КУЙРУЧУК - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

КУЙРУЧУК

КУЙРУЧУК,  Кудайберген  Өмүрзак уулу (1899, Жумгал р-ну    1940)    куудул, сынчы. Эл шайырларынын ичинен кимдин болсун бетине тайманбай сүйлөгөн өктөмдүгү, чечекейдей чечендиги, кумарды жазган куудул, анык психолог, сынчы, ырчылыгы менен башкалардан бөтөнчөлөнүп турган өнөр ээси болгон. "Куйручук” деген ысымды Байзак ыйгарган.

Эки жашында энесинен айрылып, бешке чыкканча "куу далы”, "итий” болуп, жетиге чыкканча "бечел” болуп баспай, ар кимден көп кагуу жеп,  өнөрү  эрте калыптанган. Куудулдук, чечендик  өнөрдүн эволюциясы Куйручук  өнөр жолунан даана көрүнөт. Бир күнү Куйручук эт жеп жаткан манаптардын үстүнөн чыгат. Улагага тура калган Куйручука бирөө бир кесим эт берсе, жеп жиберип тигилерди тиктеп калат. Кайра бир кесим эт сунса кайра да ошентет. Анда ал:  – Мунуңар тойбогон неме го, эшикке чыгарып жиберсеңерчи, – дейт. Куйручук: – Ушунча жумурай журтту жалмап жеп жаткан сен тойбогон, ушул бир үзүм этке мен тоймок белем – деп, кайра анын шермендесин чыгарат. Куйручук бала кезинде Байзактын айылына барса, алгач кымыз, аңгыча эт тартылат. Аксакалдарга устукан тийип, жаштары эт туурайт. Куйручук да эт туурап, ара-чолодо эт жегенге да үлгүрүп, этти баарыдан мурда туурап бүтөт. Туураган эт алдыларына келгенде үч жолу алат да чыга берет. Аны байкап калган Байзак: – Алсаң боло, ал! – десе: – Шумкар бир тойгон соң экинчи кол салбайт, – дейт. Жаш балага таң калган Байзак: – Атаңдын көрү, э-эй... береги Куйручуктун айтканын көрбөйсүңөрбү. Сөзү чечекейдей, көзү күйүп турат, тегин уул болбойт, – дейт. Куйручука ушул сөзү үчүн ат мингизип, эски чапанын жабат. 

Куйручук көп  өнөр күтүп, ошонун баарында  өз күчүн, артыкчылыгын көрсөтө  алган. Куйручук кишилерди  өз, жат деп бөлбөй, бийлигине, мансабына карабай, кандан-бектен кайра тартпай, кемчилдигин бетке айтып, эл алдында жазалаган. Буга Касымаалы, Кудайберген, Көкүмбай, Кадыма ж. б. чок баскандай секирте келекелеген окуялар күбө. Куйручук чечендик өнөрүндө, куудулдук кылык-жоруктарында ашынгандарга ирониялуу күлгөн, психологиялык оор абалга такаган драмалуу мерчемдер жыш. Ал бирөөлөрдү сөзгө жыгып, айыптаганда дайыма акыйкат, чындык үчүн күрөшкөн. Куйручук ээн сүйлөгөн "эл жакшыларын” эсине келтирип, түз жолго салып, туура сындоосу жалпы элдик мааниге ээ болуп, бул жагынан Тилекмат, Көкөтөй, Куйручуктар кыргыз  үчүн улуу Демосфен, Цицерондой эле даражада турушат. Айтылуу Райымбектин ашы Тер-Жайлакта өтөт. Ага Куйручукту Байзак ала барат. Алар барганда Токтогул, Эшмамбет баштаган 16 ырчы алым-сабакташып ырдап турушкан болот. Ошондо Куйручук: 

 

Түнкатар түнтөй журт экен, 

Түтүнү сайын ырчы экен. 

Үч болуш элге бир ырчы, 

Өзүбүздүн Жумгал тынч экен – деп ырдап жибергенде эл да, ырчылар да күлүп, ырас эле өз ашыбызда өзүбүз ырдап, меймандарга кезек бербегенибиз чеки иш эмеспи деп, жүйөөлүү  кепке жыгылышат. Эл Куйручукту олжо бөлүштүрүүчү жана  "жарчы башы” кылып дайындашат. Куйручук өз күчүнө ишенип, ири топ, жыйындарда чоң ырчылар менен айтыштарга түшкөн. Куйручуктун көп кырдуу  өнөрүн чагылдырган аңыз кептери ушул күндө  да аягы сууй элек. Куйручук пьеса, балет, либретто, аңгеме, повесть жазылган. Куйручук эл шайырларынын ичинен өзүнүн бийик орду бар, ар өнөргө маш, алп талант. Куйручуктун психологдугу, сынчы, ырчылыгы да олуттуу мүнөзгө  ээ. Куйручук айрыкча куудулдукту чоң  синкреттүү өнөргө айландырып, куудулдуктун күчүн көргөзүп, ажарына чыгарган. Куйручук чечендик жоруктары ачыктыгы,  өктөмдүгү, акылгөйлүгү, жүйөөлүү  жана  далилдүүлүгү  менен оригиналдуу. Куйручук чечендик да, куудулдук да  өнөрдүн кайталангыс ири классиги. Ал кыргыз эл шайырларынын тарыхында кала бермекчи. 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 1483 | Тегдер: куудул, Куйручук | Рейтинг: 2.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑