АЛЫКУЛ ОСМОНОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

АЛЫКУЛ ОСМОНОВ

ОСМОНОВ  Алыкул (1915–1950, Панфилов р-ну)    көрүнүктүү  кыргыз акыны. 1929–33-жылдары Фрунзе педтехникумунда окуган. Ырлары 1930-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы – "Таңдагы ырлар” 1935-ж. басылып чыккан. 1937-ж. "Жылдыздуу жаштык” жана  "Чолпонстан” жыйнактары жарык көргөн. Акындын көзү тирүүсүндө мындан тышкары "Махабат” (1945), "Жаңы ырлар”, "Менин жерим ырдын жери” (экөө тең – 1947), "Жаңы ырлар” аталган дагы бир жыйнак (1949), көзү өткөндөн кийин "Ата журт” (1958) жана  үч томдук чыгармалар жыйнагы (1964, 1965, 1967) жарыяланган. Осмоновдун акындык жолу болжол менен эки башкача бөлүнөт. Биринчиси, 1929-жылдан 1944-жылдын аяк ченине чейин; экинчиси, 1944-жылдын аягынан 1949-жылдын сентябрына чейин.  Өмүрүнүн соңку жылдарында оорусу катуулап, көркөм чыгарма жазган эмес көрүнөт, эгер жазган болсо да алар кандайдыр бир себептер менен сакталбай калган. Чыг-лыгынын алгачкы этабында Осмонов ошол замандагы башка акындардай эле жаңы доордун салтанат курушун, элдин бак-таалайга бөлөнүшүн, кыргыз жергесиндеги жакшы өзгөрүүлөрдү, турмушта эски көрүнүштөр четке сүрүлүп, жаңылык кеңири орун алып баратканын, жаштардын жалындуу демилгелерин көтөрүңкү  пафос менен ырга салган. Дүйнөдө, жалпы  өлкөбүздө  жана  респ-да болуп жаткан маанилүү  окуяларга, белгилүү  календардык даталарга, ошол кездеги атагы чыккан адамдарга арналган чакырык, марш түрүндөгү  жана   өмүр, дүйнө, ашыктык сыяктуу темалардагы ырларды жараткан. Согуш алдындагы жылдар акындын жеке турмушундагы кыйынчылыктар жана  рухий кризис менен коштолгон. Ошол учурда ал "пессимисттик ырлардан” турган "Лирика” аттуу жыйнак даярдап, аны кайра жок кылып жиберген. Ушул мезгилден тартып Осмонов чыг-лыкка башкача карап, дүйн. классиктердин чыгармачылык тажрыйбасын үйрөнүп, фольклор байлыктарын терең  өздөштүрө  баштаган; элдин көп кырдуу турмушу менен жакыныраак таанышуу үчүн эл аралап жүргөн. 1944-жылдын ноябрынан Осмоновдун чынармалыгында таң  каларлык  үзүрлүү мезгил башталган. Ушул учурдан тартып, беш жылга жетпеген убакыт ичинде акын кыргыз адабиятында кайталангыс орун тапкан көп сандагы ыр, поэма, пьесаларын жараткан. Бул мезгилде акындын турмуштук-руханий тажрыйбасы байып, дүйнөгө  өз алдынча мамилеси аныкталып, адабий билими жана  чеберчилиги бийиктеп калган эле. Осмонов баарынан мурда  өзүнүн жекече ой-сезимдерин, субъективдүү  таасирлерин, кайгы-касиретин ыр кылып жазып, ошонусу менен кыргыз поэзиясына жаңылык киргизген. Акын жаш чагынан көп ооруп, өмүрүнүн аягына чейин катуу кесел менен алпурушкан. Ошол себептен ал өмүр жана   өлүм темасына көп кайрылган. Анын ушул багыттагы мыкты ырлары кыргыз поэзиясынын филос. деңгээлин бир кыйла байыткан. Бул чыгармаларында акын өлүм деген ойлонбой кое турган маанисиз нерсе эмес экенин, өлүм тууралуу терең ой жүгүртүп, өлбөс ыр саптарын жараткан. Керт башынын күйүттөрү жана  арыз-арманы бир катар ырларынан орун тапса да, ал көпчүлүк чыгармаларында өз жанынын кайгысынан өйдө көтөрүлүп, жарык дүйнөнүн жыргал шаттыгын, эл турмушунун машакаттуу бактысын эргип күүгө  салган. Осмоновдун сырдаштык ырлары  өзүнчө  бир ырааты бар лирикалык циклге биригет. Акындын сүйүүгө жана  аялга карата мамилеси улам өзгөрүп, арууланып отурган. Ал аял затынын адам өмүрүндөгү  маанисин  түшүнүүгө  карама-каршылыктуу жол менен келген. Осмонов  өз доорунун коомдук турмушундагы окуяларга колунан келишинче аралашып, кызыгуу менен карап, тике жана  кыйыр түрдө  ыр менен жооп калтырган. Ал баарынан да жөнөкөй эмгектердин коом турмушундагы маанисин терең  туюнуп, ырга салган. Ошол себептен анын поэзиясында эмгек темасы борбордук орундардын бирин ээлеп, эң жакшы көргөн каарманы эмгек адамы болгон. Осмоновдун лирикасында патриоттук тема орчундуу орун ээлейт. Акын  өз элинин  өткөндөгү  тарыхына кайгырып, учурдагы бактылуу  тагдырына кубанып, жарык келечегин ойлоп, таттуу кыялга баткан, маданиятын, жайдары айкөл пейлин, карапайым адамдарын жакшы көрүп ырга кошкон. Ошону менен бирге ал  өз элине реалдуу карап, анын жашоо ыңгайындагы, кулк-мүнөзүндөгү, салт-санаасындагы терс көрүнүштөрдү  кыраакы баамдаган, маданияттуу жаңы турмушка өтүүгө жолтоо кылып жаткан адаттарынан кутулууга чакырган. Осмоновдун акындык мурасында поэмалар орчундуу орун ээлейт. Алардын дээрлик бардыгы көлөм жагынан чакан, айрымдары сюжеттүү ырлар сыяктуу кыска. Бир  катар поэмалары белгилүү  элдик уламыштардын негизинде жазылган. "Толубай сынчы”, "Мүнөз оюну”, "Мырза уул”, "Карагул”, "Домонун кызы” сыяктуу чыгармаларында элдик сюжет дээрлик өзгөрүүсүз пайдаланылган. "Махабат” жана  "Эшимкандын тереги” поэмалары сыйкырдуу жомоктордун шарттуу-фантастикалык ыкмалары боюнча  жаратылган азыркы уламыштар. "Ок жаңылды”, "Чоң  канал”, "Менин энем”, "Күлүйпа”, "Майдын түнү”, "Ким болду экен?”, "Үч аяк”, "Өлүп тирилгендер” жана  "Жеңишбек” өз заманындагы жандуу турмуш менен байланыштуу жазылган поэмалар. Булардын ичинен "Жеңишбек” поэмасы Осмоновдун жалпы акындык өнөрүнүн туу чокусу. Анда көп катмарлуу окуя же оош-кыйыштуу адам тагдыры, каармандардын  өз ара кагылыштары жок да, кейиштүү  сезим-туйгулар, лирикалык ой-толгоолор, пейзаждык сүрөттөр көбүрөөк. Дал ушул көмөкчү  элементтер чакан поэманын жөнөкөй сюжетине кошумча жаңырык, көмүскө  тереңдик берип турат. Осмонов драматургияда да күч сынап көргөн. Бул жанрдагы анын эң  алгачкы тажрыйбасы "Керексиздер” жана  "Биздин душмандар” пьесалары эски менен жаңынын күрөшүн көрсөтүүгө  арналган. Согуш жылдарында согуш темасында акын "Махабат”, "Чолпонбай”, "Баатырдын  өлүмү” жана  фольклорлошкон тарыхый болумуштун негизинде "Ак Мөөр” драмаларын жараткан. Согуштан кийинки мезгилде "Экинчи бригада”, "Ракыя”, "Корукчу Нооман”, "Абылкасым Жанболотов”, "Күмүш булак”, "Жөнөш керек Меркеге” пьесаларын жазган. Аталган пьесалардын баары учур темасына арналган. Осмонов А. С. Пушкиндин "Евгений Онегин”, У. Шекспирдин "Отелло”, "Он экинчи түн” драмаларын, И. Крыловдун тамсилдерин кыргыз  тилине которгон. Акындын Ш. Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасы кыргыз көркөм котормосундагы шедевр болуп эсептелет. Осмоновдун бир катар ырлар ж-а поэмалар жыйнактары орус, эстон тилдеринде басылып чыккан. Республикасынын Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1967). 1986-ж. Кыргыз жазуучулар союзу А. Осмонов атындагы адабий сыйлык уюштурган. "Ардак Белгиси” ордени менен сыйланган.

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (29.11.2012)
Кароолор: 12448 | Тегдер: Осмонов, Алыкул | Рейтинг: 2.6/16

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑