ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ

БӨЛӨБАЛАЕВ  Осмонкул (1988, Кант р-ну    1967, Бишкек)    акын. Б. кайсыл тематикада эмнени ырдабасын,  буйдалбастан төгүп жиберген артыкчылыгы, ырларынын салмактуулугу, санаттарынын учкулдугу, төкмөлүгүнүн күлүктүгү, оюңдагыны таап ырдаган алымдуулугуу м-н Жеңижок, Эшмамбет, Барпыдай ак таңдай төкмөлөрдүн катарына кирет. Б. алгач Жаманкул, Калмырза сыяктуу ырчыларды көрүп, төкмөлүктүн жол-жобосун үйрөнгөн. Бирок, Б-ди чоң ырчы кылган устаты Калык болгон. Агасы Сүйүмбайдын көмөгү м-н дин мектебинен окуп, кат тааныган. Казак, өзбек, татарча чыккан китептерди окуп, казактын "Кыз Жибек”, "Каблан баатыр” сыяктуу эпосторун жат билген, мындан сырткары Тукайдын, А. Навоинин ырлары м-н тааныш болгон. Ошентсе да агасы Сүйүмбайдан тартынып, 30 жашка чыкканча ырдабай жүрүп, Калыктын аркасы м-н эл алдында ырдаганга мүмкүнчүлүк алып, ырчылык жолго түшкөн. Өзү бул туурасында: 

 Он сегизинчи жылында, 

Гүлдөгөн майдын айында. 

Кыргызга чыккан атагы, 

Калык келди айылга. 

Кенчинен сузуп мен алдым, 

Кошо жүрүп жанында. 

 

Б. ошондон кийин мурункудай жазып алып жаттап, домбра м-н аткарбастан, Калыктан комуз үйрөнүп, жамгырдай төгүп ырдоонун негизги ыкмаларын  үлгүлөйт. Б. Калыктын жанында бир айча жүрүп, "Курманбек”, Жаныш-Байыш”, "Кедейканды”  үйрөнүп, бул эпосторду  өмүр бою айтып жүргөн. Кийин аларды жазып алалы дешсе,  өтө  уяттуу киши

"Какемден  үйрөнгөм” деп  жаздырбай койгон. Б: 1931-ж. улуттук театрга, 1936-ж. илармонияга кабыл алынып, кыргыздын залкар таланттары м-н чогуу иштешкен. 

Б. төкмөлүк күчү  учурдагы күтүүсүз жагдайларды жамагына жик билгизбей, шыдыр жалгаштыра кетүүсүнөн да билинет. Бир сапар Б. эл м-н учурашып ырдап жатса шамал болуп, чырак өчүп калат. Ал бул көрүнүштү да ырына кошо кетип: 

 

Үч айылда бир чырак, 

Үйлөп салды өчүрүп 

Үстүдөн шамал ыркырап. 

Ошону күтүп тургансып, 

Отурушат кыз-келин, 

Мында бири-бирин чымчылап,

   дегенде "Опей, бул чал бизди да жөн койбой ырына кошо кетти” деп, шыбыраша

түшүшөт алдыдагы жаштар. Анда Б. аларга минтип тамаша ыргытат: 

 

Оозу шок, кандай баласың, 

"Ой, мына бул чалды” деп, 

Осоңду сынга аласың. 

Сен да кемшейген кемпир болосуң, 

Ошондо комсомол кайдан карасын. 

 

Б-дин эс тутуму айрыкча күчтүү болгон. Ал канча бир аталыштарды, информацияларды, фактыларды бир угуп, эсине сактап алган. Анын мындай  өзгөчөлүктөрүн-  замандаштары Калык, Саякбай, Алымкул ж. б. таң  берген. Б-дин акыл-сезими  өзгөчө  күчтүү  болгон. Ал барган жеринен колхоз-совхоздордогу мыкты иштегендердин, артта калгандардын

аттарын, аткарган пландарын сурап алар эле. Кечки концертте саламдашкан ырында мыкты иштеген бригада, звенолордун аттарын атап ырдап, кээ бир фактыларды, алар м-н бирге иштешкендерди таасын айткандыгы м-н концертте отургандарды таң  калтырчу. "Ырынын ыргактуу кую-лушкандыгы жагынан  өз мезгилинде Б-ге бир да ырчы тең  келе

алган эмес” (К. Күмүшалиев). Б. башка ырчылардан айырмаланып, актер катары театрда да ар кыл ролдорду аткарган ж-а ошол ролдорду бир окуганда эле жаттап алган. Б. портрет түзүүгө  абдан чебер. Ал белгилүү  куудул Бекназарды бир көрүп эле минтип портретин тартып салган: 

 

Көрүнүшүң бир укмуш, 

Көргөндөр кетпейт үйрүлгөн. 

Кейпиңди буза калганда, 

Көзүңдүн жээги түйрүлгөн. 

Мурдуңдун учу кыймылдап, 

Мурутуң жиптей ийрилген. 

Мол кылса керек табигат, 

Мүчөңдүн баарын бир бирден. 

 

Б-дин чебер портретчилиги Ыбырай, Барпы ж-дө  айткандарынан, жер көрүнүшүнөн, болбосо жан-жаныбарларды сүрөттөөсүнөн деле толук көрүнөт. Угуп же  көрүп турганын ашык-кеми жок сүрөттөп, шыдыр төгүп жиберүү  Б-дин негизги оригиналдуу ртыкчылыгы. Б-дин айтуучулук  өнөрү  да зор болгон. Ал бала чагында казак эпосторун жаттап алып айткан. Кийин Калыктан "Курманбек”, "Жаныш-Байыш” сыяктуу бир катар эпосторду, дастандарды  үйрөнүп айтып жүргөн. Б. айтыш өнөрүнүн да устаты болгон. Ошондой эле ал ири нускоочу акындардын катарына кирет: 

 

Карап туруп болжосом, 

Карылык кандай, жаш кандай? 

Ысык-суук болжолу, 

Кыш күн кандай, жаз кандай? 

Пайдасына карасак, 

Суусуз жер кандай, саз кандай? 

Жамандык башка түшкөндө, 

Жакын кандай, жат кандай? 

 

Анын санат-термелери барыдан мурда турмуштук ар кыл көрүнүштөрдөн,  өз алдынча корутунду чыгарып, терең талдай билген акылкөйлүгү, ойчулдугу – табигый учкулдугу, жорголугу м-н өздүк мааниге ээ. Б. кийин өзүнүн канча бир баалуу чыгармалары дайынсыз кеткендигине ошолорду кагазга түшүрүп калбаганына кадимкидей кайгырган экен. 

 

Бек отуруп жазбапмын, 

Берметтей сөздү таппапмын. 

Далыга чапса мактанып, 

Дардаңдап күн-түн какшапмын. 

Жазуу жакка умтулбай, 

Жадабай элге сайрапмын. 

 

Б. ар жыйнактарынан профессионал жазма акындардын ырларындай түрлөрүн колдонуп жазган эң сонун лирикалык ырлары бар. Төкмөлөрдүн ичинен сынчы эли м-н ачык сырдашып, прогрессивдүү таасирлерди аң-сезимдүү кабыл алып, сындын талаптарын туура түшүнүп, өзүнө-өзү сын көз м-н караган.

 

Күкүк эле Осмонкул, 

Күнү-түнү сайрап таңшыган. 

Акынсынып ар ким ырдады, 

Ал эми Осмонкулдун ырлары, 

Айдаган койдой чубуруп, 

Ашыгып турчу артынан. 

Осмонкул деген ким эле? 

Ооодарылбас, чайпалбас, 

Океан болчу тим эле...

  (Ысмайыл) 

Жыйынтыктаганда, Б. кайсыл тематикада болсун чоң чеберчиликте, ак жаандай төккөн төкмөлүктөгү күлүктүгү м-н айырмаланган, айтышка чебердиги, ири сүрөткерлиги, күчтүү  нускоочулугу м-н элибиздеги саналуу  алп төкмөлөрдүн катарында турат. Кыргыз ырчылар поэзиясынын өсүп-өнүгүшүндө О. Б-дин салымы абдан зор.

 

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ




Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (09.11.2012)
Кароолор: 1719 | Тегдер: Осмонкул, Бөлөбалаев | Рейтинг: 2.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑