“САРИНЖИ–БӨКӨЙ” - Дастандар жана эпостор - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

“САРИНЖИ–БӨКӨЙ”

"САРИНЖИ    БӨКӨЙ”    "Саринжи-Бөкөй” социалдык турмуш эпосторунун түрүнө  кирет. Бул эпос эл акыны А. Үсөнбаевдин айтуусунда жазылып алынып, 1938-ж. биринчи жолу М. Элебаев редакциялаган варианты жарык көргөн ж-а эл арасына кеңири таралып кеткен. Ушул эле вариантта редакциялык тактоолор киргизилип, андан кийин "Эл адабияты” сериясынын 6 томунда  өйдөдө  көр-гөзүлгөн вариант жана  С. Конокбаевдин айтуусу боюнча  (А. Жайнакованын түзүүсүндө) дагы бир жолу жарыяланды. А.  Үсөнбаевдин варианты  үч жолу жарык көргөнүнүн да себеби бар, бул вариант бардык жагынан: көркөмдүк чеберчилиги боюнча  да текстин жыйынтыктуу жана  так иштелип чыгышы боюнча  да жогору турат. А. Үсөнбаевдин да, С. Конокбаевдин да варианттары өз учурунда 20-кылымдын 20-жылдары фольклорист Каюм Мифтаков жазып алган. Мындан тышкары 1958-ж. Тил жана  адабият ин-тунун фольклордук экспедициясы Алабука р-нунан "Саринжи-Бөкөйдүн” дагы бир вариантын айтуучу М. Сатыбалдиевден жазып алышкан. Ал азыр "Манас” борборунун кол жазмалар фондунда сакталууда. 

"Саринжи-Бөкөй” эпосу кыргыз элинин патриархалдык-феодалдык коомдогу  өнүгүш мезгилинде пайда болушу мүмкүн, анткени ал, кыргыз үй-бүлөсүндөгү уруучулук тиричиликти чагылдырат, үй-тиричилик конфликттерин кеңири камтыйт. Сюжеттин өсүшү уруунун башында турган эки бир тууган: Жамгырчы менен Бөкөйдүн мамилелерин көрсөтүүдөн башталат. Жамгырчы өлүм алдында турган оор абалында бир тууганы Бөкөйдү көрүш үчүн жана  өзүнүн жашы жете элек баласы Саринжини ага тапшырыш үчүн кабарчы жиберет. Жамгырчы өлгөндөн кийин конфликт Саринжи менен Бөкөйдүн ортосунда башталат. Бөкөй Саринжинин колуктусу Берметке  үйлөнгүсү  келет. Ушунун негизинде Берметти бошотуп алуу  үчүн Саринжинин адилеттүү  күрөшү  башталат. Эпостун сюжетинде бирин-бири сүйгөн эки жаштын образы берилет. Узак убакытка созулган жана  көп азапка дуушар кылган каршылыктардан кийин эки жаш эпостун аягында кошулушат. Эпосто аталардын салты колдонулуп, бел куда болуп койгон Саринжи менен Бермет аягында  өздөрүнүн тилегине жетет. 

Эпосто күчтүү  поэзияга топтолгон лирикалык сүрөттөөлөр, уруулардын  өз ара чатактары, келишпөөчүлүктөрү контраст планда сүрөттөлөт. Чыгарманын каармандары да ар кыл мүнөздүү: ак көңүл Жамгырчы, арамза Бөкөй, курч Саринжи, акылдуу Бермет сулуу. Патриархалдык түзүлүшкө  бөтөнчө  мүнөздүү  болгон уруулук-тууганчылык эпостун башкы окуясы. Бекеринен Жамгырчы уулун Бөкөй менен элдештирип, алардын туугандык мамилесин сактап, эки урууну кас кылгысы келбейт. 

Эпостун поэтикасын, салтка айланган көркөм каражаттарын, стилдик ыкмаларын, ритмикалык изилдөөдө, чыг-нын мелодиясы, аткаруу формасы органикалык байланышта болорун бөтөнчө баса белгилөө керек. Адатта кыргыздын кичи эпостору белгилүү  обон менен аткарылат. Ырлардын музыкасы птирада башталат. Бул эпосто сюжет, композиция,

портреттик сүрөттөөлөр, көркөм пейзаж бар, булар элдик оозеки адабияттын өнүгүшүнүн закон ченемине жараша баш иет. Саринжи менен Берметтин образдарында элдик турмушка болгон көз карашы, сонун тилектери, патриархалдык коомдун идеалдары чагылдырылган. 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (30.11.2012)
Кароолор: 1061 | Тегдер: Саринжи-Бөкөй, Эпос | Рейтинг: 5.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑