НАЙМАНБАЙ БАЛЫК УУЛУ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

НАЙМАНБАЙ БАЛЫК УУЛУ

НАЙМАНБАЙ Балык уулу (1844–1913) –  айтыш акыны, жомокчулардын тибине кирет. Совет мезгилинде сындалып, иликтөө алганынан четтетилген ири ырчылардын катарында турат. Өз заманында жашаган акындардын көпчүлүгү менен айтышкан. Толук эмес маалымат боюнча  да алардын саны бир топ: Калмырза, Бекназар, Эсенаман, Жаманкул, Токтогул, Эшмамбет, Нурмолдо, Куйручук, Кара Курман, Наркүлдүн ырындагы маалыматка караганда, анын да чоо-жайын тарткан көрүнөт. Нурмолдо менен Найманбайдын беттешүүсү өтө айыгышкан мүнөздө өтөт. Балыктын кичүү уулу Алчинбай экөөнүн айтышканын угуп: "молдо киши акын болбош керек” деп, ырчылык шыгын өнүктүрүп, аздектебей таштап коёт. Булар бизге белгилүүсү гана. Эл эсинен чыгып, жетпегендери да бар чыгаар. Уруусу сарыбагыш ичиндеги чоң чарыктан. Атасы Балык көбүрөөк Чүйдө туруп, Байтик манаптын элине  байыр алып калгандыктан, Найманбай да Чүй өрөөнүндө жашап, ырдап өткөн. Айрыкча 19-кылымдын аяк ченинде бул чөлкөмдө жашаган акындардын ары улуусу, ары күчтүүсү болуп, эч бирине жол бербеген. Калмырза чоң  ырчы катарында элге таанылып калганда 1900-ж. тегерегинде Найманбай менен Чолпонкулдун баласы Жапаркулдун ашында беттешип жеңип кетет. Деги эле Чүй  өрөөнүндөгү  бардык чоң  аш-той Найманбайсыз  өтпөчү  экен. Н. Токтогул менен 1910-ж. тегерегинде Керимбайдын энеси Алтынайдын ашында ал сүргүндөн кайткандан кийин кезигишип ырдашат. Бул тирешкен айтыш эмес, экөө  пикир алышып, ой бөлүшөт. Бул кезде 60тан эңкейип калган Найманбай адетинче опурулуп, чырдын башын чытыбай, сылык-сыпаа, нускалуу ырдап, өз түшүнүгүнүн деңгээлинде Токтогулга "Калкыңды аман көргөн соң, Какшыгыңды койсоңчу, Убайыңды жойсоңчу”, "Алсыраган Токтогул алың буга жетеби?” – деп акыл-насаатын, кеп-кеңешин айтат. 

Найманбай Эшмамбет менен да эки-үч курдай беттешип ырдашат. Ал айтыштары анчалык эле тамшана турган деңгээлде бизге жеткен жок. Курч сөздөр, терең ойлор аз өлчөмдө, көркөмдүгү төмөн.  Аны  өз мезгилинин чоң  манасчысы болгон дешет. "Манас” айтууга атасынан таасир алган.  Өз оозунан угуп, үйрөнгөндөрү да болуптур. Эпостон "Таластын көрүнүшү”, "Күмбөз туурасында”, "Манастагы” каармандардын (Сыргак, Каныкей, Алмамбет) жана  аттардын сыпатталышынан (Аккула, Сарала) айрым  үзүндүлөр Найманбайдан уккан айтуучулар аркылуу бизге  келип жетти. Албетте, алар  өтө  кыска болгондуктан, жыйынтыктуу пикир айтуу кыйын. Бирок, кабарчылардын маалыматына караганда, өз учурунун ири манасчыларынан болгондугу шексиз.  Найманбайдын айтыштарындагы фактылар боюнча   өз  өмүрүндө  көптөгөн журт билермандары белгилүү  манаптар менен жашап, көптөгөн мактоо ырларын жаратат. Жар чакыруунун да устаты болгон. Бирок, ал материалдардын көбү  бизге жеткен жок. Жалпы Чыгармалыгын кылдат талдоого алганда анын да салттуу ырчылар поэзиясынын тарыхында өз орду, айрыкча айтыш өнөрүнүн калыптанып, өсүп-өнүгүшүндө өз алдынчалыгы менен кошкон салымы бар. 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (29.11.2012)
Кароолор: 831 | Тегдер: Балык уулу, Найманбай | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑