөндүн согушуна каршы Курманбектин баатырдык менен жүргүзгөн күрөшү  сырткы гана эмес, ички карама-каршылыктардын курчушунда, ата менен баланын мамилесинин душмандык курч мүнөзгө өтүшүндө, үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдырынын баяндалышында эпостун деңгээлине көтөрүлүп, ошол доордун реалдуу картинасын, духун, трагедиясын, калк тагдырын көркөм сөздүн күчү менен элге жеткирип, угармандардын моокумун кандырып, делебесин козгоп турат. Эпос ушунусу менен баалуу. Ошондой эле аңыз-аңгеме, уламыштарды, эпосто кыргыздардын карым-катнашы бар коңшу хандыктардын (могол, казак, жунгар, кашкар) ортосунда түзүлгөн мамилени реалдуу чагылдырып турушу эпостун тарыхыйлуулугун көрсөткөн факт болуп саналат. Эпосту бизге айтып жеткиргендерден 19-кылымдан берки Токтогул, Мусулманкул, Шамшы комузчу, Калык, Сарыкунан сыяктуу айтуучулардын гана ысмы белгилүү. "Курманбекти” Токтогулдун айткандыгын, өздөрү  андан  үйрөнгөндүгүн Калык жана  Сарыкунандын эскергендигине карабастан чоң  акындын  өз оозунан жазылып алынбаган. "Курманбек” эпосун алгач араб алфавитинде К. Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алган. Кийин азыркы алфавитке которулган. Бул вариантта жомоктук мотив кеңири орун алат. Бир перзентке зар Мадалкан хандын байбичеси кайберен эмизип жаткан баланы ажыратып алып, атын Курманбек коюп, асырап алат. Перинин кызы Канышай учуп издеп келип, ага турмушка чыгат. Мусулманкуловдун варианты башкаларга салыштырмалуу окуясы чакан. Курманбектин жаралышы, чоңоюшу, үйлөнүшү апыртмалуу баяндалып, өз өзгөчөлүгүнө ээ. Болочок баатырдын энеси – касиеттүү  кайберен, ал    пери болгон. 1926-ж. Жума Жамгырчиев Каракол округу, Тоң  болушунун тургуну Шамшы комузчудан дагы бир чакан вариантын жазып алган. 1958-ж. Тажик республикасынын Жерге-Тал районунда жашаган М. Каландаровдон эпостун  үзүндүсү  (360 саптан турат) катталган. 1965-ж. Кетмен-Төбөдөн Калыктын шакирти Сарыкунан (Сагынбек) Дыйканбаев эпостун дагы бир вариантын жаздырат. Кийин мурунку жазылган нускасын кайрадан алып, айрым өзгөртүү, алымча-кошумчалар менен көлөмдүү вариантын түзүп, Тил, адабият ин-тунун коруна тапшырган. " Курманбектин” алгач Калыктын варианты жарык көргөн. 1938-ж. Ж. Турусбековдун редакторлугу менен басылып чыккан. 1957-ж. экинчи, 1970-ж. үчүнчү жолу басылган. Эпос Курманбек аттуу тарыхый инсандын тегерегинде айтылган аңыз-аңгемеден, тарыхый уламыштан ири эпикалык чыгарманын деңгээлине көтөрүлгөн баатырдык эпостун классикалык  үлгүсү, чыгармадагы элдик баатырдын Ата журт, Ата Мекендин эгемендүүлүгүн, азаттыгы  үчүн аң-сезимдүүлүк менен  өлүмгө  жалтанбай барган эрдиги бизге да, кйиинки муунга да үлгү.   

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 7323 | Тегдер: Курманбек, Эпос | Рейтинг: 2.8/5

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑