КАСЫМААЛЫ БАЯЛИНОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

КАСЫМААЛЫ БАЯЛИНОВ

БАЯЛИНОВ КАСЫМААЛЫ (1902, Ысыккөл р-ну – 1979, Фрунзе ш.) –  эл жазуучусу (1968). "Биз ким элек, ким болдук” аттуу алгачкы ыры 1924-ж. Алма-Атада "Тилши” газетасында жарыяланган. Жазуучу ушундан кийин деле ыр жазууну уланта берген. Бирок, кара сөз м-н чыгарма жазууга көбүрөөк кызыгып, чыг-лыгында проза негизги орунду ээлей баштаган. Жомоктук сюжеттин негизинде балдарга арналып жазылган "Түлкү  м-н суур” ж-а "Чабалекей м-н жылан” аңгемелери 1925-ж. жарык көргөн. 1926-ж. "Эркин-Тоо” газетасында "Жетимдин өлүмү” аттуу аңгемеси жарыяланган.

Бул чакан чыгарма автордун реалисттик прозадагы алгачкы тажрыйбасы. Ал бул аңгемени кайра оңдоп, 1929-ж. "Мурат” деген ат м-н кайрадан чыгарган. 1928-ж. "Ажар” повести жарык көргөн. Повесть жазуучунун чыг-лыгында бөтөнчө орунду ээлеген. Ошону м-н бирге жалпы эле кыргыз адабиятында проза жанрындагы алгачкы чыгармалардын көрүнүктүүсү  болуп эсептелет. Ушундан кийин К. Баялинов "Жетилген жетим” (1930), "Кош жүрөк”, "Турмуш түрткүсүндө” аттуу чакан аңгемелерди, "Бактылуу жылкычы” очерки, согуш мезгилинде "Ал эми жетим эмес”, "Шаифтин аңгемеси”, А. Адалис м-н биргелешип "От ичинде” аттуу аңгемелерди жараткан. Аталган чыгармаларда өткөн доордогу турмуштун оордугу ж-а рев-дан кийин болуп жаткан  өзгөрүүлөр чагылдырылат. "Жетимдин  өлүмү” аңгемесинде байдын  үй-бүлөсүнүн кичине балага жасаган ташбоор мамилеси көрсөтүлсө, кайра иштелген вариантта башкы каарман пассивдүү  бечара эмес,  өз укугу  үчүн күрөшүп, эркин адам болуп жетилет. "Жетилген жетим”, "Кош жүрөк”, "Турмуш түрткүсүндө” аңгемелеринде бир эле каарман    Нуркасымдын турмушунун түрдүү  учурлары көрсөтүлөт: алгачкы эки аңгемеде адам катары калыптануусу, үчүнчүдө жетекчи даражасына өсүп жеткен мезгили, "Ал эми жетим эмес”, "Шаифтин аңгемеси”, "От ичинде” аңгемелеринде согуш учурундагы турмуш, майдандагы окуялар баяндалат. Б-дин чыгармаларындагы кийинки орчундуу ийгилик "Бакыт” повести (1947) болду. Автор повестке дагы бир бөлүк кошуп жазып, 1952-ж. "Көл боюнда” деген ат м-н жарыяланды. Чыгарма согуш темасына арналып, окуялар негизинен баш каарман Жапардын тегерегинде  өнүгөт. Жапар жаңы мезгилде туулуп-өскөн муундун  өкүлү. "Курман жылга” (1960) повестинде Баялинов революцияга чейинки турмуш темасына кайрадан кайрылып, жаңыча чечмелөөгө аракеттенген. Повесттин баш каармандары Курман м-н Айсулуу феодал төбөлдөрдүн зордугуна каршы күрөш жүргүзгөн чечкиндүү  адамдар. Композициясы б-ча повесть жердин атынын келип чыгыш тарыхын чечмелеген баян түрүндө курулган. Балким, ошол себептен башкы кейипкерлердин адамдык сапаттарын ж-а иш-аракетин героизациялоо, б. а. баатыр тариздентип көрсөтүү  аракети орун алган. "Боордоштор” тарыхый романы реалдуу окуулардын негизинде жазылып, Р. Маречек, М. Сүйүнбаев, М. Масанчин, Т. Бокин, А. Канаев сыяктуу падышалык Россиянын Жети-Суу уездинде совет бийлигин орнотууга ж-а бекемдөөгө  активдүү  катышкан адамдар көрсөтүлгөн. Тарыхый окуларды чагылдырууда жазуучу колдон келишинче турмушка жакын болууга аракеттенип, натыйжада романдын тарыхый эранын мүнөзүнө  ээ болгон жерлери аз эмес. Ошол эле учурда тарыхый фактылардын  өтө  эле жыш жайгашуусу чыгарманынконцептуалдуулугуна, б. а. аларды көркөм аздап туюнтуу жагы  өксүшүнө  алып келген. Чыгармачылыгынын соңку ырларында Касымалы өзү  басып  өткөн жолго, башынан кечирген окуяларга көбүрөөк кайрылып, бир топ макала, эскерүү, очерктерди жараткан. Ретроспективдүү  мындай чыгармалардын эң  орчундуусу "Кыйын  өткөөл” автобиографиялык повести (1980). Чыгармадагы массалык кыргын, ачарчылык, суук ж-а жугуштуу оорулар окурмандын көз алдына тартылат. Мындай шартта жан сактоо, жөн гана өлбөй тирүү калуу өтө кыйын ишке айланган. Аны м-н кошо ыйман ж-а абийир сыяктуу моралдык сапаттар бир жагынан кыйраса, бир жагынан болуп көрбөгөндөй жогору көтөрүлгөн. Повестте автордун жан дүйнөсүнүн биографиясы, турмушка карата көз караштарынын калыптаныы, алгачкы махабат сезиминин ойгонушу көбүртүп-жабыртуусуз, жөнөкөй баяндалган. Баялинов кыргыз көркөм котормосуна алгачкылардан болуп из салган. Анын таржымалында М. Ю. Лермонтовдун «Үч курма» аттуу ыры 1926-ж. М. Горькийдин «Макар Чудра» аңгемеси 1927-ж. жарык көргөн. Жазуучу А. С. Пушкиндин, Г. Башировдун, чыгармаларын кыргызчалаган. Баялиновдун дээрлик бардык повесттери ж-а бир топ аңгемелери орус тилинде жарык көргөн. Ал эми "Ажар” повести мындан тышкары азербайжан, өзбек, англис, немец, француз, чех тилдерине , "Көл боюнда”    казак, "Бакыт” повести татар, "Боордоштор” романы молдован тилине которулган. Эки Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ж-а "Ардак белгиси” ордендери ж-а бир нече медаль м-н сыйланган. 

 

  

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (09.11.2012)
Кароолор: 3977 | Тегдер: Баялинов, Касымалы | Рейтинг: 1.7/9

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑