САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ

САЯКБАЙ  Каралаев (1894, Тоң  р-ну, 1971, Фрунзе)    20-кылымдагы улуу манасчы, Кырг. ССРинин эл арт. Саякбайдын талантынын эртелеп ойгонушуна чоң  энеси Дакиш түрткү болгон. Ал киши элдик оозеки чыг-лыктын. Саякбай «Манастын» кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин да ошол чоң энесинен уккан.  Манасчы өзүнүн  ай-туучулук талантынын ачылышы түш көрүү менен байланыштырган. 1916-жылдары жашаган жери Семиз-Белден Орто-Токойго келе жатып баштагы чоң кара таштын ордуна үй тигилип турганын көрүп таң калып, асмандан угулган кандайдыр укмуштуу добуштан эси ооп жатып калат. Ошондон үйгө кирип Каныкейдин колунан даам татат. Үйдөн чыкканда:

 

Кылымдын баары козголуп,

Кырк – элүү түмөн кол болуп,

Түнөрүп жаткан Бээжинге

Түз кирип найза сунганы –  кетип бараттык эле, казат болуп, кол кетип баратканда анын алдынан кезиккениң абдан жакшы болду. Караңгыда көз тапткан, капияда сөз тапкан Бакай деген менмин, Манас баатыр сага бере  өт деген күлазыгын берейин. Оозуңду ач дейт. Анан Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактарды бир бирден сыпаттап айтып тааныштырып чыгат. Ошол окуядан көп  өтпөстөн 1916-ж. элдик көтөрүлүш чыгып, анын трагедиялуу аякташынын каардуу кап-шабы Саякбай Карала уулунун бүлөсүнө  да тиет.  Үрккөн эл менен кошо алар да Кашкар тарапка качып жөнөшөт, бирок унаалары начар болгондуктан узак бара алышпай, Сары-Жаздын Көөлөсүндө калышат. Саякбай ошол кезде Бычков деген актардын генералынын колуна түшүп аз жерден   өлүмдөн кутулат. 1918-ж. кулакта малай болуп жүргөн жеринен Шагабутдинов деген большевик, жетекчилик кылган Кызыл Армиянын бөлүгүнө  кошулуп Совет бийлигинин душмандарына каршы аттанып чыгат. Саякбай  Кызыл Армиянын катарында жүргөнүндө "Манаска” кызыгуусун уланткан. 1921–31-ж. элине кайтып келип Совет бийлигинин чыңалышына активдүү  катышып, Маман, Ырдык ш-дык Советтерине төрагалык милдет аткарат. Ушул жылдардан баштап анын манасчылык  өнөрү  ачылат. Эл алдында тынымсыз чыгып "Манас” айтат.  Айрыкча,   өз  мезгилинде  Көл  айланасындагы манасчылардын эң  таланттуусу эсептелген Чоюке  Өмүр уулу менен 1924-ж. таанышышы анын чыг-лыгына таасир тийгизет. Чоюкени ээрчип жүрүп айткан. "Манасын” үйрөнүү аны нагыз манасчылык деңгээлге көтөрөт. 

Саякбай бул жылдары экинчи бир манасчы Акылбекке жолугуп андан да таалим-тарбия алат. 1930-ж. Фрунзе шаарына манасчы катары чакырылып, коомчулук тарабынан таланты жогору бааланат. Анын Фрунзе шаарына келип коомчулук менен таанышышына жазуучу Жекшен Ашуубаев, белгилүү илимпоз Хусейин Карасаев көмөкчү болот. Ал "Манасты” эл алдында толук түрүндө  1925-жылдан тартып айта баштаган, 1935–54-ж. филармонияда артист болуп иштеп, негизги репертуарын "Манас” айтуу түзгөн.

1932-жылдан баштап белгилүү  манасчы катары "Манастын” тексти жазылып, 1937-ж.  үчилтиктин биринчи бөлүмү жазылып бүтөт. Тексттин көпчүлүк бөлүгүн кыргыз фольклорун, ыкча "Манасты” көп жылдар бою элден жыйноого катышып, зор эмгек сиңирген Ыбырайым Абдыракман уулу кагаз бетине түшүргөн. Андан башка да жазуу ишине К. Жумабаев, Ж. Рисов, К. Кыдырбаева катышкан. Саякбайдан жазылып алынган "Манас” бөлүгүнүн тексти 83830 ыр сабын түзгөн. Мындан башка да "Семетей”, "Сейтек” бөлүмдөрү, алардын уландысы катары Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуялары да толук жазылып алынган. Саякбайдан жазылып алынган "Манастын” текстинин бардыгы 500553 сап ырдан турат да, колдо бар варианттардын эң көлөмдүүсү болуп эсептелет. Башкача айтканда "Манас” дүйнөдөгү белгилүү  эпостордон эң  көлөмдүүсү  болсо, Саякбайдын варианты ошол "Манастын” эң  көлөмдүүсү  болуп саналат. Саякбайдын айтуусунда "Манас” эпосу 60-жылдардын ичинде бир нече жолу магнитофон плёнкасына жазылып алынган. "Манас” аткарып жаткан учурлары бир нече сапар киного тартылган. Бул уникалдуу материалдардын "Манасты” изилдөөчү кийинки муундар үчүн мааниси зор. 

Саякбайдын варианты кагаз бетине түшүрүлгөн "Манас” эпосунун бардык варианттарынын ичинен, ага таандык салттык окуяларды мүлдө камтышы менен айырмаланат, Ырас, Шапак, Багыш, Молдобасан, Мамбет, Тоголок Молдо сыяктуу ага замандаш бир катар манасчылардан да трилогиянын үч бөлүмү тең жазылып алынган. Бирок, алардын варианттарында эпостун бардык окуялары бир кылка эмес, бир эпизод кенен деталдаштырылып сүрөттөлсө, экинчи бир эпизод кыска айтылып, схема түрүндө берилип же айрым учурда таптакыр эскерилбейт. Саякбайдын варианты "Манас” үчилтигинин бардык бөлүмдөрүнүн салттык окуяларын толук камтуу менен бирге анын бардык эпизоддорун жетер чегине жеткире кенен деталдаштырып сүрөттөлгөнү менен орошон айырмаланат. Ал турсун мурун эл ичинде белгилүү же анча белгисиз аңыз-уламыш түрүндө  сакталып келген бир катар окуяларды өзүнчө  көлөмдүү  эпизод кылып, ырга айландырып, өнүктүрүп айткан. Саякбайдын вариантынын ар бир эпизодунда башка варианттарда жолукпаган толгон мотивдер, көптөгөн кейипкерлер, алардын иш-аракетин, кулк-мүнөзүн, кимдигин сүрөттөгөн баяндардын орун алышы менен да сюжети окуяга бай. С. элдик идеалды алып жүргөн башкы оң  каармандар гана эмес, алардын негизги душмандары    терс каармандарга,  ал түгүл экинчи пландагы кейипкерлердин да ар биринин сырткы портретине, сын-сыпатына, кулк-мүнөзүнө кеңири токтолуу менен ар биринин  өзүнө  гана тиешелүү  өзгөчөлүктөрүн ачат. Ал каармандарды толук сүрөттөө  максатында минген атына, кийген кийимине, урунган курал-жарагына, көп-чүлүк учурда ата-теги, эли-жерине кеңири токтолот. Каармандын курал-жарагынын сырткы көрүнүшү, укмуштуу сапатына гана эмес, аны ким кантип жасаганы, каарман ага кандайча ээ болгондугу толук баяндалат. Каармандын портреттик мүнөздө-мөлөрү көпчүлүк учурда ондогон ыр саптар менен кеңири сүрөттөлсө, керек учурда анын мүнөзүндөгү негизги белгини "отко салса күл болбос, жоого түшсө күң болбос кайран энең Каныкей”    деген сыяктуу  өтө  таамай, так белгиленген афоризм түрүндөгү  өтө  кыска ыр саптары менен да берет. Каармандардын жалпы портреттик мүнөздөмөсүнөн башка да, анын ар кыл психологиялык абалыңдагы көрүнүшү (каардангандагы, кайгыргандагы, кубангандагы, корккондогу) ар дайым элестүү терең сүрөттөлөт.

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (30.11.2012)
Кароолор: 11177 | Тегдер: Каралаев, манасчылар, Саякбай | Рейтинг: 1.8/5

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑