"ЖАҢЫЛ МЫРЗА" ЭПОСУ - Дастандар жана эпостор - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

"ЖАҢЫЛ МЫРЗА" ЭПОСУ

"ЖАҢЫЛ МЫРЗА” –  эпос. Ал баатырдык эпостордун арасында  өзгөчө  орун ээлейт. Бул чыгарма баатыр кыз Жаңылдын тагдырына арналган. КРУИАнын Манастаануу борборунун кол жазма фондуна "Жаңыл Мырза” эпосунун төрт варианты: Тоголок Молдонун, Ы. Абдракмановдун, А. Чоробаевдин, М. Мусулманкуловдун варианттары сакталган. 1957-ж. өзүнчө китеп болуп да чыккан. Ы. Абдрамановдун варианты "Илим” басмасынан жарык көргөн.  " Жаңыл Мырза” эпосу калмактардын кыргызга каршы жүргүзгөн баскынчылык чабуулун көркөм баяндалган. Жунгарлардын чабуулдары (17-к. аягы 18-к. башы) элдин аң-сезимине терең из калтырып, тарыхый уламаларда, баатырдык эпостордо чагылдырган. Чыгарманын мазмунунда нойгут уруусунан чыккан Жаңыл Мырза аттуу баатыр кыздын эрдиги баяндаган. Эпос б-ча нойгут уруусу Хотон  өлкөсүндө, Лоб дайрасынын жээгинде жашайт. Тарыхчы ж-а этнографтардын билдирүүсү б-ча "нойгуттар Алтайдан Түркстанга, андан Ферганага келишет. Бул жол Енисей кыргыздарынын жолу. Ал жер илгертен кыргыздар жашаган Сох дайрасынын өзөнү эле. Бул жерде алар байыркы кыргыздарды табышкан. Жаңыл Мырза кыргыздарды издеп, Лобнурга кетсе, Кара мырза кандаштарын издеп Ферганага келген”.  Мына ушул санжыранын маалыматына караганда, эпостун тутумунда да нойгуттардын ысымы Лобнур дайрасынын тегереги м-н байланышкан. Кантсе да " Жаңыл Мырза” эпосунда тарыхый окуя камтылганы байкалып турат. Сюжеттин жүрүшүндө  Жаңыл калмактардын чабуулун токтотуп, элине тынчтык алып берет. Баатыр кыздын ашкан эрдиги, кайраткерлиги тез эле көп жерге тарайт. Душмандар анын түрүнөн эле жалтанат. Нойгут эли болсо анын эрдигине сыймыктанышкан. Катагандын ханы Турсун, кыргызга белгилүү хандары Үчүкө, Түлкү, Кудаяр Жаңыл Мырзаны алабыз деп келип, анын колунан ажал табышкан. Анын эрдигин, кайраткерлигин көрө  албаган душмандар аны аңдып жүрүп колго түшүрөт. Бирок, өз намысын өтө жогору баалаган кыз туткунда да кадимки кайраткерлигинен жазбайт. Баатыр кыз үчүн туткун болуу  өлүм м-н барабар эле. Ошондуктан ал көчүү мезгилинде  өз элине качат. Жаңыл баарынан  өзүнүн эркиндигин жогору коёт. Анын кажыбас кайраты, курч мүнөзү эч бир кишиге баш ийип, көз каранды болууну каалабайт. Эпостун негизги идеялык мазмуну өз элинин эркиндигин ж-а көз каранды эместигин сактоо өңдүү бийик түшүнүктөрдү камтыйт. 

" Жаңыл Мырза” эпосун кээ бир айтуучулар аны, тарыхый болгон окуялар м-н байланыштырып, ал эпостогу кээ бир образдардын прототиптери ж-дө  да эскеришет. Тоголок Молдонун эскерүүсүндө Жаңыл 16  –кылымда жашаган деген маалымат бар. Ы. Абдрахманов аны 17-кылымда жашаган тарыхый инсан деп белгилейт. Жаңылдын жашаган доорунда "кара багыштарда Калматай баатыр, иниси Төлөк, хан Шырдакбек, Үчүкө, Түлкү, карабейиттердин ханы Тейиш, анын балдары Аккочкор ,  Үлбүрчөк, Бургуйлар жашаган”    дейт Тоголок Молдо. Бул маалыматтарга караганда " Жаңыл Мырзаэпосунда кезиккен каармандардын бир тобу тарыхый адамдар экенин көрөбүз, демек эпостун жаралышына түрткү болгон элдик уламыштар реалдуу адамдардын ысымдарын камтыган болуу керек. 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (09.11.2012)
Кароолор: 3298 | Тегдер: Жаңыл Мырза, Эпос | Рейтинг: 2.0/3

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑