САУЛ МАТВЕЕВИЧ АБРАМЗОН - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

САУЛ МАТВЕЕВИЧ АБРАМЗОН

Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган. Анын жетекчилери көрүнүктүү этнограф, түркологдор А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон. Саул Матвеевич студенттик жылдары өз демилгеси менен эки жолу этнографиялык саякатка барган. 1924-жылы Ярославль губерниясынын Пошехоно-Володарский уездинде, 1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Каракол округунда этнографиялык экспедицияда болгон. Ал эми 1926-жылы Кыргыз Илимий Комиссиясынын чакыруусу менен Кыргызстанга иштөөгө келген. Ушул мезгилден тартып, Саул Матвеевичтин илимий жана педагогикалык иши Кыргызстан менен байланышкан. Ал эмгек жолун облустук музейдин илимий кызматкеринен баштаган. Андан кийин адегенде Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин алдындагы Край таануу боюнча илим изилдөө институтунун директорунун орун басары, анан институттун «Адам» секциясынын жетекчиси болгон. Мындан тышкары Мамлекеттик музейдин илимий катчысы катары иштеген. Андан соң Саул Матвеевич Кыргыз Эл агартуу комиссариатынын алдындагы Чыгыш таануу институтунун директорунун милдетин аткарган, 1931 -жылы анын директорлугуна дайындалган. Бирок, ошол эле жылы турмуш шартына байланыштуу Ленинград шаарындагы Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун бөлүмүнө которулуп, анын Орто Азия, Казахстан жана Кавказ элдеринин этнография секторун өмүрүнүн аягына чейин жетектеген. Саул Матвеевичти кыргыз этнографиясын изилдөөнүн негиз салуучусу десек болот. Ал кыргыз элинин этнографиясын жана маданиятын иликтеп, көптөгөн эмгектерди жараткан. Анын олуттуу эмгектери кыргыз этнографиясынын өзөгүн түзөт. 1926—1950-жылдардын ичинде Кыргызстандын аймагына жүргүзүлгөн этнографиялык экспедициялар С. Абрамзондун ысмы менен байланыштуу. Ал көп жолу Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин) тарых жана география факультеттеринин студенттерине этнография боюнча лекцияларды окуган. Анын экспедицияларында келечектеги жаш окумуштуулар этнографиялык жана тарыхый материалдарды жыйноо ыкмаларын үйрөнүшкөн. С. Абрамзон этнография боюнча кыргыз кадрларын даярдоого көп салым кошкон. Анын окуучуларынын ичинен Т. Баялиева, А. Алымбаева, К. Мамбеталиеваны ж. б. атоого болот. С. Абрамзон тарых илимдеринин кандидаттары К. Антипина, А. Бурковский жана М. Айтбаевдерге дайыма кеңеш берип, алардын эмгектерин редакцияланган. Анын бул иштери Кыргыз Илимдер академиясынын Тарых институтунун структурасында 1966-жылы жаңы этнография секторун ачууга мүмкүнчүлүк берген. С. Абрамзон ал сектордун илимий ишине дайыма көзөмөл жүргүзүп, анын кызматкерлерине кеңешчи болгон. Ал көптөгөн монографияларды, макалаларды, рецензияларды жазып калтырган. Анын Кыргыз Илимдер академиясынын алдындагы кол жазмалар бөлүмүндө жана тарых институтунда жарыялана элек эмгектери, рецензиялары, экспедицияларда чогулткан материалдары сакталып турат. Аларды жаш тарыхчылар, этнографтар пайдаланып жарыялап жатышат. С.Абрамзондун изилдөө ишинде кыргыздардын Орто Азия, Түштүк Сибир жана Борбордук Азия элдери менен этногенездик, тарыхый-маданий байланыштары кеңири иликтенген. Алардын ичинде кыргыз элинин чарбасынын түрлөрү, урап- адаттары, диний көз караштары сыяктуу мурун аз же али изилдене элек көп маселелер бар. Бул жөнүндө академик Б. Жунусалиев «эгерде С. Абрамзондун эмгектери болбосо кыйла этнографиялык материалдар илимге белгисиз болуп калмак» деп туура жазган.

Саул Матвеевичтин изилдөө ишинде басымдуу орунду кыргыз элинин этникалык тарыхы ээлейт. Бул проблема маалыматтардын аздыгына байланыштуу жана «кыргыз» этноними тарыхый булактарда Минуса ойдуңунда жана Тянь-Шань аймагында кездешкендиктен окумуштуулардын ичинде бир нече ой-пикирлерди пайда кылды- Ушуга байланыштуу 1953—1955-жылдары Кыргызстандын аймагына атайын археологиялык-этнографиялык экспедициялар уюштурулган. С. Абрамзон анын кура- мындагы этнографиялык отрядды жетектеп, кыргыз элинин калыптанышы жана анын этникалык структурасы жөнүндө баалуу материалдарды чогулткан. Бул татаал жана талаш маселе боюнча анын пикири «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» аттуу олуттуу эмгегинде жыйынтыкталган. Саул Матвеевичтин концепциясы боюнча кыргыз эли үч топ уруудан түзүлгөн: биринчиси — эзелтен бери жашаган жергиликтүү түрк уруулары болгон, алардын бир бөлүгүнүн түпкү теги түрк каганаттарынын, карлүк, уйгур, кыргыз жана караханидер мамлекеттеринин доорунда жашаган уруулар менен байланыштуу болушу ыктымал. Экинчи топко теги Түштүк Сибирь жана Борбордук Азия менен байланышкан, Борбордук жана Батыш Тянь-Шанга, Памир-Алайга түндүк-чыгыш жана чыгыш тараптан көчүп келген түрк уруулары кирген. Үчүнчү топту монгол жана теги казак- ногой болгон уруулар түзгөн. Ошентип, С. Абрамзондун пикири боюнча кыргыз эли үч уруу тобунан жаралган, алардын ичинен Алтай тоолорунан Чыгыш Түркстан — Памирге чейинки аралыкта жашаган жергиликтүү түрк уруулары басымдуулук кылган.

Бул жерде айта кете турган бир нерсе, ошол кездеги Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Т. У. Усубалиев республикалык партактивде (1973-ж.) Саул Матвеевичтин аталган олуттуу эмгегин катуу сынга алган. Анын алдында (ак үйдүн шилтемеси менен) кошоматчы тарыхчылар К. К. Орозалиев, С. И. Ильясов жана А. Г. Зималар С. Абрамзондун эмгегин кыргыз элинин түзүлүшү «партиялык» көз караш менен жазылган эмес деп айыптап, бир топ «кемчиликтерди» табышкан. Алардын пикири боюнча С. Абрамзондун эмгегиндеги, маселен, урук-урууларды иликтөө жаштарды биримдүүлүккө тарбиялабастан, алардын арасында «жиктелүүнү» күчөтөт имиш. Чындыгында этнография илиминин эң негизги максатынын бири элдердин этникалык структурасын иликтөө болуп эсептелет. Анын жыйынтыгы дегеле урук-уруулардын карама-каршылыгына алып келбейт.

Албетте, С. М. Абрамзондун бул эмгеги эч кынтыксыз дештен алыспыз. Китепке автордун 1970-жылга чейин ар кайсы мезгилдерде жарыяланган эмгектери киргизилгенин жана алар ошол кездеги партиялык идеологиянын таасири астында саясатташтырылып жазылганын эске алышыбыз керек. Алсак, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын эмгектери «реакциячыл» деп мүнөздөлгөн ж. б. Эгер автор тирүү болгондо бул өңдүү айрым маселелерди кайра оңдомок.

С. М. Абрамзондун Кыргызстандын тарых илимине кошкон салымы зор. Бирок ал көрүнүктүү илимпоздун көзү барында анын сиңирген эмгеги, тилекке каршы, калыс бааланбай, жогоруда айтылгандай, кайра сынга алынган. Так ошол учурда улуу жазуучубуз Ч. Айтматов ал кишиге 1973-жылы 10-мартта атайын кат жолдоп, анда: «...Кош болуңуз, Саул Матвеевич, Кыргыз интеллигенциясы өз кишиси жана чаалыкпас, таланттуу илимпоз катары Сизди абдан барктаарын жана жогору баалаарын эч унутпаңыз!» — деп жалпы коомчулуктун пикирин билдирген. Бул катты окуганда Саул Матвеевич төбөсү көккө жеткендей кубаныптыр. Сөз жок, Ч. Айтматовдун бул пикирине окурмандар да кошулаары шексиз.


Кошкон: Элиза Сталбекова 
КУУ, Тарых жана чөлкөм таануу факультети


Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (16.05.2013)
Кароолор: 1781 | Тегдер: инсандар, матвеевич, саул, абрамзон | Рейтинг: 5.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑