АКАДЕМИК В. В. БАРТОЛЬД - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

АКАДЕМИК В. В. БАРТОЛЬД

 

   Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. В. В. Бартольд өзүнүн «Өмүр баянында» атасынын тапкан-ташыганы кийин уулдарына сакталбай калганын, 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынан кийин «атасынын балдарынын бири да эмигрант болуп кетпегенин» белгилейт. Бирок балалык жана өспүрүм жылдары үй-бүлөдөгү жетиштүү турмуш В. В. Бартольдго ар тараптуу гуманитардык билим алууга, асыресе байыркы классикалык жана батыш Европалык негизги тилдерди жакшы үйрөнүүгө, андан соң өзү мектепте окуп жүргөндө эле кумарланткан адистикти—тарыхчылыкты тандоого мүмкүндүк берген. 1887-ж. В. В. Бартольд Санкт-Петербург гимназиясын алтын медаль менен бүтүрөт. В. В. Бартольд байыркы гректер менен римдиктердин тарыхы, же Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы боюнча адис болууну тандоодо бир аз олку-солку болгондон кийин өзүнүн өмүр жолун кийинки өлкөлөрдүн тарыхы менен байланыштырууну чечет да, ошол эле 1887-ж. Санкт-Петербург университетинин араб-перс-түрк-татар тарамы боюнча чыгыш тилдер факультетине кирет.

 

 Студент жылдары В. В. Бартольд араб, перс, түрк тилдерин терең үйрөнгөн, бирок аны Жакынкы жана Ортоңку чыгыш өлкөлөрүнүн орто кылым тарыхы баарынан көп кызыктырган. Чыгыш таануунун бул тармагына ошол кезде факультетте филологияга караганда үчүнчү даражада орун берилген. Кийинчерээк В. В. Бартольд байкагандай, факультетте Чыгыштын тарыхын аркалаган бир гана окутуучу, Чыгыш боюнча европалык саякаттоонун тарыхын жалпы курс катары жана мындан тышкары Орто Азия тарыхы боюнча бир нече курстарды окуган профессор Веселовский болгон. Чыгыш тарыхы кафедрасын башкарган профессор Н. И. Веселовский (1848—1918) В. В. Бартольдго окуй турган сабактарын тандоонун толук эркиндигин берген. Эң көрүнүктүү көп кырдуу илимпоз Виктор Романович Розен (1849—1908) В. В. Бартольддун чыныгы илимий жетекчиси эле. Орошон орус патриоту В. Р. Розен (ата-теги француз болгонуна карабастан) орус чыгыш таануу илиминин чоң келечегине ишенген5 жана жаш чыгыш таануучуларды тарбиялоо ишине баш оту менен берилген адам эле6. В. В. Бартольд өзү айткандай, «университетте окуп жүргөнүндө, ошол кездеги башка жаш чыгыш таануучулар сыяктуу эле көбүнчө профессор, арабист барон Розендин жетекчилигинде болгон. Ары таланттуу, ары шайдоот бул киши жаш чыгыш таануучуларды өзүнө тартып турган». Университетте В. В. Бартольд түрколог П. М. Мелиоранский (1868—1906) жана жашы, кызмат абалы боюнча канчалык айырмачылык болсо да, мүмкүн болушунча түрколог академик В. В. Радлов (1837—1918) менен жакындашкан.

 

 Университетте эле В. В. Бартольд илим-изилдөө иштерине аралашкан. 1889-ж. В. В. Бартольд факультетте «Орто Азиядагы христиан дини жөнүндө» деген чыгармасы үчүн күмүш медалга татыган9. 1891-ж. университетти бүтүрүп, В. В. Бартольд В. Р. Розендин берген кеңеши боюнча квалификациясын жогорулатыш үчүн 1891—1892-жылдарда өз эсебинен чет өлкөнү кыдырат: Финляндияда, Германияда, Швейцарияда, Түндүк Италияда, Австрияда, Венгрияда жана Краковдо болот. Галледеги университетте ал ислам таануучу Август Мюллердин (1848—1892) дарсын уккан, кийин аны өз окутуучуларынын бири катары эскерген, ал эми Страсбург университетинде атактуу арабист Теодор Нёльдекенин (1836—1930) дарсын тыңдаган. Мекенине кайтып келгенде В. В. Бартольд «Чыгыш тарыхы кафедрасы боюнча профессор наамын алууга даярдоо үчүн» С.-Петербург  университетине калтырылган (1892-ж.). 1893-ж. ал магистр илимий даражасына сыноодон өткөн. 1896-ж. приват-доцент наамын алып, Санкт-Петербург университетинде дарс окууга киришет. Ал окуган лекциялар курсунун айрымдары кийин басылып чыккан.  1897—1901-жылдары В. В. Бартольд Санкт-Петербург университетинин алдындагы  минц-кабинеттин сактоочусу да болгон.

 

 ХIХ кылымдын токсонунчу жылдары В. В. Бартольд үчүн көбү басыла элек нечендеген түп нуска даректердин үстүндө чындап талыкпай иштөөнүн жылдары болуп калды, аларды үйрөнүүнүн негизинде ошол жылдары өзүнүн негизги «Түркстан моңголдор чабуулу доорунда» деген эң маанилүү эмгегин жараткан. Бул эмгекти 1900-ж. күзүндө ал чыгыш тилдери факультетине магистр илимий даражасын алуу үчүн диссертация катары берген. Бирок диссертация жактагандан кийин В. В. Бартольд университет тарабынан жогорку даражага — Чыгыш тарыхынын докторуна татыктуу болгон.

 

 1901-жылдан Бартольд—Санкт-Петербург университетинин экстраординардык, ал эми 1906-жылдан ординардык профессору, 1906—1910-жылдарда ал чыгыш тилдер факультетинин катчысы болгон. 1910-ж. аны Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттигине, ал эми 1913-ж. (12-октябрда) академиктикке шайлашкан. 1905—1912-жылдары Орус археология коомунун Чыгыш бөлүмүнүн катчысы, 1908—1912-жылдарда «Орус археология коомунун Чыгыш бөлүмү жазмаларынын» (ЗВОРАО) редактору болгон. В. В. Бартольд Орус география коому менен да кызматташкан, асыресе И. П. Минаевдин котормосунда коом басып чыгарган Марко Полонун «Саякатынын» редактору болгон. 1912-ж. ал ислам таануу боюнча «Ислам дүйнөсү» илимий журналын түзүү демилгечилеринин бири жана редактору болуп калат. Биринчи том чыккандан кийин В. В. Бартольд ички иштер министри Макаровдун журналды нагыз илимий, объективдүү органдан падышачылыктын улуттук-колониялык саясатынын жарчысына айландыруу талабын кескин четке каккан, ошондуктан редакторлоодон бошотулган. В. В. Бартольд Орто жана Чыгыш Азияны үйрөнүү үчүн 1903-ж. түзүлгөн орус комитетинин эки катчысынын бири болгон. Комитет иштеген бүткүл мезгил ичинде анын бардык протоколдорун, В. В. Бартольдцун айтканына караганда, жалгыз өзү түзгөн.

 

 В. В. Бартольд илимий максаттары менен кол жазма сакталуучу жайларда иштөө үчүн же археологиялык иштерди жүргүзүү үчүн далай жолу Орто Азияга келген; алсак, В. В. Бартольд 1893—1894-жылдары Санкт-Петербург университети менен Илимдер академиясынан, 1902-ж. Санкт-Петербург университетинен Орто Азияга, 1904-ж., ошондой эле 1916-ж. Орус комитетинен Орто жана Чыгыш Азияны үйрөнүү үчүн Самарканда казууларды жүргүзүү максатында Орто Азияга барган. «Орто Азияны кыдыруулардын бардыгынан, — деп жазат В. В. Бартольд, — өтө олжолуусу 1902-ж. болду, анда менин алдымда кол жазма эстеликтери менен таанышуудан бөлөк милдет болгон эмес. Чыгыш тарыхы жаатында али эч ким пайдалана элек материалдын молдугунан улам, кол жазмаларды окуган учурда көбүнчө эски шаарлар орун алган жерлерде казууларды жүргүзүп, жаңы дүйнөнү ачкан пионердин ыракатындай кумарга батасың». В. В. Бартольд 1900- жана 1908-жылдары Кавказда (Ани) да илимий командировкаларда болгон. В. В. Бартольд чет өлкөлөргө дамамат каттаган: 1895-ж. (Париж, Лондон, Оксфорд, Голландия), 1898-ж. (Германия), 1905-ж. (Германия, Австрия, Тироль, Швейцария), 1906-ж. (Австрия, Сербия, Болгария, Түркия, Египет), 1908—1909-жылдары (Италияда Неаполго чейин, Будапешт), 1909-ж. (Финляндия), 1911-ж. (Ирландия, Түндүк Америка, Германия, Франция), 1912-жылы (Вена, Тюбинген, Гамбург, Любек), 1913-ж. (Швеция менен Норвегия), 1914-ж. (Швеция, Дания, Англия, Гибралтар, Тулон, Италия, Греция, Болгария, Румыния). 

 

В. В. Бартольд ишке аябагандай жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган. Окутуу иштери менен алектенип, илимий коомдор, журналдар менен кызматташса да, ал негизги ишим илим-изилдөө деп эсептеген. Бартольд Иран, Закавказье өлкөлөрүнүн, араб өлкөлөрүнүн, түрк элдеринин, моңголдордун тарыхын аркалап, ислам таануу жагында иштеген, бирок ал Орто Азия тарыхы жаатында баарынан көп иштерди аткарган. В. В. Бартольд өзүнөн мурункулар — В. В. Григорьев менен Н. И. Веселовский баштаган Орто Азия тарыхын изилдөө салтын уланткан. Орто Азияда В. В. Бартольд край таануучулар менен байланышып, археология ышкыбоздорунун Түркстан ийриминин ишине (1895—1917-жылдар) катышып, «Туркестанские Ведомости», «Окраина», «Русский Туркестан» жана башка жергиликтүү басма органдарында кызматташып, кең-кесири илимий-коомдук ишмердик жүргүзгөн. В. В. Бартольддун илим-изилдөө ишмердиги өтө ыкчам өнүккөн. XX кылымдын экинчи он жылдыгында эле В. В. Бартольд Чыгыштын орто кылымдардагы тарыхын изилдөөдө алдыңкы орундарда болуп, бизде жана чет өлкөлөрдө таанымал, белгилүү окумуштуу болуп эсептелип калат.

 

Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин В. В. Бартольддун илимий-коомдук жана илимий-уюштуруучулук ишмердиги өтө кеңири кулач жайган. Ал Илимдер академиясынын чыгыш таануучулар Коллегиясынын  туруктуу төрагасы болгон. Ташкенде Орто Азия мамлекеттик университетин уюштуруу боюнча даярдык иштерине катышкан бүткүл чыгыш таануучуларды (1918-жылдан баштап) бириктирген В. В. Радлов атындагы ийримдин жетекчиси, андан кийин Түркология кабинетинин жетекчиси (1928—1930-жылдары), материалдык маданият тарыхынын Мамлекеттик Академиясынын (ГАИМК) тең төрагасы, «Иран» илимий журналынын жана Илимдер Академиясынын башка басылыштарынын редактору болгон. В. В. Бартольд Советтик Чыгыш республикаларында Чыгыш тарыхы кафедрасын, илимий китепканаларды, кол жазма сактоочу жайларды жана музейлерди түзүү боюнча Совет өкмөтүнүн далай тапшырмасын аткарган. 1920-жылдарда В. В. Бартольд кайрадан түзүлгөн Ленинград чыгыш тилдер институтуңда жана Ленинграддын башка жогорку окуу жайларында окутуучулук ишмердигин да уланткан. В. В. Бартольд 1920,1927—1928-жылдары Орто Азияга илимий кыдырууларды жасаган. Ал жергиликтүү уюмдардын чакыруусу боюнча Москванын, Бакунун (1924) жана Ташкендин (1925-жана 1927-жылдар) университеттеринде дарс окуу үчүн барган. 1925-ж. В. В. Бартольд Ташкенде, Самарканда, Бухарада жана Шахрисиябзда, 1927-ж. Ташкенде, Бухарада жана Хивада болгон. 1926-жылдын мартында В. В. Бартольд Бакудагы I Бүткүл союздук түркология съездинин ишине катышкан. 1926-ж. Ташкенде анын доктордук диссертация коргогондугунун 25 жылдыгы27 менен окутуучулук ишмердигинин 30 жылдыгы (1896—1926) белгиленген жана В. В. Бартольддун ушул жылдардын аралыгындагы илимий чыгармачылыгынын жыйынтыгын чыгаруу аракети жасалган. 

 Революциядан кийин В. В. Бартольд чет өлкөлөрдө да: 1917-ж. (Финляндия), 1922—23-жылдары (Финляндия, Оксфорд Лондон, Бельгия, Голландия, Германия) болгон. 1923-ж. В. В. Бартольд Россия академиясынын делегаты катары Брюсселде Тарыхчылардын эл аралык конгрессинин ишине катышкан. Ал Лондондогу King’s College окуу жайында түрктөр менен моңголдордун тарыхы боюнча дарс окуган, ошоңдо эле В. В. Бартольд X. А. Р. Гибб менен бирдикте «Түркстан моңгол чабуулу доорунда» деген капиталдык эмгегинин англисче басылышын даярдаган. 1926-ж. ал Стамбулда дарс окуш үчүн түрк өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Түркияга, 1929-ж. Германияга (Берлин, Гамбург, Геттинген) барган.

 Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин В. В. Бартольд изилдөө иштерин мурдагыдай эле ыкчам жүргүзгөн. Капиталдык илимий эмгектеринен тышкары В. В. Бартольд бир катар илимий-популярдуу эмгектерин: «Ислам», «Мусулман маданияты» (экөө тең — 1918), «Түркстан тарыхы» (1922), «Түркстандын маданий турмушунун тарыхы» (1927), ошондой эле ал кезде дээрлик иштелбеген тажиктердин (1925), кыргыздардын (1927), түркмөндөрдүн (1929) тарыхы боюнча очерктерди жарыялаган. Бул эмгектер ушул элдердин тарыхын изилдөөдөгү жаңы этаптын ачылышы болгон. В. В. Бартольддун илимий-популярдуу эмгектери тууралуу академик И. Ю. Крачковский минтип жазган: «Негизи боюнча популярдуу болсо да, алар адистер үчүн да көп нерселерди берген, анткени илимде жетишкен тыянактары гана жалпылаштырылбастан, автордун өзүнүн изилдөөлөрүндө...табылган маанилүү натыйжалар менен да тааныштырган». 1882—1930-жылдардын аралыгында бардыгы болуп В. В. Бартольддун 400дөн ашуун илимий иштери басмадан чыккан. Бир нече эмгектери анын көзү өткөндөн кийин жарыяланды. Анын эмгектеринин көпчүлүгү чет тилдерге (асыресе түрк, перс, араб) которулган жана чет өлкөлөрдө басылып чыккан. В. В. Бартольд «Ислам энциклопедиясына» 246 макала киргизип, анын өнүмдүү кызматкеринен болгон.

 

В. В. Бартольддун өмүрүнүн соңку жылдары анын сүйүктүү жубайы Мария Алексеевнанын36 1928-ж. майда күтүүсүз дүйнөдөн кайтышы менен кайгылуу болгон. В. В. Бартольддун жеке турмушу аны менен ажырагыс байланышкан (алардын балдары болгон эмес).  Ал жубайынан ажырагандан кийин көп жашабады.   В. В. Бартольд 1930-ж. 19-августта 61 жашка караган курагында Ленинградга жакын санаторийде (бөйрөк оорусунан) дүйнөдөн кайтты. Ал Ленинграддагы Смоленск көрүстөнүндө аялы менен бир мүрзөгө коюлган. 

 

Академик Н. Я. Марр СССР Илимдер Академиясынын В. В. Бартольдду эскерүүгө арналган жыйынында ал жөнүндө минтип айткан: «Күнүмдүк, үй-бүлөлүк турмушка кандай болсо, илимге да ошондой эле баш оту менен берилген киши. Барып турган кең пейил Василий Владимировичтен тири укмуштай коркушчу: чын пейили менен айтса, ал душманы болсо да, ашыкча соз айтпастан, колдогон; жатындашы болсо да, калп айткандын жаагын жап кылмайы бар эле... Илгерки жашоо турмуштун эки жүздүүлүк шартында Василий Владимирович өтө катуу, айтканынан кайтпаган, күйүмдүү достору жок, жамаатын жатыркаткан киши болчу. Ага, тескерисинче, алыскы чет- жакалардан умтулуп келишчү»37. В. В. Бартольдго жаштар, шакирттери, жергиликтүү аймак таануучулар, илимий кызматкерлер, Советтик Чыгыш республикаларындагы жаңы ачылган илимий мекемелердин кызматкерлери дайыма ашыгып келип турушчу, алардын бардыгына тең В. В. Бартольд ынтаа менен көңүл бурчу жана өзүнүн кең-кесири билими менен илимий тажрыйбасын эч аянбай бөлүшүүгө дайыма даяр болчу. Сыртынан сүрдүү, ошол эле учурда мээримдүү, өтө принциптүү жана талапкер, ошону менен бирге эле шакирттерине кайрымдуу жана камкор болгон, ар качан ак ниет, бирөөгө көз каранды болбогон, түз жүргөн адам эле, ал революцияга чейинки академиялык чөйрөдө ушунчалык таралган кызматка жутунуу менен эки жүздүүлүктү, жасакерчилик менен катар ар кандай адилетсиздикти көтөрө алчу эмес. Өзүнүн университеттеги дарстарында Василий Владимирович чечендик өнөрдүн ыкмаларын дегеле капарына алчу эмес. Ал абдан жөнөкөй, маңдай-тескей отуруп маектешкенсип сүйлөшчү. Бирок анын кайталангыс дарс курстары абдан кынтыксыз усулдук даярдыгы, даректерден алынган материалдардын молдугу, чебер талданышы жана эскирген пикирлердин кескин сынга алынышы менен айырмаланып турчу. Өз өлкөсүнө жана советтик илимге ушунчалык бай чыгармачыл мурасты тартуулаган ушул эң сонун кишинин жана илимпоздун бейнеси мына ушундай болгон.

 

 И. Петрушевский



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (24.10.2012)
Кароолор: 1397 | Тегдер: Академик, бартольд | Рейтинг: 5.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑