МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

МОЛДОБАСАН МУСУЛМАНКУЛОВ

МУСУЛМАНКУЛОВ  Молдобасан (1883, Нарын  өрөөнү –  1961)    акын, ырчы, комузчу. Жаш кезинен ар түрдүү лирикалык ырлар чыгарып, аны  күүгө  салып, кыз оюндарда, аш-тойлордо аткарган. Ырчылык  үнүнүн (обонунун) эң мукам болушу анын эл алдында баркын ого бетер көтөргөн. Атасынын, агасынын акындык, манасчылык талантка эгедер болушу Молдобасандын акындык шыгынын эртелеп ойгонушуна жагымдуу шарт түзүп, алар анын алгачкы устаттарынан болушкан. Ал 17 жашынан ырчы болуп, 25 жашынан баштап "Манас”, "Семетей” айта баштаган. Манасчылык өнөрдү Калыгул, Тоголок Молдо, Сагымбайдан таалим алып өздөштүргөн. Андан "Манас” 1935, 1944–45-жж. кагазга жана  1936-ж. "Чоң  казаттан”  үзүндү  грампластинкага жазылып алынган. Ошондой эле кыргыз оозеки чыг-лыгынын чыгаан  өкүлү катары андан 1922-ж. кенже эпостор "Жаныш, Байыш”, "Курманбек”, "Жаңыл Мырза”, "Кедейкан” баш болгон секетбай, күйгөн, тамсил, ар түрдүү  күү  ырлары (комуздун айтым ырлары), жөө  жомоктор жазылган. Булардын ичинен "Курманбек” 1928-ж. кыргыз элинин кенже эпосторунун тарыхында биринчи жолу өзүнчө китеп болуп чыккан. М-дун көзү  өткөндөн кийин айрым китептери жарык көргөн. М-дон жазылып алынган "Манас” эпосунун варианттарынын айрым ыр түрмөктөрү, мотивдери, эпизоддору "Манас” үчилтигинин профессор Б. М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы астында кыскартылып, бириктирилип басылган китептеринде пайдаланылган эпостору басылган. Ал 1933–52-жылдары Кырг. мамл. филармониясынын элдик ыр, күүлөрдү  жана  "Манас” эпосун аткаруучу солисти болуп иштеген. 1935-ж. Кырг. ССР эл артисти деген эң алгачкылардан ардактуу наамга ээ болгон. 

Молдобасандын жаш кезиндеги өмүрүнүн көбү  элдик чыгармаларды аткаруунун чордону болгон аш-тойлордо, кыз оюндарда өткөн. Ырчылык аны өзү туулган Нарын өрөөнүнөн алда канча тышкары жерге чейин таанылган. Бул анын чыг-лыгына өзүнүн оң  таасирин тийгизбей койгон эмес. Өзүндөй таланттуулар менен жолугушуу, алардан чыгармачылык таасир алуу менен бирге эл аралоо ага элдин тарыхын,  үрп-адатын терең  билүүгө  эң  сонун шарт түзгөн. Молдобасан эл алдында "Манас” айтып чыкканга чейин элдик оозеки чыгарманы эң жакшы аткара да билген ырчы, комузчу, гармончу жана  акын болгон, б. а. манасчы болгонго чейин ал элдик чыгармачылык мектебинин зор сыноосунан  өткөн. Ал кыргыз элинин оозеки чыг-лыктын лирикалык майда жанрынан тартып жөө жомок, эпос өңдүү зор көлөмдүү эпикалык жанрына чейин эң сонун билген жана  аны чыг-чылык менен өнүктүрүп, аткара алган. Анын үстүнө акындык жана  артисттик, музыкалык тубаса талантка ээ болгон Молдобасан көркөмдүгү  жагынан да, көлөмү  жагынан да дүйнөдө  бир да эпосту алдына салбаган "Манас” сыяктуу эпос-энциклопедияны өз алдынча терең иштелген вариант кылып айтуу менен кыргыз адабиятында өзгөчө орундардын бирин

154  ээлейт. Ошентип, Молдобасан кыргыз элинин чыг-лыгынын жана  көркөм мад-тынын бардык тармактарын өзүнө камтып аткарышы менен анын өзүнчө бир энциклопедиясы сыяктуу таасир калтырат. 



Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (29.11.2012)
Кароолор: 1210 | Тегдер: Молдобасан, Мусулманкулов | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑