САРТБАЙ БӨЛӨКБАЙ УУЛУ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

САРТБАЙ БӨЛӨКБАЙ УУЛУ

САРТБАЙ  Бөлөкбай уулу (1839    Талас  өрөөнү, 1919)    акын. Сартбай  өз доорунун күчтүү  акындарынын бири болсо да, изилдөө  алкагына  өтө  кеч кирген. Теги    кедей, чоң  уруусу    жушчу, уругу   кенчим, анын ичинен тагаймат  – жетигенден. Токтогул баштаган көп акын, комузчулардын устаты болуптур. Ал акын гана эмес, ар багыттагы  көркөм өнөрдүн ээси болгон: ырчы, обончу, күүчү, комузчу, кыл кыякта да чебер ойногон. Токтогул акындык  өнөрдүн көп жактарын Сартбайдан  үйрөнгөн: Устаты да "Көзүм  өткөндөн кийин ордумду Токтогул ээлейт”    деп,  өнөрлөшүнүн талантын жогору баалаган. Акындын жомок айтуудагы чеберчилиги аңыз сөзгө  айланган. Репертуары бай болуп, "Саринжи Бөкөй”, "Олжобай менен  Кишимжан”, "Кожожаш”, "Жаныш, Байыш” эпосторун, "Ак Мөөр” поэмасын аткарган. Аларды ырдап жаткан учурда реалдуу адам экендигин унутуп, көркөм дүйнөнүн сыйкырдуу бакчасына аралашып, тыңшоочуларды таң калтырган. Муну маалымдоочулар бир ооздон бекемдешкен. 

Ожок аттуу уулу, бир тууганы Конокбайдын баласы Сулайман да акын чыгып, ал айтып жүргөн ири чыгармаларды, анын ичинен "Саринжи Бөкөйдү” да аткарып, ал Сулайман ырчынын айтуусунда бизге жеткен. "Кожожаш” ушул аймакта жашаган айтуучулар аркылуу колго тийген. Тилекке каршы ал жөнүндө маалымат азыноолак гана. Канча жашынан ырдаганы, кандай чөйрөдө ырчылык өнөрканасы калыптанганы жөнүндө  кабар жок. Бирок, жаш кезинде  өтө шайыр, той-тамашаларда жүрүп, сүйүү ырларына чын ыклас коюп, ийине жеткире ырдап, алгач чыг-лыгынын ушул жагы менен калк оозуна алынат. Ага анын жигит курагында махабаттын азабына чалынышы да кошумча болот. Акынды түндүк-түштүк өрөөнүнө кеңири маалым кылган "Күңөтай” деген чыгармасы анын жалындуу жаштык курагынын күбөсү. Чыгарма бир мезгилде эле түзүлө койгон көрүнбөйт. Акын аны өмүр бою ырдап, улам толуктап, арзыганынан айрылган арман-муңун, сагыныч-кусалыгын чагылдырып, аймагын кеңейтип,  өркүндөтүп жүргөн  өңдүү. Ырдын варианттуулукка  өтүшүнүн бирден бир себеби – ушул. Чыгарманын жаралышына акындын өз башынан өткөн окуя себепчи болот. Ал Күңөтай аттуу кызга  үйлөнмөк болуп, каражат издеп, Анжиянга кетип кайра келсе, кызды атасы башка бирөөгө  бермек болуп,  тою түшүп жатканынын үстүнөн чыгат. Ошондо күнү-түнү үнүн баспай, той үстүндө Күңөтайды кошуп ырдайт. Сартбай ырында өзүнүн жардылыгын, оокат издеп, Анжиян, Көйкапты кыдырып, жер кезгендигин ортого салат. Ырдын мазмунуна караганда, кыз-жигиттин аталары бир кезде баталашып да коюшат. Бирок, Сартбайдын атасынын  өлүмү менен кыздын атасы "Кудайдан коркпой батасын жыят”. Кыскасы, чыныгы окуянын негизинде текст жана  обон жаралат. Арман-муңга, ыза, нааразылыкка, күйүткө толгон  ырдын текстине муңдуу обон шайкеш келет. Сартбайдын аткаруу чеберчилиги, үнүнүн бийик, мукамдуулугу чыгарманын андан бетер ажарын ачат. Ыр өзүнүн формасы жагынан элдик ырга жакын. Бирок, бардык аталышта Сартбай ырчыга таандык стилдик курулмалар, туруктуу ыр түрмөктөрү, акындык почерки сакталган. Чыгарма бүтүн-дөй Кыргызстандын аймагына кеңири тарап кеткен. Ага себеп ыр Сартбай сыяктуу коомдогу соц. материалдык жагынан коргоого алынбаган жаштардын турмушун даана чагылдырат. Анткени, өткөн заманда калың төлөй албай арзыганынан ажырап, арман, күйүтүн, ызасын көөдөнүнө батырып, жаны кейиген жаш уландар басымдуулукту түзгөн. Ошондуктан, алар Сартбайдын бактысыздыгын  өз тагдыры катарында кабыл алышкан. Ыр ооздон    оозго  өтүп, алымча-кошумчаланып, оозеки чыг-лыктын жанрдык белгилерин өз боюна сиңирип, массалык мүнөз алган. Бирок, ал кайсы аймактан, кимден катталбасын, ырчыга таандык почерк сакталып калган. Сартбай ушул ыры менен улуттун профессионалдык музыкасына да  өз

салымын кошкон. Башка обондору, күүлөрү жөнүндө даректүү маалымат жок. Ал Байгабыл жана  казак акыны Акматбек кызы  Мыскал менен айтышып, жеңип кетет. Анын Байгабыл ырчы менен беттешүүсү  1858-ж. акындын 19 жашында Чүй жергесинде Осоек бийдин  өргөөсүндө  өтө  курч мүнөздө  өтөт. Жаш болсо да акын катарында элге таанылып, бий тарабынан атайылып чакыртылып келген Сартбай: 

 

Маңдайдан аккан сел белем, 

Байкап сүйлө Байгабыл. 

Осокеңдей бийиңди, 

Башын жеген мен белем – деп, ырчысына кошо бийинин да таздыгына тие өтүп, шылдыңга калтырат. Сартбай Мыскал менен айтышында казакча эркин ырдап, ырчы кыздын бир топ татаал айтылган табышмагынын жандырмагын жандырып кетет.

Экөөнүн беттешүүсү  Олуя-Атанын Кең-Чүй деген жеринде бир тойдо  өтөт. Чыгармачылык багыты ар кырдуу лирик жана  жомокчу акын Сартбайдын кыргыз маданиятына өз алдынча кошкон салымы бар.

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (30.11.2012)
Кароолор: 857 | Тегдер: Бөлөкбай уулу, Сартбай | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑