МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ - Дастандар жана эпостор - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ — эпостун варианттарынын дээрлик бардыгында бар туруктуу салттык чоң эпизод. Баатырдын салтка ылайык үйлөнүүсү, айрыкча баатырдык үйлөнүү эпостордогу кеңири белгилүү, терең иштелип чыккан салттык сюжеттерден. Эпосто Каныкей Манастын өзүнөн кем эмес, айрым учурда жогору бааланган образдардын бири болгондуктан чыгарманын идеялык мазмунунун ачылышында, окуялардын өнүгүшүндө бул эпизоддун мааниси зор.

Жакыптын кыз издеши — чоң эпизоддун кириш бөлүмү, эпикалык кеңири белгилүү сюжет, баатырдык үйлөнүү темасынын маанилүү деталдык белгилеринин бири.

Малыңды аяп жүрүп кайындап катын алып бербедиң, Кайыпдаңдын кызы Карабөрктү согушта колго түшүрүп алдым. Шооруктун кызы Акылайды атасынын айыбы үчүн тартууга алдым, жашым отузга жетти — катын алып берип аталык милдетиңден кутулгун — деп Манас атасы Жакыпка таарыныч айтат. Баласынын жөндүү сөзүн эп көргөн Жакып жанына жолдош алып, уулуна ылайыктуу кыз издеп, көп эл-жер кыдырып, акыры Кейип шаарына барып Кыйбанын каны Атемирдин кызы Санирабиганы жактырат. Кыздын атасына кайрылып, уулума кызыңы бер дейт. Атемир (Каракан) кызын бергиси келбейт, бирок Манастан чочулап Жакыпты качырыш үчүн атайылап оор салык — калың сурайт. Куда түшүп, ырымын кылып, кудасы берген кийитин алып Жакып элине кайтат. Ууда жүргөн Манас түш көрөт: чекеси кетик толгон ай койнунда жатыптыр. Ошондой эле түштү Алмамбет да көрөт. Кырк чоро бүт түшүндө толгон ай койнунда жатканын көрүшүптүр. Түштү Бакай жоруп акылы жетик аял ала турганын айтат. Чети кетик ай менин колумда туруп жетилди дейт Манас. Аны Бакай эркек балалуу болот экенсиң деп жоруйт. Уудан кайткан Манастарды үйүнө чакырып, Жакып кыз таап, кудалашып келгенин айтат. Калың үчүн сураган малы өңдөш айтылгандыктан табуу кыйын го дейт. Манас аял алса мал аямак белек деп эл Атемир талап кылгандай өңдөгү малдарды жыйнап келет. Ушундан тартып аял алганда калыңга жакындары менен туугандары кошумча кошуу адаты калат. Айтылган малдан канча эсе көп мал чогулуп, кызды алып келүүгө камынышат. Баатырдын өзү, же атасы, кээде досу ага ылайыктуу жар издеп анын кыйынчылык менен табылышы, кызды алуу өтө оор тоскоолдуктарды жеңүү аркылуу ишке ашышы фольклордук чыгармалардагы кеңири белгилүү сюжеттерден. Эпизод Радлов жазып алган вариантта негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын баяндалат.

 

Саякбай Каралаевдин вариантында Жакыптын кыз издегени жок. Бирок, Манастын Каныкейди алышы белгилүү окуялардын бири катары айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Шооруктун окуясына улай келген өзүнчө бөлүм Чубак жөнүндөгү баян. Акбалта баласыз зарлап жүрүп талаадан бала таап алат. Чоң той берип, балага эч ким ылайыктуу ат таба албай турганда Кыдыр Алекисалам баланын атын Чубак деп коёт. Чубак алты жашка чыкканда Меке, Мединага окууга барып, алты жыл окуйт. Түшүнө Манас кирип, ага жолдош болууну самап, атасына келип, өзү мингидей ылайыктуу ат сурайт. Акбалтанын жылкысынан ага ылайык ат табылбай, Олуя чал Көгала тулпарды берет. Эрдигине чиренген Чубак Анжыян, Кашкарды чаап алып, Букарды камайт. Жекеге чыккан Каныкейге туруштук бере албай качып берет. Ууда жүргөн Манас түш көрүп, анын түшүн Бакай сага Чубак келет, Каныкейди аласың деп жоруйт. Каныкейден качкан Чубак Манастарга кезигет, артынан кууп келе жаткан Каныкей кайра тартат. Манас Кум-Булактын белинен Кумайык таап алат. Аны бага турган ылайыктуу ургаачы жалгыз Каныкей болгондуктан Каныкейге куда түшсүн деп Ажыбайды Жакыпка жиберет. Жакып болбой коюп, Бакай өзү барып кудалашат. Фольклордук чыгармаларда кеңири жолугуучу эки сюжет — баатырдын өзүнө тете жолдош жана ылайыктуу жар табышы байланыштырылып бир берилген. Окуянын схемасы ушул темадагы сюжеттерге жакын түзүлгөн. Ошондой эле жолдош табарда, аял аларда түш көрүү өңдүү айрым деталдар мында да учурайт. Чубакка тиешелүү окуялар эпикалык оозеки чыгарманын талаптарына ылайык даяр сюжеттик деталдарды кеңири пайдалануу аркылуу ишке ашырылган. Жакыптын кыз издеши Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында жана башка манасчыларда бар жана негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилген.

Манастын күйөөлөп барганы — бөлүмдөгү окуялардын бутактанып андан нары өнүгүш деталы.

Камылгасын алты күндө камдап бүтүп, куда-кудагый жанына көп киши алып, күйөө жолдоштору менен аттанып, Атемир айткан мал-мүлкүн алда канча ашыра алып, Кейип шаарына барып түшүшөт. Элди конокко алып жайгаштырганда дүрбөлөң менен унутулуп кошто калган Манас бир күн өтүп экинчи күнү кечинде Ажыбайды ээрчитип колуктусун көрүү үчүн барат. Түн ортосунда уруксатсыз үстүнө кирген жоругуна нааразы болгон кыз менен күйөөнүн ортосунда чыр чыгып, Манастын билегине канжардын учу тийип, жарадар болот. Унутулуп кошто калып, ала турган колуктусунан кагуу жеп, билегине канжар тийип ызаланган Манастын буйругу менен атка минип, шаарды каптоого бет алган колдун алдынан Бакай, Көкөтай баш болгон карылар чыгып, токтотуп калышат. Атемир конокко албаган күнөөсү үчүн кечирим сурап, кудаларын конокко бөлүп, Манасты кырк чоросу менен ордосуна алып барып, кырк жигитти өзүнчө жайгаштырып, Манасты аземделген атайын үйгө жалгыз киргизишет. Атемир баш болгон эр бүлө кыздын себинин, тойдун камылгасы менен алаксып, кызмат кылган келин-кыздар баатырдын үстүнө даап кире албай эки күн, эки түн тамак ичпей жалгыз олтуруп калган Манас катуу ызаланат. Манастын кандайча конок болуп жатканын көргөнү келген кырк чорого ачууланып, атын алдырып, Атемирдин шаарын чапкыла деп чоролоруна буйрук берет. Бакайдын айтуусу боюнча чоролор калп эле дарбаан салып, сез көргөзүшөт. Күйөөнүн чыр чыгарган себебин билишкен кайындары Манасты кантип токтоторун билбей катуу бушайманда калганда, Санирабига күйөөнүн алдына өзү келип кечирим сурап токтотот. Кырк бир өргөө тигилип, Каныкей баш болуп анын нөкөр кыздарынын ар бири бирден үйгө кирип, Манастын чоролору да бирден кызга үйлөнмөк болот. Ат жарыштырып, көз таңып коюп карматып, жар тандоо расмисин жасап, МанасКаныкейди, Алмамбет Аруукени алат. Кырк күн той болуп, Шакан байбиче кырк бир келин ээрчитип, кудалар элине кайтышат.

Баатырдын күйөөлөп барышы, колуктусунун, анын атасынын оор тапшырмаларын аткарышы, кыз-күйөөнүн ортосундагы чатак өңдүү көрүнүштөр жөө жомоктук, эпикалык даяр сюжеттерден. Бул сюжеттердин теги баатырдык үйлөнүү темасы менен байланышып, улам кийинки доорлорго ылайык өзгөрүүгө дуушар болгон. Эпизод Радлов жазып алган вариантта Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын мүнөздө берилген.

Саякбай Каралаевдин вариантында Манас күйөөлөп барып, Кумайыкты Каныкейге берип жакшы бак деп тапшырат. Каныкей аны көп азап менен багып чоңойтот. Бирок, өзгөчө ойноок чыккан Кумайык алтын каргысын жара тиштеп бошонуп кетип, Каныкей кармай калгыча коломтодогу табылгынын чогуна куйругун чаап алат. Колуктусун алып кеткени келген Манас Кумайыктын куйругунун учу эки эли күйүп калганын көрүп Каныкейди кабыргасын сындыра тээп, албай кетет. Окуянын аягы «Семетейде» Каныкейдин жомогунда берилген. Сюжетте эки ачалык бар. Каныкей эскерүү баянында Манас күйөөлөп келгенде керегенин башында турган канжар кынынан суурулуп кетип Манастын билегин чийип өтөт. Муну шылтоо кылган Манас Чубактын өчүн алуу үчүн Букарды алты жолу чаап алып, Каныкейди салбар кылып таштап кетет. Каныкей артынан көчө барып, Манастын айлын баса конуп, акылы, эптүүлүгү менен алынып, баатырга аял болуп калат.

Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилген, бирок Шапак Рысмендеевдин вариантында Манас Сарыбайдын жылкысын тийип келип берип, кайнатасынын батасын алганын баяндаган эпизод да бар.

 

С. Мусаев

 

Материал "Манас энциклопедиясы” китебинен алынды.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ.

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК «АКЫЛ» КОНЦЕРНИ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (07.02.2013)
Кароолор: 5126 | Тегдер: Манас | Рейтинг: 4.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑