"СЕЙТЕК" - Дастандар жана эпостор - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Дастандар жана эпостор

"СЕЙТЕК"

"СЕЙТЕК”  эпосу  өткөн кылымдарда эле "Манас”  үчилтигинен  үзүндү-лөр кагаз бетине түшүргөн жана  бастылып чыгарган академик В. В. Радлов (1869-ж.) эл арасында Манас баатырдын  өзү  эле эмес, небереси Сейтек жөнүндө  да айтылаарын кабарлаган эле. Анын жыйнаган материалында "Сейтек” өзүнүн көлөмүнүн чакандыгына карабастан, (506 сап ыр эле)  сюжеттик схемасы боюнча  бүгүнкү  колдо турган көпчүлүк варианттардан айырмаланбайт, анда туруктуу салттык сюжеттик канванын тулкусу дээрлик орун алган. Бул "Сейтек” эпосу "Манастын” ажырагыс бир тармагы катарында небактан бери калыптанып жашап келгендигин ачык далилдей турган белги. "Сейтек” эпосунун текстин кагаз бетине түшүрүү жумушун интенсивдүү жүрүшү албетте, Кеңеш өкмөтүнүн келишине байланыштуу. Тактап айтканда, 20-кылымдын 20-жылынын аягынан башталат. Биринчи болуп, 1927–28-жылдары Жакшылык Сарыков деген көрүнүк-түү  семетейчиден 27 миң  сап ыр көлөмүндө  ейтектин” варианттарынын бири жазылып алынат. Ошондон бери карай эл арасынан "Сейтектин” ондон ашуун варианты кагаз бетине түшүрүлүп алынган (В. Радлов жазып калтыргандыгын кошо эсептегенде), аларды жазып алган мезгилдер ар башка, ошондой эле материалдардын көлөмдөрү  ар кыл. Эл акыны Тоголок Молдонун 1936–38-жылдары  өзү жазып берген "Сейтегинин” көлөмү  2230 сап ырдан турса, М. Мусулманкуловдон, К. Кыдырбаева 1945-ж. жазып алган вариант булардыкынан көлөмдүүрөөк (11 600 сап), анда белгилүү  традициялуу окуялардан башка Коңурбайдын баласы Куялынын Таласка жасаган жүрүшү баяндалат. Ушуга жакын, башкача айтканда Куялынын ордуна Карадөөнүн Таласка чабуулун жана  бир топ турмуштук маселелерди сүрөттөгөн вариант – Ы. Абдрахмановдуку. Ал өзү 1948-ж. жазып тапшырган материал 7840 сап ырды түзөт. Булардан башка Б. Сазановдон 1938-41-жылдарда 5 580 сап ыр, М. Чокморовдон 1972-ж. 23 340 сап ыр, С. Каралаевден 84 697 сап материал 1940–47-жылдарда жазылып алынган. Кийинки аталган эки вариант жалпы эле трилогиянын толуктугу менен бирге "Сейтек” эпосунун да көлөмдүү  варианттары эсебинде өзгөчө орунду ээлешет. Мындан башка А. Тыныбеков, А. Тойчубеков, М. Ашымбаев, Ш. Азизовдон жазылып алынган чакан варианттар бар. Кыскасы, кандай көлөмдө, канчалык көркөмдүк оош-кыйышта болбосун, бардык вариантта "Манас” үчилтигинин кортундулоочу бөлүгү "Сейтек” экендиги кадиксиз айтылып, чыгарма башкы каармандын ысмын алып жүрөт. 

ейтек” эпосу да ар качан манасчы, семетейчилердин репертуарынан туруктуу түнөк таап, арып-азбаган чыгармачыл эстафета муундан-муунга тапшырган.  Өзүнө  чейинки жомокчулардын алптарынан манасчылык  өнөрдү  өз учурунда өздөштүрүп, аны жеке башынан зор табигый талантына салып өркүндөткөн, биздин заманга төкпөй-чачпай жеткирген, чоң манасчылардын акыркы өкүлү – С. Каралаев эпостун оригиналдуулугун арттырууда зор күч жумшаган. 

Ал мурда жашап кеткен Суранчы, Байдалы, Назар, Тыныбек, Чоюке  өңдүү  залкарлардын калтырып кеткен чыгармачыл салтын улантып,  үйрөнгөндөрүн акыл-сезиминде аруу асырап, астейдил  өстүргөн адам. Түздөн-түз Саякбайдын устаты эсептелген чоң манасчы Чоюке Өмүр уулу "Манас”, "Семетей”, "Сейтек” турсун, Сейтектин уулу Кенен, Кенендин балдары Алымсарык, Кунансарыктар тууралуу да жомоктоп айткандыгы тууралуу маалымат бар. 

С. Каралаевдин варианты боюнча  "Манас” эпосундагы генеалогиялык цивилизациянын акыркы этаптары катарында Манастын небереси Сейтек жана  анын балдары Алымсарык, Кунансарык жөнүндөгү жомоктор эсептелет. Буга кошумча факт катарында айта кете турган бир нерсе – 1961-ж. Кытайдагы Кызыл-Суу аймагындагы кыргыздар арасынан жазылып алынган "Манас” жомогунун 12-миң  жолдон турган бир нускасында Манастан баштап кийинки бешинчи урпагына (тукумуна) чейин бөлүк-бөлүк айтылат. Демек, Манас, анын баласы Семетей, небереси Сейтек. Эпоско атайын кайрылган эмгектерде "Сейтек” эпосунун сюжети, идеялык багыты, образдар системасы, көркөм каражаттар ж. б. маселелер каралуу менен бирге чыгарманы "Манас” трилогиясынын генеалогиялык бир бөлүгү, болгондо да аны бардык тараптан жыйынтыктаган бөлүгү  экендиги ар дайым эскерилет. Улуу манасчы С. Каралаевдин айтуусундагы вариант 1952-ж. жазылып алынган, сюжеттик канвасы төмөнкүдөй: Семетейдин  үй-бүлөсүнүн кордук көрүшү, Сейтектин төрөлүшү, Кыястын колунда  өсүшү; Карадөө  издеп келип, кезигип, ата-тегин айтышы; Сейтектин Таласка алгач ирет келиши; Сейтектин Каныкейге учураганы; Айчүрөк, Күлчоронун Акбала менен Каныкейге көрүшкөнү; Желмогуз уулу Сарыбайдын кол салышы; Сейтек менен Акжолтойдун перинин кыздарына  үйлөнүшү; Кытай каны Чоң Китенин жиберүүсү менен Чоң Билгичтин кыргыздардын жылкысына тийгени; Кенендин туулушу; Сейтектин өлүмү. Көрүнүп тургандай "Сейтек” эпосу да башкы каармандын айланасына  өмүр-баян ордуна тизмектелген эпикалык сюжеттердин жыйындысынан куралган. Бардык вариант салттуу түрдө  Семетей баатыр согушта дайынсыз жоголуп, кош бойлуу Айчүрөк менен Күлчоронун Кыяска олжого кетишинин оор картинасын сүрөттөө менен башталат. 

ейтек” эпосунун көтөргөн негизги идеясы    өз ич арадан бөлүнүп чыккан душмандарды жеңип, ыркы бузулган туугандардын башын кошуу болгондуктан, сырткы баскынчыларга багытталган согуштар анчалык бекем калыптанган эмес. Арийне "Сейтек” эпосун "Манастын” акыркы бөлүгү катары көрсөтө турган негизги окуя – Коңурбайдын баласы Куялы (Б. Сазанов, Ш. Рысмендеев, Ы. Абдрахманов) менен же болбосо Коңурбайдын небереси Ките менен (С. Каралаев) согушу болушу керек эле. Бирок, айрым манасчылар вариантына буга чейин жоголуп кеткен Семетейди калыбына келтирүүнү (С. Каралаев, М. Чокморов), Желмогуз уулу Сарыбайдын согушун (С. Каралаев) же Карадөөнүн Таласка жүрүшүн (Ж. Сарыков, С. Каралаев) кошо беришет. Ушуга байланыштуу "С-тин” варианттарынын ортосунда мазмундук жактан оош-кыйыштар орчун байкалат. О. болсо да "Манас”, "Семетейден” бери келаткан  өтмө  каармандар менен "Сейтектин”  өзүнө таандык жаңы каармандардын ортосундагы оң-терс мамилелер эпостун башынан бери келе жаткан элдик салттуу көз-караштан, негизги баатырдык линиядан танбайт. Ошентип, "Сейтек” чыныгы корутунду бөлүм экендигине көпчүлүк варианттарда бирдей орун алган идеялык-тематикалык жалпылык жана  каармандын керт башына биографиялык циклде жыйынтыкталган эпикалык окуялардын уланышы күбө  болот. Манастын уулу Семетейден курсакта калган Сейтектин төрөлүшү, бөтөн жерден жетилип, башын бошотушу, эли-жерине көчүп келиши, үйлөнүшү, атасынын өчүн алып, ички-тышкы душмандарды жеңиши "Сейтек” эпосун генеалогиялык принципте ишке ашкан оригиналдуу чыгарма деңгээлинен көрсөтүп турат. Демек, адамзаттын акыл-эси жаралгандан тартып аны кубантып, кайгыртып, күрөшкө үндөп отурган көз каранды эместик идеясы муундан муунга эстафета катары өтүп келгендигинин күбөсү болгон "Манас” трилогиясынын " Сейтек” бөлүмү жалпы чыгарманы корутундулоочу катарында өзгөчө мааниге ээ. Ал трилогиянын башынан бери келаткан негизги эпикалык окуяларды бүтүрөө  сүрөттөө менен айрым  өтмө  каармандардын тагдырларын аягына жеткире көркөм чечет. Ошондуктан, бөлүмдөрдүн арасында бирдей сюжет, ситуациялар, ал тургай бирдей, персонаждар катышат. 

"Манас” үчилтигиндеги биринчи (Каныкей, Бакай) экинчи (Семетей, Айчүрөк, Күлчоро) мындагы каармандар: "Сейтек” эпосунда атайын  өз милдеттери менен  өтө  чеберчиликте  өткөрүлгөн эпикалык каармандар. Алар алдына коюлган максаттары ишке ашканда гана күрөш жолу жаңы муундун  өкүлдөрү  өзүлөрүнүн укум-тукуму болгон Сейтек, Акжолтойлорго калтырышат. Ал эми "Сейтек” эпосун  өзүнчө  чыгарма деңгээлине жеткирип турган мына ошол кийинки муундун  өкүлдөрү,  аларды жеңишке шыктандырган мурдагы ата-баласынын деми иши. Кыскасы, "Сейтек” эпосу деле "Манас” менен "Семетей” сыяктуу байыркы кыргыздардын нечен кылымдар бою башынан  өткөргөн тарыхый соц. турмушун, бактылуу келечек  үчүн умтулган жакшы ой санаа, тилек менен жүргүзгөн патриоттук күрөштөрүн жогорку пафосто көркөм иштеп, биздин күнгө  жеткирген эпикалык бөлүм, "Манас” эпосунун масштабын көбөйтүп, арымын арттырып турган "Сейтек” жалпы трилогияны трилогия абалына жеткирип турган көлөмдүү  чыгарма. Элдин эстетикалык муктаждыгынан жаралган бул эпос "Манастын” идеялык    көр-көмдүк составына зарыл учурда жаңылык киргизип, толуктап, тереңдетип акыр аягына чыгарган. 

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Дастандар жана эпостор | Кошкон: Admin (05.12.2012)
Кароолор: 6355 | Тегдер: Эпос, Манас, сейтек | Рейтинг: 2.9/7

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑