МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

МОЛДО НИЯЗ ЭРНАЗАР УУЛУ

МОЛДО НИЯЗ  Эрназар  уулу (1823, Кадамжай р-ну  –1898)    жазгыч акын, агартуучу жана  кыргыз тилинде эң  алгач кагазга түшүрүлгөн поэтикалык текст    "Санаттар” аттуу кол китептердин автору. Алтынчы атасынан наркы бабаларынын ысымына "бий” деген  сөз кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий ж. б. ) теги түптүү болуп келип, кийинки аталары дин кызматына, дыйканчылыкка ж. б. турмуштук жагдайларга аралашып кетип, кийин жардыланып калган. Мис., бешинчи (бабага) атасы Молдо Рахимдин  салтын улантып, бала чагында айылдык молдодон окуп, андан ары Каратегиндеги медреседен окуусун улантып, Маргалаң менен Кашкарда билимин тереңдеткен.

Ошентсе да диний кызматка караганда канында кайнап турган акындык кудурет тынчытпастан көкүрөгүнө  батпаган поэзия көбүрөөк тартып, дербиштикке жакын турмуш кечирип, кыргыз жергесин бүт кыдырып, Кытайдагы кыргыздарга чейин барып, ырларын окуп берип, китептерин тараткан.  Өз туулган айылында, азыр "Молдо Нияздын  үңкүрү” деп аталган  үңкүрдө  балдарды окуткан. Кийин медресе ачып, агартуучулук ишин токтоткон эмес. Ырларынын ичиндеги "Ысык-Көл барып балалап, Индустан кетет куш деген” кош сабында жыл мезгилинин ысык-суугуна жараша, куштардын жашоо өткөрүү, тукум калтыруусуна жараша жер которуп турары жөнүндөгү  түшүнүктү, "Франктан келет чыт деген” сапта кездеме-материалдар Франция тараптан келерин туюнткан түшүнүк-төрдү балдардын эсине алууну максаттаган. 

 

"Баатырдын баары майданда, 

Тост, майиз кани Шайданда. 

Илиминин кани Бухарада, 

Койдун кани Гисарда... 

Кара чай кани Кашкарда, 

Койдун кани Кочкордо...”  дегендей ыр саптарында айтылгандар жаш муундардын эс тутумуна географиялык, биологиялык, экономикалык түшүнүктөрдөн кабар берет. 

Жазгыч акындардын ичинен жазгандары өз кол тамгасында бизге жеткени Молдо Нияз болуп саналат. Азыр Академиянын Кол жазмалар фондунда Молдо Нияздын  өз кол тамгасындагы  үч кол китеби жана  бир кошок жазылган чоң  барак бар, калгандары эл оозунан кийин, жыйналган материалдар болуп саналат. Биринчисин К. Сыдыкбаевдердин жардамы менен таап, Фондуга атактуу академик Б. Юнусалиев тапшырган.  Үчүнчү  кол китепти академик А. Эркебаев Алайдагы А. Азимовдон апкелип, Кол жазмалар фондуна  өткөргөн. "Кат” деп аталган жазманы Тил, адабият институту уюштурган экспедициянын мүчөлөрү Айдар Молдодон 1974-ж. алып келишкен. Ичинде бир нече чыгармалар болгону менен ар бирине өзүнчө  аталыш берилген эмес, биринен экинчисин "Санат диграст” (Башка санат), "Санат дигар” (дагы бир санат), "Санат хасират” (арман санат) деген сөздөрдү башталышына кызыл сыя менен жазып ажыраткан. Андагы чыгармалардын тематикасы акындын керт башына байланышкан лирикалардан, кошоктордон, орус баскынчыларын ашкерелеген тарыхый жана  салттык санат ырлардан турат. Ашыктык ырлар, дагы "Алымкул” сыяктуу поэмага тете чыгармалар да бар. 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшү жөнүндөгү ырында: 

 

"Отуз жылга жакындап, 

Орус келип зор болду. 

Оң-солдун баары кор болду...”, 

"Мусулмандар башыга, 

Муңайтып кандай түн түшөт? 

Азап кылса момундар, 

Караңгы башка түн түшөт. 

Кулу болсоң пул жүрөт, 

Кудайасан кылбаса, 

Кутулбаган кун түшөт”    деп, кыргыздын кийинки, 1916-жылкы көтөрүлүштөгүдөй, бир орустун кунуна миңдеген кыргыз кырылгандай кез келерин да алдын ала айтып кеткен. Молдо Нияз ырларын экинчи китепке көчүргөндө ашыкча сөз, саптарды сызып таштап, жаңы саптар, түрмөктөр менен алмаштырып турган. Чыгармаларын редакциялап отурушу Молдо Нияз

профессионал акындарга жакын турганынан кабар берет. 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 9772 | Тегдер: молдо, Нияз, Эрназар уулу | Рейтинг: 1.8/16

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑