КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ

ТЫНЫСТАНОВ Касым (1901, Ысыккөл р-ну – 1938, Бишкек) – акын, коомдук ишмер. Кыргыз колдонмо жана тил илимине негиз салуучу, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, агартуучу, профессор (1936). Кат-сабатка атасы үйрөткөн. Кыргыз (казак-кыргыз) агартуу институтунда (Ташкен, 1919–24) окуган. Институтта окуп жүргөндө эле ал «Ак-Жол» гезитинин, «Жас кайрат» "Сана” журналдарынын редакциялары менен активдүү кызматташкан, Түркстан АССР эл агартуу комиссариатынын Кыргыз (Кара кыргыз) илим комиссиясына мүчө  болгон, кыргыз улуттук жазуусун иштеп чыгууга тартылган. Кыргыз улуттук жазуусун түзүүгө, асыресе, араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны чыгыш славян графикасы менен алмаштыруу иштерине тикелей катышкан. 1926-ж. Бакуда өткөн түркологдордун 1-съездинде «Жаңы алфавитти түзүүнүн негизги принциптери» деген доклад жасаган. Ал азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин («Кыргыз адабий тилинин жаңы орфографиясынын долбоору», 1934), кыргыз тил илиминин терминологиясын (сөздүгү  1933-ж. чыккан) иштеп чыккан. Кыргыз тилинин туңгуч норматив грамматикасын («Биздин тил», «Кыргыз тилинин окуу китеби», 1932; «Кыргыз тилинин морфологиясы», 1934; «Кыргыз тилинин синтаксиси», 1936) түзгөн. Т. – кыргыз тилинде туңгуч окуу китептердин («Окуу китеби», 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Окуганды жана жазганды үйрөн», 1927; «Биздин эне тил», 1928; «Жаңы айыл», 1929) автору. Т. 1919–21-ж. ырларын казакча жазган. 1922-жылдан тартып, качан гана улуттук жазуу менен басма сөздүн пайда болоору айкындай баштаганда ал чыгармаларын кыргызча жаза баштаган. Кыргызча алгачкы жазган чыгармасы – «Мариям менен Ысыккөл жээгинде» аттуу аңгемеси («Жас кайрат» журналы 1924,1–2,3–  4). Анын туңгуч поэзия китеби  –  «Касым ырлар жыйнагы» 1925-ж. Москвада басылып чыккан. Анын «Ырлар жыйнагы» кыргыз улуттук көркөм сөзүнүн тарыхындагы олуттуу көрүнүш болгон. Т. 1926–34-ж. ыр жазууга  өтөт) сейрек кайрылган. 1926-ж. рев-лык ырларды (а. и.

"Интернационалды”) орусчадан которуп, өзүнчө китепче кылып басып чыгарган («Өзгөрүш ырлары» – «Революционные песни»). Т. 1928-жылдан тартып «Ырлар жыйнагындагы» (1925) коммунисттик идеологияны өңүтүнөн алганда бир аз калпысыраак айрым ырлары үчүн тынымсыз саясий айыптоого кириптер болуп, бир нече ирет көпчүлүк алдында, басма сөз бетинде «кемчилигин» мойнуна алып  өкүнүчүн билдирген. 1932–33-ж. Кыргыз улуттук театрында ВКП(б) Кырг. обкомунун жактыруусу менен «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясы коюлган. Бул спектакль циклиндеги пьесалардын көбү  Т-го таандык болгон. Бирок «Академиялык  кечелери» негизсиз катуу сындалып, театрдан алынып ташталып, авторго саясий күнөө  коюлган. Ушундан кийин Т-дун чыгармачылыгы официалдуу документтерде бурж. улутчул көрүнүш катары тынымсыз жамандала берген. Ал 1937-ж. репрессияланып, 1938-ж. атылган. Т-дун чыгармачылыгы 1980-жылдардын башынан тартып ачык изилдене баштады, бирок алигиче анын өмүр жолу менен чыгармачылыгы тууралуу олуттуу илимий иш жарала элек. 1991-ж. 16 жылдык мааракеси белгиленип, Бишкек жана Каракол шаарларында илимий конференциялар өткөрүлүп, Т-дун ар тараптуу  чыгармачылыгына (ил., адабий ж. б.) ишмердигине илимпоздор, жалпы эле коомчулук тарабынан алгачкы жолу татыктуу баа берилди. Т-дун кыргыз улутунун рухий дүйнөсүнө кошкон салымы өтө жогору бааланган. 1991-ж. 5-декабрда Касым Тыныстанов атындагы  мамлекеттик сыйлык уюштурулган. 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (06.12.2012)
Кароолор: 3345 | Тегдер: Тыныстанов, Касым | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑