МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

ЭЛЕБАЕВ Мукай (1902, Түп району    1944, Ленинград) –  акын, прозаик, котормочу. Кыргыз профессионалдык жазма адабиятын түптөөчүлөрдүн бири. Ал ата-энесинен эрте жетим калып, 1916-ж.  Үркүндө  качкандар менен кошо Кытай жерине барып келүүгө  аргасыз болгон. Жазуучунун дээрлик көпчүлүк чыгармалары автобиографиялык негизге ээ. Ал өзүнүн тестиер жана  өспүрүм кезинде башынан  өткөргөн кыйынчылыктарын "Узак жол” романында "Кыйың  кезең”, "Зарлык”, "Бороондуу күнү” сыяктуу аңгемелеринде, ырларында кеңири баяндап берген. Элебаевди акын катары көпчүлүккө чыгармачылык тушоосун кескен  ыр "Зарыгам” 1925-ж. жарыяланган. Элдик арман ырлардын мотивинде жаралган бул ыр көркөмдүк жактан бир кыйла чыйрак жазылгандыктан  өз учурунда кыргыз жаштарына аябай зор таасир тийгизген, анткени анда жалпы кыргыз жаштарынын тилеги, ою даана айтылган. Бул ыр туурасында акындын замандашы К. Маликов мындай дейт: "Биз айыл мектебинде окуп жүргөн чагыбызда "Зарыгам” бүт бойдон жаттап алып, обонго салып ырдап жүрчүбүз...”  Элебаевди акын катары элге тааныткан "Зарыгам”, "Алга бас”, "Чамда”, "Арсар жигит” сыяктуу алгачкы ырлары Түп районуна караштуу Монастырь деген жердеги айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө жазылып, "Эркин-Тоо” газетасына жарыяланып турган. Акын чыгармачылык жолунун олуттуу этабы Фрунзе шаарына келип, педтехникумга кирген кезинен (1926) башталган. Чыгармачылыктын сырларын  үйрөнүү  үчүн мүмкүнчүлүгү  жеткен орустун жана чет эл адабиятынын классиктеринин чыгармалары менен таанышат. Элебаев Жума Жамгырчиев менен бирдикте жазган. Мектеп окуучулары  үчүн "Окуу китеби” (1930) акындын биринчи китеби    "Ырлар жыйнагы” (1931), "Майрам” (1933) аттуу экинчи китеби жарык көргөн. Э-дин поэзияга дилгирлиги, талыкпаган эмгекчилдиги акындын такшалуусун тездетип, ырдын жаңы формаларын изденүүдөгү аракети өз учуру үчүн жакшы натыйжаларды алып келген. 30-жылдары көпчүлүк акындарыбыз В. В. Маяковскийдин жана казак акындарынын таасири менен кыргыз поэзиясына формалык жаңылык киргизүүгө  умтулушкан. "Бирок көпчүлүк акындардын бул жагынан далалаты баягы эле он бир, он эки муундуу жайдары кыргыз ырын ар кайсы жеринен бүктөп сындырып, тепикчтенип жазгандан нары барган жок. Бу жагынан бир гана Элебаев  бир Алай тереңдеп барып, тайманбас поэтикалык эксперменттер жасап, дурус ийгиликтерге жетише алды”. Турмушка кирип жаткан жаңылыктарды кубанып тосуп алып, алар жөнүндө  бардык акындык дити менен бийик добушка салууга ашыккан акын бийик интонация, күчтүү  эмоция, декломациялуулукка негизделген эркин ыр формасында "Биз күрөштүн жигити”, "Күрөш бүтпөй”, "Эми келди кайратым”, "Техникага жөнөдүк”, "От араба” деген сыяктуу ырларды жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Элебаевдин поэзиясы мазмундук жактан да, формалык жактан да бийиктикке көтөрүлө  алгандыгын көрүүгө  болот. Акын согуш темасында "Улуу марш”, Энеси менен коштошуу”, "Алыста калган жарга”, "Согуштан кат”, "Көрүшөөрбүз бир күнү”, "Ала-Тоодон кат”, "Тилек” аттуу элди каарман патриоттуулукка үндөгөн, фашизмди жектеген мыкты ырларын жараткан. 1936-ж. "Узак жол” романы басмадан жарык көрөт. Ушул басылышында автор бүткөн чыгармасын романдын биринчи китеби деп атаган. Бирок, ар кандай себептер менен романдын экинчиси бүткөрүлбөй калды. "Узак жолдогу” окуяны андан ары улаган бөлүктөр "Кыйын кезең” (1938), "Бороондуу күнү” (1939), "Зарлык” (1941) деген  өз алдынча аталышы менен аңгеме, повесть катарында жарыяланган. Элебаевдин о. эле "Төрт жолоочу”, "Алыскы тоодон”, "Соңку бир күн”, "Жолдо” аңгемелери бар. Элебаев өзүн чебер аңгемечи катары көрсөтө алган. Мис., "Бороонду күнү” өзүнүн идеялык-тематикалык мазмуну менен көркөм образдуулугу шайкеш келген архитектоникалык түзүлүшү менен отузунчу жылдардагы аңгемелердин фонунан кадыресе  айырмаланып турат. Автор  үнкүрдөн кийинки кыргыз турмушунун бир гана бороондуу күнүн, бир  үйдөгү  көрүнүштү  бир  өспүрүм баланын баяндоосу аркылуу берүү менен мезгилдин духун, колдонулган ар бир сөз, көркөм деталь идеялык-тематикалык жанрында да калем сынап көргөн. 1940-ж. "Тартыш” аттуу пьесаны театрдын репертуарына кабыл алынган эмес. Элебаев согушта каза болгондон кийин жазуучунун архивинде калып, унутулуп, кийин жарыяланат. Элебаев пьесасынын театр тарабынан кабыл албагандыгы  өзүнүн күндөлүгүндө: "мунун себебин азыркы темадан алгандыгым жана журт ураанга көнүп калгандыгынан көрдүм” деп түшүндүрөт. Драманын сюжеттик конфликттин негизин  өз кызыкчылыгынан башканы ойлобогон, алдым-жуттум, бюрократ мектеп директору Качкын, амалкөй, эки жүздүү, бай-манапчыл Жейрен жана ак ниет, активдүү  күрөшчүл мугалим Айдарлардын ортосундагы карама-каршылыктардын негизинде түзүлөт.

"Тартыш” – кыргыз адабиятында биринчи жолу социалисттик турмуштун өзүндөгү кемчиликтерди, былыктарды сынга алган чыгарма. Элебаев ошол эле отузунчу жылдары кыргыз жазуучу, акындарынын ичинен адабий сынга көбүрөөк кайрылып, чыйрак макалаларды жазып, газета, журналдарга арбын жарыялап турган. Элебаев белгилүү акын, чебер прозаик, драматург, көркөм адабияттын чыныгы баасын билген сынчы болуу менен бирге адис котормочу, кыргыз эл оозеки чыгармаларына берилген жыйноочу, китеп  бастырып чыгарууда Пушкиндин "Хандын өлгөн кызы менен жети баатыр жөнүндө”, Л. Н. Толстойдун "Хаджи Мурат”, Н. В. Гоголдун "Шинель”, Д. Фурмановдун "Козголоң” сыяктуу чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулаган. Ошондой эле анын Ч. Диккенстин "Бастилия туткуну”, Г. Мусреповдун "Кыз Жибек” дагы башка котормолору бар. Элебаев  өз чыгармачылыгы менен кыргыз жазма адабиятынын түптөлүшүндө  анын бардык жанрларында өзүнүн зор салымын кошуп, белгилүү роль ойногон.

 

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (11.12.2012)
Кароолор: 8929 | Тегдер: Элебаев, Мукай | Рейтинг: 2.3/19

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑