"СЕМЕТЕЙ" - Дастандар жана эпостор - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

"СЕМЕТЕЙ"

"СЕМЕТЕЙ” –  кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал "Манастын” уландысы эсептелип,  үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү  катары Манас баатырдын уулунун ысмы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду "Манастыкынан” кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиши, стили жактан элдик оозеки чыг-лыктын классикалык бийиктигине жетип, ага болгон эстетикалык көркөм табит    элдин сезиминдеги сүйүктүү  каарманы Манастын оор трагедиясын жеңилдетип, андан ашкан эпикалык көркөм образдын жаралышы менен ишке ашырылган. "Манастын” негизги үч бөлүгүн ("Манас”, "Семетей”, "Сейтек”) айткан чоң манасчылар сыяктуу эле "Семетей” эпосун айтууну кесип тутуп, ошого бүт өмүрүн берген мыкты семетейчилердин көзү өткөн. "Семетейчи” деген түшүнүк да кесиптик да термин катары кыргыз фольклористикасы жандана баштаган 30-жылдардан баштап "Семетей”, "Сейтек” бөлүмдөрүн аткаргандарга карата орун-очок алып айтылып калган. Манасчылар сыяктуу эле семетейчилер да айтуучулук  өнөрдүн сыйкырдуу жолун сөзсүз түрдө  кандайдыр бир сырткы сырдуу күчтүн таасири (өздөрү  ушундай түшүнүшөт) астында башташкан. Демек, салт катары кереметтүү жакшы түштөрдө аян берилип, эпостун тигил же бул көрүнүктүү каарманы кандай болбосун жаш талантты жомок айтууга үндөп, ал турсун талап кылган. Ошондон баштап ал адам эпикалык текстке байланып,  өмүрү  өткүчө  ага кызмат кылууга моюн сунган. "Манас” сыяктуу эле "Семетейде” үйрөнүүнүн, аны эл алдында айтып чыгууну да  өзүнчө  иштелген туруктуу ыйык традициясы жашаган. "Семетей” эпосу түндүк-түштүк кыргыздарда бирдей сюжеттик нукта таралган. Ал көлөмү  эмес вариантынын саны жактан да "Манастын” материалдарынан ашып түшөт. Буга кыргыз Улуттук академиясындагы Манастаануу жана  көркөм маданияттын улуттук борборунун алдындагы Кол жазмалар фондунда сакталып турган  өтө  бай элдик көркөм казына далили. "”Манас” бөлүгүнөн калышпаган мына ошол "Семетейинде” алгач кагаз бетине түшү-рүлүп басмадан жарык көрө башташы жана  ага болгон илимий кызыгуучулуктун тарыхы да бир топ тереңден баштаган. 

"Семетей” "Манастын” түздөн  түз бир бөлүгү  болуу менен бирге  өз алдынча бөлүмдү  көп варианттуу эпикалык чыгарма экендиги  өткөн кылымда эле белгиленген болучу. Тагыраак айтканда, "С.”  салттуу түрдө  "Манас” баатырдын карачечекей уулу аталып, атасынын иштерин улантып, аягына жеткирген чыныгы тукуму катары баатырдык эпостун кийинки бөлүгүнүн баш каарманы экендиги мурдатадан бери эле айтылып келген. Демек, "Семетей” жомогу    кыргыздарга гана таандык улуттук маданий көрүнүштүн бир көрүнүктүү  фактысы катары калыптануу,  өнүгүү  жана  гүлдөө баскычтарын толук басып  өткөн  өзгөчө  классикалык чыгарма. 19-к. орто ченинде эле "Семетей” эпосу толук калыптанып бүткөн абалында турганы ошо кезде кыргыз жергесине келген Ч. Ч. Валиханов (1856), В. В. Радлов (1869) өңдүү сырттан келген алгачкы окумуштуулардын ага болгон кызыгуусунан көрүнөт. "Манас” менен "Семетейдин” ар биринин аягына чейин айттырыш үчүн үч күн, үч түн аздык кылат деген маалыматка Ч. Валиханов адегенде көп ишене бербеген. Иш жүзүндө таанышкандан кийин гана чынында гана "Семетей” буруттардын (кыргыздардын) "Одиссеясы” деген терең маанилүү жыйынтыкка келген. Андан кийин "Семетейди”, "Манас” менен бирдикте , башкача айтканда үчилтигин бүгүнкү бизге тааныш сюжеттик нугунда кыска гана жазып алып, 6–7 эпизоддор "Семетей” менен "Сейтекке” таандык экендиги басма жүзүндө кабарлап, жарыялаган. Орус окумуштуусу академик В. В. Радлов "Манасты” "Семетей” "Сейтек” бөлүмдөрү  менен кошо кыска, нуска да болсо да алып,  өзүнүн 11 томдон турган "Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын  үлгүлөрү” деген атактуу эмгегинин 5 китебинде 1885-ж. Санк-Петербургда транскрипцияланган орус тамгасы менен кыргыз тилинде бастырып чыгарган. Анын кыргыз эпосуна берген ошондогу анализи менен айтуучулар жөнүндөгү илимий байкоолору бүгүнкү күндө да өз күчүндө турат. "Семетей” жөнүндөгү дагы бир илимий маалымат венгер окумуштуусу Дердь Алмашинин (1867–1933) 1900-жылдагы саякатында Ысык-Көлдөгү  бугу уруусунун  өкүлүнөн жазылып алынган "Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону” деген эпизодго (1911-ж.) арналып, "Манаска” (20 миң сап) караганда, "Сейтектин” көлөмү (30 миң) көп экендиги туура белгиленген. Башкача айтканда, "Манастын” биринчи бөлүгү сыяктуу эле экинчиде элге кеңири таралган көлөмдүү  чыгарма катары  өз баасын алган. 1911-ж. татарча чыккан "Шуро” деген журналга Нуретдин Муллагазин аттуу аскер адамынын авторлугу астында "Семетей”, "Манас” деген ат менен макала жазылган. Макала эки араб графикасында жазылып, автор кара кыргыздардын тилинин байыркылыгына, оозеки адабиятынын  өтө  жогорку деңгээлде экендигине басым коюп, ”Семетейди” айтып берген адамды гректердин Гомери менен Фирдоусиге барабар койгон. Кийин "Семетейден” чакан үзүндү 1914-ж. сүрөтчү В. В. Смирновдун "Түркстан талааларында” аттуу китебинде жазылган. Анда биринчи жолу эпосту айтып берген адамдын аты-жөнү айтылып, ал турсун кагазга колдон түшүрүлгөнү сакталган. Сүрөтчү  бул жомоктун кара сөз түрүндөгү  сюжетинин орусча котормосун жазып алып, анын мазмунуна жараша сүрөтү менен жабдыган. Буга чейинки кагазга түшкөн эпостун материалдарынан айырмаланып, бул маалыматка бир аз болсо да илимий тыкандык орун алып тургандыгын айта кеткенибиз оң. Анткени, "Семетейдин” бул үзүндүсү Пишпек шаарында Кенжекара аттуу ырчыдан катталганы даректүү жазылган. Дагы бир  өзгөчөлүгү жомокчунун кыл кыяк менен коштолгон коңур  үнү  фоножазууга түшүрүлүп алынган. Буга чейин эпостун текстинин кандайдыр бир музыкалык аспаптын коштоосунда аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарыбыз болбогондуктан, бул дагы илим үчүн жаңылык эле. "Семетейдин” бул вариантында мындан башка да жеке  өзгөчөлүктөр байкалат. Кортундулап айтканда, "Манас” сыяктуу эле "Семетей” жөнүндөгү  кат жүзүн-дөгү  маалыматтар 19-к. ортосунан башталган. Бирок, Кеңеш  өкмөтүнө чейин эле "Семетей” "Манас” эпосунун экинчи бөлүгү  экендиги айрым окумуштуулар тарабынан кагаз бетинде эскерилгени менен бөлүмдүн жеке өзүн тереңдетип бириктирүүлөр көпкө чейин жок эсебинде калып келди. Эпоско болгон кызыгуучулук айрыкча 20-к. башында күч алып, аны тексттерин жыйноо жана  бастырып чыгаруу иши атайы  Өкмөт тарабынан жолго коюлган болчу. 1925-ж. Москвадан жарык көргөн "Семетейден” бир бөлүгү  эпостун алгачкы жарыяланган көлөмдүү  үлгүлөрүнүн даана бир фактысы болуп тарыхта калды. Андан кийин ар кайсы мезгилдерде "Семетейдин” тигил же бул окуялары жарык көрүп, ар бир басылыш коомдук тарыхый шарттын идеологиясынын саясий принциптерине таянып,  өз учурунда элге активдүү  кызмат  өтөдү. Бирок, "Манас” бөлүгү  сыяктуу эле "Семетей” эпосунун варианттарына көп китептик  өмүр ыйгаруу милдети качан болбосун коомдук турмуштук актуалдуулугун

жоготпой келет. "Манас” сыяктуу "Семетей” эпосун бир эле отуруш менен аягына чыгара айтууга эч мүмкүнчүлүк берген эмес. Айтуучулар  өздөрү  да жомокту аягына чейин айтып бүтүрүшпөгөн. Адатта тигил же бул кызыктуу сюжеттик эпизоддор ("Каныкейдин Тайторуну чапканы”, "Каныкейдин жомогу”, "Ай-чүрөктүн окуялары” ж. б.) угуп отурган аудиториянын эстетитикалык талабына ылайык, көбүрөөк аткарылып, дайыма эл алдында сындан  өтүп, тургандыктан такталып, көркөм идеялык мазмуну чың жана  жогору болсо, айрым окуялар жалпы санактан өткөн мүнөздө гана калган учурлар да жок эмес. Башкы каарман Манастын уулу Семетей эсептелип, анын айланасындагы эпикалык кейипкерлер элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн чыныгы баатырлар. Аларга тунук акылы, кол өнөрү менен көмөктөшкөн чебер айымдар, көптү көрүп, көптү билген даанышман карыялар. "Семетей” эпосунун образдар системасында биринчи бөлүмдөн өткөн Бакай, Жакып, Чыйырды, Каныкейдей эпикалык каармандарга Семетей, Күлчоро, Айчүрөк  өңдүү  кичи муундун өкүлдөрү кошулуп, ар кайсысы өз алдынча көрүнүктүү образ абалында сүрөттөйт да, ошол эле мезгилде бири-биринин образын ишенимдүү  түрдө  улантышат, толукташат. Булардын каршысында  өздөн чыккан жаттар Абыке, Көбөш, Канчоро, Чынкожо, Толтой, сырттан келген сөөк өчтү душман Коңурбай өзүнүн жардамчылары менен турушат. Ортодогу тынымсыз кагылыштын мүнөзүнө  жараша портреттик жактан болобу, психологиялык жактан болобу, образдарынын өзгөрүп, кубулуп турушу, мурдагы бөлүмдөн келаткан традицияга таянат. "Семетейдеги” баатырлардын образдары турмушка көбүрөөк жакындашканына карабастан кези келгенде байыркы аталарындай эки жомокту айбатсүргө, кабылан шерге айланта калышат. Анткени, кийинки муундун  өкүлдөрү  анын ичинде "Семетейде” даңазалуу баатыр атасынын беделин түшүрбөс үчүн андан ашпаса кем жаралбашы закон ченемдүү нерсе. 

"Семетей” эпосу жеке баатырдык тематикасы аркалаган алдыңкы идеясы боюнча  эле эмес  өзүнүн көркөм стилдик курулушу аркылуу да "Манас” бөлүмүн улантат. Көбүнчөсү  орун алган окуялардын мотивдердин мүнөзүнө  ылайык жана  психологиялык маанайда берилет. Сүрөттөлгөн окуяларды  өнүктүрүүдө, каармандардын  өз ара мамилелерин ачууда баяндоо манерасын, диалогун, монологдун кеңири колдонулгандыгын көрүү анчалык кымбат эмес. Көпчүлүк учурларда эпостогу окуялар, көрүнүштөр манасчынын гана баяндоосу аркылуу сүрөттөлүп, айтуучу окуянын мүнөзүнө, өнүгүшүнө жараша көркөм ыктардын жогоруда аталган түрлөрү  менен катар жаратылыштын, тулпарлардын, курал-жарактардын туруктуу даяр стилдик формулаларын чебер пайдаланат. Семетейчи тарабынан айтылып жаткан бир окуя белгилүү деңгээлге андан кийинкиси жөнүндө кабар берүү "Манастагыдай” эле "Муну мындай таштайлы, Баатырдан кабар баштайлы” деген  өңдүү  традициялуу ыр түрмөктөрү  ачылат. Айрым убакта баяндоо ыкмасын манасчы мурунку бөлүмдөн  өткөн Каныкей, Бакай  өңдүү  каармандар аркылуу ишке ашырат. Мында жаш баатырларды  өткөн ата-бабасынын иши менен терең, кеңири тааныштыруу максаты коюлуп, "Каныкейдин жомогу” сыяктанган узак баяндамалар жасалат. Кээде эпикалык каармандар жеке башынан  өткөндөрдү  камтыган чоң-чоң  монологдорду, пикир алышкан диалогдорду айтышат. "Манас” бөлүмү  сыяктуу эле "Семетейде” да чыгарманын идеялык-көркөм мазмунуна , каармандардын образдарына ачыктык, тактык берүү  максатында колдонулган көркөм каражаттардан эпитет, метафора салыштыруу ж. б. троптор басымдуу орун алган. Ондогон баатырлардын айкөл, шер, арстан, кабылан, көкжал, берен деген сыяктуу эпитеттердин түрлөрү  жыш кездешет. Айрым туруктуу эпитеттер бөлүмдөн бөлүмгө  өтөт. Маселен, "Манас” эпосундагы "Кан баласы Каныкей”, "Кең  көйнөктүн тазасы, ургааачынын пашаасы”, "Төкөр  уста Бөлөкбай”, "Байдын уулу Бакай кан”, "Асмандан түшкөн алты курч” ж. б. "Семетей” эпосунда да кеңири колдонулат. Ал эми жаңы кошулган жаш каармандарга алардын аты-жөнүн, жаш курагын белгилеген "Жалгыз”, "Каргадай жетим”, "Айкөлдүн уулу”, "Алмамбеттин арстаны”  өңдүүлөр туруктуу айтылып, "Манастан” бери колдонулуп жүргөн эпитеттин түрлөрү жаңыча катышат. Алар жеке эле каармандардын образында эмес, курал-жарак, кийим-кече, жан-жаныбарлардын образын бе-рүүдө  да маанилүү  орунда турушат. Эпитет сыяктуу эле салыштыруу "Манас”  үчилтигиндеги кеңири колдонулган топторго кирет. Анын түрлөрү "Семетей” эпосунда да көп катышат. Кыскасы, "Манас” трилогиясынын генеологиялык биримдиги жеке эле бөлүмдөрүнүн идеялык мазмуну менен окшош стилдик формасына көрүнбөстөн, көркөм каражатынын эбегейсиз байлыгына жана  тилинин жөнөкөйлүгүнө, баштан-аяк ырдалып айтылганына байланыштуу. 

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (05.12.2012)
Кароолор: 9488 | Тегдер: семетей, Манас, Эпос | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑