МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

МОЛДО КЫЛЫЧ ШАМЫРКАН УУЛУ

МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Кочкор р-ну – 1917) – түндүк кыргыздарынын туңгуч жазма акыны; «замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. Ал өзү жашаган учурдагы коомдун зиреги, шарттуу түрдө билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл кыдырып, аш-тойлордо ырдаган эмес. Чыгармаларында элди эмгекке бак-шак тигип, отурук алууга  үндөгөн. Паракорлор менен зулумдарды жектеп, орус падышачылыгынын эзүүчүлүк саясатына каршы болгон. Адилет, теңдик заманын көксөп, ошону менен катар, эл бийлеген манаптардын бузук иштеринин таасиринен калктын да адеп-ахлагынын бузулушунун көбөйүшүн элдин динден тайганынан көргөн. Анын «Кыз-жигит», «Балбан», «Алдамчы», «Кол казал», «Керметоо», «Жинди суу», «Чүй баяны», «Канаттуу», «Бүркүттүн тою», «Буудайык», «Зар заман», «Зилзала», «Көбөй Сулган» ж. б. казалдары бар. Молдо Кылычтын замандаштарынын айтуусуна караганда, ал "Чүй  баянын” жазгандан кийин гана акын аталып, эл оозуна кире баштаган. Бирок бул анын биринчи казалы эмес, андан мурда "Кыз жигит”, "Көбөй, Султан” деген казалдарынын жазылгандыгы айтылган. "Кыз жигит” чыгармаларынын туну экендиги чындык болуу керек. Анткени, мунун көркөмдүк жагы башкаларга караганда анчалык жогору эмес, сөз чебердик жагынан да такшала электиги байкалат. Ошондой эле бул казал элдик-фольклор стилинде жазылган, акындын чыгармачылык бөтөн-чөлүгү, анын чыгармачылык жүзү анчалык байкалбайт.  "Чүй баянында” Токмок шаары жана  Чүй  өрөөнүнүн жаратылыш байлыктары жөнүндөгү  казалын  өзүнүн кара Кочкорунун биринчи жолу Чүйгө келип, Токмок шаарын көргөндөн кийин 80-жылдардын акырында жазган болуу керек. "Чүй баянынын” адабий мааниси менен бирге, анын тарыхый мааниси зор. Мындан кыргыз жерине шаар түшүп, кыргыз элине жаңы тиричилик мамилеси кире баштагандыгы көрүнөт. Ошондуктан, "Чүй баянын” тарыхый-социалдык поэма деп атасак болот. Турмушту терең байкаган кылдат акын коомдук окуялардын улам татаалданып, улам чырмала беришин жазбай көрөт. 1910-жылкы жер силкингенден кийин жазган "Зилзиласында” ал 1916-ж. козголоң болорун болжойт: 

 

"Беш-алты жыл ичинде, 

Бир алаамат башталар”. 

 

Бирок Кылычта материалисттик, диалектикалык түшүнүк болбогондуктан, ал бул чырмалышкан коомдук окуяларды түшүндүрө  албайт. Бул окуяларды "бири-бирине көрсөткөн кылмышы артып, күнөөсү  көбөйгөн адамзатка Кудай Тааланын көрсөткөн каарыдыр” деп гана түшүнөт. Мына ушунун натыйжасында Кылычтын бул дүйнөгө нааразылыгы арбып "акырет жайын” ойлоно баштайт.  "Чүй баянында” Чүйдөгү болгон ар уруу канаттуулардын аты аталып алардын көптүгү, ар биринин жаратылышы, күн көрүштөрү да ар башка экендиги сүрөттөлгөн. Бул казалдагы болгон идеялык пикири ушул, анда андан башка эч кандай кошумча пикир жок. Эми "Канаттуулар” менен "Бүркүттүн тоюнда” канаттуулардын жайы сүйлөнгөнү менен ага кошумча социалдык пикирлер кошулат. Куштардын мамилесинен коомчулуктун, кишилердин мамилеси көрүнөт. Ошентип бул "Канаттуулар” менен "Бүркүттүн тою” тамсилге өтөт.  "Канаттуулардагы” ар бир куштун  кылык-жоругунан, мүнөзүнөн кишилердин кылык-жоругун, мүнөздөрүн көрүүгө болот. Бүркүт, ителги, шумкар, ылаачын, туйгун, тунжур сыяктуу алгыр куштар, булар – баатырлар, эрлер, берээндер.

Кылыч булардын балбандыгына, кайратына, шамдагайлыгына ыраазы болот.  Бул баатыр куштарга жору, кузгун, кажырларга окшогон арам тамак залимдерди карама каршы коёт. Карга, сагызгандарды коркок, кошоматчы, сугалак шылуундар катарында көрсөтөт. Кекилик, чил, бөдөнө,  өрдөк, безбелдектерге окшогон канаттуулар көрүнгөнгө  жем болгон момундар сыпатында жазылган. Тоту, булбул, торгойлор болсо    калың  кара куштардын ичиндеги көркөм  – гөзөлдөр, шайыр – чечендер, сопу – эшендер катарында сыпатталат. 

"Зар заман” Молдо Кылычтын эң ири чыгармасы. Зар замандын санатын айтып жатып, акын өзүнүн 32 жашка чыккандыгын белгилеген. "Зар заман санат түрүндө жазылган. Анда ыраттуу өнүктүрүлгөн сюжет, тема жок. Молдо Кылыч эң абалы падыша өкмөтүнүн колониялык саясатын, жергиликтүү бий-болуштардын адилетсиз сурагын, эзилген элдин кыйналган абалын айтып "Зар заманын” баштаган болуу керек. Кийин ага улам жаңы материалдар кошулуп, идеялык-тематикалык жактан көп тармактуу болуп кеткен. Поэма: 

 

"Акылы бар карылар,

Жаңы келген күйөөдөй, 

Сабыры көп адамдар, 

Жүк көтөргөн түйүндөй”    деген сыяктуу оригиналдуу, терең  маанилүү  салыштырууларга бай. 1911-ж. жер титирөөнүн негизинде жазылган «Кыссан ил зилзала» 1911-ж. Казандан китеп болуп басылып чыккан. Бул кыргыз адабиятындагы азыркы белгилүү эң алгачкы китеп. Кийин 1925-ж. «Тамсилдер» деген ат менен Москвадан китеби чыгып, ага «Канаттуулар», «Буудайыктын тою» («Бүркүттүн тою» деп аталат), «Буудайык» деген казалдары кирген. Бишкекте 1939-ж. балдарга арналып «Канаттуулар», 1946-ж. Т. Саманчиндин түзүүсүндө  «Иргелген казалдар» деген китептери жарык көргөн. Ысымы Кочкор р-нундагы айылга берилген.

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 14839 | Тегдер: кылыч, молдо, шамыркан уулу | Рейтинг: 3.1/16

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑