КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ


 

Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов (1901, азыркы Ысыккөл району, Чырпыкты кыштагы, - 1938) - кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936).

 Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу интстутунда окуган.

 "Эркин Тоо" гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген.

 1927 - 30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары.

 1928 жылында "Жаны маданият жолунда" журналды уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон.

 1931-37 жж. - Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу; ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.

 Касым Тыныстанов 1938 ж. репрессия учурунда атылган.

 

Касым Тыныстанов кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. К. адегенде казакча, кийин кыргызча жазган ырлары Алматы жана Ташкенде казакча чыгуучу газета журналдарга жарыяланып, 1925 жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвада жарык көргөн.

Касым - туңгуч көркөм котормочу. Ал «Интернационалды», И.А.Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаткан. Орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлыры" деген ат менен которуп, кичине китеп кылып чыгарган. К. кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе "Манас" эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Карала уулунун айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. "Манас" эпосун орусчага которуу ишине катышкан. Касым Тыныстанов. Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Кѳл районунун Чырпыкты айылында туулган. Ата-энесинин тек –жайы , турмуштук абалы жѳнγндө так маалымат жок . К.Тыныстанов жѳнγндѳ жазылган макалаларда анын кедей γй-бγлѳдѳн чыккандыгы айтылса, кээ бир изилдѳѳчγлѳр атасын оокаттуу адамдардын катарына кошушат .

К.Тыныстанов 1909-1912-жылдарда Чырпыктыда мусулман мектебинде окуп , андан кийин Сазановка айылындагы ѳзбек медресесине кирет.1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы γркγн учурунда эл менен Кытайга качат . Ал Кытайда кандай жашоо ѳткѳргѳндγгγ тууралуу маалымат жок. 1918-жылы гана кайтып келип кѳл башындагы Тепке айылында таякелериникинде туруп калган . Тепке айылында жγргѳндѳ ыр дагы чыгара башатаган . 1919-жылы Ташкентге келип , Казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо бѳлγмγнѳ алынган. 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун 1-курсуна кабыл алынган . Ишмердик жолу. К.Тыныстановдун ишмердик жолу институтта окуп жγргѳн кезинде эле башталган .Ал 1920-1924-жылдары «θрис», «Ак-Жол»гезиттеринде , «Жас Кайрат», «Сана» журналдарында кызматкер болгон. 1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун Кыргыз бѳлγмγнγн катчылыгына дайындалат.Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп, ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жоопту редакторунун милдетин да аткарган . 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып, γч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаны маданият» журналынын редактору, 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган .Кыргыз педагогикалык институтунда лекция окуган . К.Тыныстановго 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамы ыйгарылган. Илимий ишмердиги жана чыгармачылыгы. К.Тыныстанов адегенде араб тамгасын колдоп, кийин латын тамгасына,андан орус тамгасына өтүүгө алгачкылардан болуп үндөгөнүн замандаштары эскерет. «Эркин-Тоо» гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында анын«Баку калаасында боло турган тγркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы басылып,ал курултайда ѳзγ тγзгѳн латын алфавитинин долбоору боюнча баяндама жасаган.Бул мезгилде жергебизде жаны мектептердин массалык тγрдѳ ачылышы да анын чыгармачылыгынын гγлдѳп турган учуруна туш келди. Ал мектептер γчγн эне тилибизде окуу китептери тγзγлγшγ зарыл эле.Дал ушул маанилγγ маселени чечγγнγ Касым жарандык-атуулдук милдетим деп эсептеп, окуулуктарды тγзγп,кураштырууга биротоло отурат.1924-жылы «Окуу китебин» тγзγп,1926-жылы «Чондор γчγн алиппе», 1927-жылы «Эне тилибиз», 1933-жылы «Социалдык-экономикалык сѳздγк» , 1934-жылы « Кыргыз тилинин морфологиясын » 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин » жаратты. Ошондой эле « Эне тили» , « Жаны айыл» , « Кыргыз адабий тилинин жаны долбоору» , «Жаңы алфавит тγзγγнγн жаны принциптери », «Биздин тил » ж.б. макала, эмгектерин жазды. 37-жылдык өмγрγнγн көп бѳлγгγн мамлеккетик жумуштарга арнаган К.Тыныстанов көркөм чыгарма жазууга убактысы аз болгон . Ошондой болсо дагы Ташкентте окуп жγргөндө « θрис» , «Жаны ѳрис » гезиттеринде бир нече казакча ырлары жарык кѳргѳн . Анын биринчи ѳз эне тилинде жазылган ыры « Ала-Тоо» 1922-жылы жазылган. Ал поезия менен гана эмес , проза менен дагы алектенип, «Жас кайрат » журналынын тѳрт санына « Мариям менен кѳл боюнда» деген көлөмдγγ ангемеси «Келгин» деген ат менен жарыкка чыккан. 1925-жылы Москвадан чыккан «Касым ырларынын жыйнагы »акындын 1919-1924-жылдары жазылган бардык ырларынан куралаган.Ага удаа поезиялык котормолор топтому «θзгѳрγш ырлар »деген ат менен Фрунзеде жазылды .Анын бул жыйнагына казак тилиндеги он эки, кыргыз тилиндеги жыйырма бир ыры жана «Жаныл Мырза» поемасы кирген. К.Тыныстановдун жетекчилиги менен У.Абдукаимов, К.Карасаев, Т. Саманчин «Манастын» «Чон казат» бөлγгγн сапма-сап которушкан. «Академия кечелери» пьесалар тγрмөгγндө «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» жана «Yргѳнчтγн жээгинде Айчγрѳктγн кырк кыз менен турушу» деген эки көрγнγш жазылган. К.Тыныстановдун куугунтука алынышы . Касым жаш кезинде кургак учук менен ооруган, бул оорусу 30-жылдардын башында козголгон, дарыгерлердин жардамы менен айыгып жаны эле иштей баштаганда ага «эл душманы » деген жала жабылып, жашоосундагы оор кγндөр башталган. «Академиялык кечелер » театрга коюлуп башталганда 1933-жылдын 24-февралындагы жана 6-мартындагы «Кызыл Кыргызстан » гезитинин сандарында А.Токомбаевдин «Академиялык кечеси тууралуу» жана « Академиялык кеченин тыянагы » деген эки макаласы жарык кѳргѳн.Бул макалаларда Касымга карата сындар айтылган. К.Тыныстановду улутчул, панисламизм, пантγркизм идеяларына сугарылган деп анын «Касым ырлар жыйнагы», «Академиялык кечелер» чыгармаларынын мазмунуна карап гана кγнөөлөбөстөн, жаш кезинде алаш ордочулар менен идеялаш болгон деп дагы кγнѳѳ коюшкан. 1937-жылы Москвадан чакыртылып, эч себепсиз партиядан чыгарылып, 1-августта камалган. 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык кѳчмѳ сессиясында К.Тыныстановго 1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо» уюмуна, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиялык зыянкеч, «Социалдык–Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген деген кγнѳѳ менен коюлуп, атууга ѳкγм кылынган .θкγм тез аткарылып 7-ноябрда атылган. 1956-жылы аялы Турдубγбγ тишелγγ органдарга кайрылып, 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскердик соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарган. 1958-жылы 22-январда аны партиялык жактан актаган.



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (24.09.2012)
Кароолор: 10312 | Тегдер: Тыныстанов, Касым | Рейтинг: 2.9/16

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑