КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

КАЛЫГУЛ Бай уулу (1785, Ысыккөл р-ну – 1855, Чолпон-Ата) – кыргыздар арасында кеңири белгилүү ойчул, акылман. К. реалдуу жашагандыгы күмөн туудурбаган, бирок, аты легендага айланып, калк арасында Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен акылман делип үлөгөр ысымдар менен бирге айтылуучу адам. Калк арасында өзгөчө  зор кадыр-баркка ээ болгондугуна карабастан Калыгул Бай уулунун  өмүр жолу, чыгармалары ж-дө  такталган маалыматтар аз.

Мунун себеби, жеке эле ал адам жашап  өткөн учурдун биздин мезгилден эки кылым чамалуу аралык менен бөлүнүп турушунда гана эмес, советтик түзүлүш учурунда, айрыкча 1947-жылдан тартып, ага реакциячыл деген жалган жалаа коюлуп, катуу сынга алынып, аты да, чыгармалары да пайдаланууга тыюу салынган.  Калыгул төрөлгөндөн жышаналуу бала болгону эскерилет: оң бетинин отун бүт каптаган чоң кара калы бар экендигине байланыштуу аты Калыгул (Калдуу кул) коюлат. Аркасында жал түрүндөгү коюу, узун түгү бар экени да байкалат. 

Калыгул 6–7 жашынан айылдагы Сопу ата деген кары адамдан окуп, зээндүү  бала бат эле окуганды, жазганды  үйрөнүп, намазга жыгылып, орозо кармайт. Ошондон тартып  өмүрүнүн акырына чейин намаз окуп, орозо кармап, сыпаа, таза жүрүптүр. Калыгулдун кийинки чыгармаларындагы орун алган маалыматтарга караганда, ал адам сабаттуулугунун аркасы менен  чыгыш адабиятынан, маданиятынан, элдердин тарыхынан кеңири кабары бар экени, айрыкча Кул Кожо Акмат  (Кулкожоакмат), сопу Алдаяр (Сополдаяр) сыяктуу белгилүү  инсандардын чыгармалары, филос. көз караштары, сопучулук (суфизим) түшүнүктөрү менен  терең тааныштыгы таасын байкалат. 

Көп сүйлөй бербеген, сөзү орундуу, терең ойлонуп жөндүү сүйлөгөн, калыс, кимге болсо туурасын айткан Калыгул жашынан тартып оозго кирип, күн санап эл арасындагы кадыр-баркы артат. Муну байкаган чоң манап, аталаш тууганы, агасы, кыраакы жана  акылдуу адам Ниязбек баатыр келечеги кең  баланы бооруна тартып, кеп-кеңешке аралаштырып, жылуу мамиледе болот. Мындай шарт Калыгулдун калкка таанылып, аты билинип,  өзү  да маанилүү, чоң-чоң  иштерге аралашып, турмуштук бай тажрыйба алууга жол ачып көмөк көрсөтөт. Калыгул.  өзү  жашаган тарыхый шарт учурундагы кыргыз жергесинде болуп өткөн орчундуу окуялардын, маанилүү иштердин дээрлик бардыгына катышып, көпчүлүк учурларда активдүү  роль ойноптур: түндүк кыргыздар менен Кокон хандыгынын иш алакаларында элчи,  өкүл, кеңешчи катары аракеттенип, өз уруусунун, элинин таламын коргойт, сарыбагыш, бугу урууларынын, жалпы эле көл чөлкөмүнүн Кокон хандыгына баш ийбей калышында Калыгулдун ролу чоң дешет. Ормондун хан шайланышында активдүү  катышат. Бугу менен сарыбагыштын чатагын болтурбай коюу аракетин көрүп, андан майнап чыкпай калгандан кийин бир атадан тараган эки урууну жараштыруу  үчүн жан  үрөп ортомчу, калыстык кызматын кылат. Калыгул акылман, көсөм катары көп күч-аракет  жумшаган жана  ага көрөгөч, олуя делген өзгөчө зор атак-даңк алып келген окуя кыргыз жергесин басып алууга умтулуп, каптап келе жаткан орус падышалыгынын баскынчылык саясатынын коркунучун алдын ала көрө билгендигинде. 

Казак жергесин дээрлик бүт басып алып, бул эле жердеги Алматыга аскерлеринин чебин курган орус падышалыгы ошо менен токтоп калбасын, жыла-жыла, бүгүн болбосо эртең кыргыздарга да келип, бийлигин орноторун баамдап даана билип, элге бул коркунучтун Кокон бийлигине караганда алда канча орчундуу кооптонуу экенин эскертет. Бул алааматты акыр заман белгиси эсептебейт. Келе жаткан кесепеттен сактануунун жолу, айласы жогуна көзү жетип, малды, жерди алып эле ыраазы болбостон, акыл-эске да бүлүк салып, мурдагыдан келе жаткан салт-санааны бузуп, жашоо-шартты өзгөртөрүнө жаны кейит. 

Калыгул ырчы эмес, ойчул. Ал коом, турмуш, жашоо, каада-салт, тиричиликтин түрдүү учурлары жөнүндөгү ой-пикирлерин, корутундуларын, кеп-кеңеш акылдардын негизинен макал түрүндөгү, уйкаштыкка келтирилген, куюлуштуруп, ыргактуу айтылуучу чулу сүйлөмдөр маселдер аркылуу баяндаган.  Калыгулга таандык материалдар маселдер делип аталган бир нече сап ыр түрүндө  түзүлгөн түрдүү  темалардагы, көбүнчө турмуштук тажрыйбанын корутундулары. Бул чыгармаларда ойчул көп кайрылып, зор маани берилип айтылган ойлор – элдин ынтымагы, биримдик, адилеттик, калыстык, боорукерлик, адамгерчиликтүүлүк ж. б сыяктуу жалпы эле эл арасында мурдатан жогору бааланган мыкты дөөлөттөр. 

Советтик турмуштун узак мезгилинде тыюу салынган темалардын бири болгондуктан Калыгул акылманга таандык материалдар сан жагынан али аз, анын  үстүнө  ага таандыкташтырылган маалыматтар, чыгармалар такталууну, терең изилдөөнү  талап кылат. Айрыкча Калыгулдун чыгармалары кылдат текстологиялык талдоого муктаж. Калыгулга таандык материалдардын айрым үлгүлөрү бүгүн илимге белгилүү маалыматтарга караганда, 1922-ж. Нарын уездине К. Мифтаков тарабынан белгилүү манасчы С. Орозбак уулунун айтуусунда 1-жолу кагаз бетине түшүрүлгөн. Айрым маселдерин Э. Арабаев  өзүнүн "Сабатсыздыкты жоюу алиппеси” аттуу окуу китебинин 1925-ж. жарыяланган  үлгүсүнө  "Калыгул бийдин сөзү, орус келбестен канчалык мурун” деген тема менен берген. Калыгулдун  өмүрү  чыгармалары ж-дө  маалыматтар берген информаторлордун арасында Сагымбай манасчы, Тоголок Молдо, Шапак манасчы, Абдыкалык Чоробаев, Эшенаалы Арабаев ж. б. бар. 

Калыгул Бай уулунун илимге бүгүн  белгилүү  чыгармалары,  ал инсан жөнүндөгү  эскерүүлөр ил пикирлер топтолуп, Т. Усубалиевдин демилгеси, каражаты менен "Акылман Калыгул” деген аталыштагы атайын, кеңири мүнөздөгү жыйнак 2000-ж. жарык көргөн.

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 4611 | Тегдер: Бай уулу, Калыгул | Рейтинг: 4.0/6

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑